Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Намазды көңүл коюп окуу үчүн 5 кеңеш

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 19 сентябрь 2023

Мусулманга беш убак намаз парз кылынган. Намаз – диндин тиреги, Аллах менен ортомчусуз байланыштыруучу жана ыйманыбызды бекемдеп, Жараткандын чексиз сүйүүсүнө жеткирүүчү курал. Намаз ибадаттардын эң улуусу экендигин жана кыяматта пенде алгач намазынан сурала тургандыгын ар бир мусулман билет.

%article_title%

Бирок намазды карыздан кутулуу үчүн гана окуп, ибадаттын эч бир ыракатын сезе албай калгандыгыбызды байкайбыз. Кайдигерлик менен эптеп-септеп окулган намаздын кабыл болушу күмөн. Бул тууралуу Аллах Таала Куранда минтип айтат: “Намазды начар окугандарга азап болсун! Анткени алар намаздарын унутуп коюшкан жана эл көрсүндүк үчүн окушат” (Куран, 107:4-5).

Мына ошондуктан намазды туура жана хушу-хузу менен окуу өтө маанилүү. Алдыда намазды көнүл буруп окуу менен ыймандын чыныгы даамын татып, улуу такыбаалардын даражасына жетүүнү каалагандар үчүн кеңештерди сунуштайбыз.

1. НАМАЗ ОКУУГА АТАЙЫН ДАЯРДАНЫҢЫЗ

Намаз убактысы киргенге чейин жакшылап даарат алып, таза кийимдерди кийип, Аллах менен жолугууга даярданыңыз. Таза жана эч ким жолтоо болбогон тынч жерде ибадат кылууга аракет кылыңыз.

2. АР БИР НАМАЗДЫ АКЫРКЫ НАМАЗДАЙ ОКУҢУЗ

Өлүмдү эстеңиз. Качандыр бир убакта дүйнөдөгү акыркы аялдамабыз кабыр болот. Бул намаз, балким, акыркы окулган намазыбыздыр. Өкүнбөй, Аллахтын алдына жарык жүз менен баруу үчүн намазды жакшы хушу-хузу менен окуш керек.

3. НАМАЗДЫН КЫРГЫЗЧА МААНИСИН ҮЙРӨНҮҢҮЗ

Намазда окулган сүрөө жана дубалардын кыргызча маанисин окуп, түшүнүп алыңыз. Бул аракет ибадат кылууда көнүлүңүздү толук Аллахка бурганга жардам берет.

4. ДҮНҮЙӨНҮ УНУТА ТУРУҢУЗ

Шайтан мусулманды Аллах менен байланыштырбоо үчүн болгон айла-амалдарды кылат. Алардын бири – намаз окуп жаткан адамга түрдүү ойлорду салуу. Жалган дүйнөдөгү бир дагы нерсе ибадат кылып жатканда сизди алаксытпагыдай болуш керек. Намазды баштаарда, бүткүл көйгөлөрүңүздү Аллахка тапшырыңыз.

5. КУРАНДЫ ШАШПАЙ ОКУҢУЗ

Намазда окулчу Куран сүрөөлөрүн окуп жатканда шашпаңыз. Ар бир аят бүткөн соң токтоп, маанисине көңүл буруңуз. Пайгамбарыбыздын ﷺ жубайы Умм Саляма (р.а) Аллахтын элчиси намазда “Фатиха” сүрөосүнүн ар бир аятынан кийин тыным жасап, окугандыгын айткан.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
28 апрель 2024г.
Багымдат
4:12
Күндүн чыгуу
6:01
Бешим
12:59
Аср
17:54
Шам
20:03
Куптан
21:18