Ислам календары боюнча Рабиуль Авваль айы кирди. Мусулмандар үчүн бул ай өзгөчө мааниге ээ. Анткени бул айдын 12-күнү сүйүктүү пайгамбарыбыз ﷺ төрөлүп, дүйнө жүзүнө түбөлүк нур алып келген
.
БУЛ АЙДА КАНДАЙ МААНИЛҮҮ ОКУЯЛАР БОЛГОН?
• Пайгамбарыбыз ﷺ Меккеден Мединага көчкөн.
• Ислам тарыхындагы биринчи мечит Аль-Куба мечити салынган.
• Дал ушул айда Аль-Куба мечитинде тарыхтагы алгачкы жума намазы окулган.
• Бул айда Абу Бакр биринчи халиф болуп жарыяланган.
• Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ бул дүйнө менен кош айтышкан.
БУЛ АЙДЫ КАНТИП ӨТКӨРҮҮ КЕРЕК?
1. Көбүрөөк Куран окуңуз. Бул – Аллахка жана Анын пайгамбарына ﷺ жакындатуучу амал.
2. Пайгамбарыбыздын ﷺ өмүр баянын окуп чыгыңыз.
3. Көбүрөөк дуба кылыңыз.
4. Орозо кармаңыз. Бир же бир нече күн орозо кармоого аракет кылыңыз. Аллахтын элчиси дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү орозо туткан.
5. Пайгамбарыбызга ﷺ салават айтыңыз.
6. Аллахтын элчисинин ﷺ сүннөттөрүн тирилтиңиз. Бул жашооңузду жеңилдетет.
Бул айда кылган амалдарыбыз аркылуу күнөөлөрүбүз кечирилип, сүйүктүү пайгамбарыбыздын шапаатына ээ болуп калышыбыз ыктымал. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы.