Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Үч талак кайсы учурда кабыл алынбайт?

Автору: Кадыр Маликов / Жарыяланды: 21 август 2016

Кыргызстандагы белгилүү дин аалымы, коомдук ишмер Кадыр Маликов, өзүнө берилген айрым суроолорго, социалдык баракчасы аркылуу жооп берген.

Исламда ажыражуу эң эле жеңилби? Маселен, үч жолу “Талак” сөзүн айтып коюу жетиштүүбү, же ажыраша тургандыгын телефондон смс билдирүү жазып койсо да кабыл алынабы?

- Чындыгында шариятын негизги максаты- үй- бүлөнүн бүтүндүгүн сактап калуу болуп эсептелинет. “Талак” арабча котормосунда ажырашуу дегенди түшүндүрөт. Мында көптөгөн шарттар менен тоскоолдуктар камтылган. Ооба, эгерде жолдошу аялы менен ажырашкысы келсе, анда, ал үч жолу “талак” бердим деп айтат. Бирок, ислам укуктары күчтүү өлкөлөрдө юридикалык катаал эрежелер бар. Маселен, жолдошу ачуу үстүндө, ойлонбой туруп талак айтса, анда мындай талак эсепке алынбайт. Кээ бир учурларда, эркектер никеге өтө жеңил ойлуулук мамиле жасашат жана Кудайдын сөзү (талак- Кудайдын сөзү болуп эсептелинет) менен “ойноп” алышат. Мындай шартта алар жоопко тартылуу иретинде ажырашышат. Эгерде ал кайрадан ойлонуп, жубайы менен жарашкысы келсе, оңойчулукка турбайт. Себеби, шарият боюнча ажырашкан аялы башка бирөөгө никеге туруп, андан талак алган соң гана жараша алышы мүмкүн. Ажырашкан айымдар төрт ай боюу мурунку жолдошунун үйүндө жашоого укуктуу. Анткени бул учурда анын кош бойлуулугу текшерилет. Эгерде ал кош бойлуу болсо, анда атасы аны өзүнө мураскер катары каттатып алуусу абзел жана аялын дагы толугу менен камсыз кылууга милдеттендирилет.

Кыргызстандан айырмаланып, башка мусулман мамлекеттеринде талакты үч жолу катары менен айтуу кабыл алынбайт. Ар бир талакты айтууда кандайдыр бир убакыт өтүш керек. Маселен, жок дегенде бир дуба окуу убактысы өтүшү керек. Мында, эркекке да ойлонууга убакыт берилет. Анткени биринчи талакты айткандан кийин жолдошу ажырашпайм деп чечсе, демек, талак ачуу үстүндө, ойлонбой берилген деп эсептелет да, кабыл алынбайт. Ал эми аялы ажырашууну кааласа, мында башка шарттар каралган. Ажырашкысы келген айым шарият боюнча мамлекеттик сотко (казыга) кайрылат. Шарият боюнча сот аны коргоого кепилдик алып,укуктарын коргоп, ортомчулук кызматын аткарат.

CHABARMAN.KG



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
27 октябрь 2021г.
Багымдат
5:55
Күндүн чыгуу
7:30
Бешим
12:45
Аср
16:19
Шам
18:05
Куптан
19:37
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов