Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Курман айт – бардык мусулмандардын берекелүү майрамы!

Автору: Сезим Токтобек кызы / Жарыяланды: 10 сентябрь 2016

Кѳкүрѳк толо кубанычтын, кѳңүл кубанткан белектердин, жайыл дасторкондо жадырап-жайнап конокторду тосуунун мезгили жакындап калды. Анын негизги себеби, баарыбыз кѳптѳн күткѳн, сүйүктүү майрамдарыбыздын бири - Курман айт. Бул Жараткандын ыраазычылыгы үчүн курмандык чалган, Орозо айттан кийинки мусулмандардын негизги майрамы. Ал Зуль-Хиджа (мусулман календары боюнча) айынын онунчу күнүнѳн он үчүнчү күнүнѳ чейин белгиленет. Курман айтты – ислам ыйыктарына зыярат кылган, ажылык кылуу менен жыйынтыкталат.

Курман айт майрамынын тарыхы, Аллах Ибрахим пайгамбардын (инжилде Авраам) (ага тынчтык болсун!) ишенимин сыноо максатында кылган чечими менен түздѳн-түз байланышта. Кудуреттүү Аллах анын түшүнѳ кирип, жалгыз уулу Ысмайылды (ага тынчтык болсун!) курмандыкка чалууну буюрат. Бирок Кечиримдүү жана Ырайымдуу Аллах анын бычагын мокок кылып, мууздай албай коёт. Ошол учурда Жебрейил периште (ага тынчтык болсун!) Ибрахим пайгамбарга козуну асмандан түшүрѳт. Ошол окуядан кийин, Ибрахим пайгамбар (ага тынчтык болсун!) Халил (Аллахтын досу) деген ысымга ээ болот.

Мусулмандар Курман айтты майрамдоо менен бирге, ѳз дининин башатына кайрылып, анын ырым-жырымдарын аткаруу, Ибрахимдин (ага тынчтык болсун!) жалгыз Аллахка болгон терең ишеними менен байланыштырат.

Кийинки кылымдарга адамзат үчүн Жараткандын ѳкүмү берилген: кимде-кимдин ишеними Ибрахимдин (Авраам) ишениминдей болсо, анда анын күнѳѳлѳрү Жаратуучу тарабынан кечирилет, аны жакшы иштерди жасоо жана Жалгыз Кудайдын талаптарын аткаруу менен бекемдѳѳ керек. Майрамдын мааниси, адам канын тѳгүүгѳ укук берилбегендигинде. Ал бүгүнкү күндѳ ѳтѳ актуалдуу. Анткени, исламды ырайымсыз жана кан тѳгүүгѳ умтулган дин катары күнѳѳлѳѳгѳ аракет кылып келишет.

Курман айт – бул адамзат тарыхындагы гумандуулуктун жана монотеизмдин (бир гана кудайга сыйынуучулук) улуу майрамы. Жараткандын адам баласына калтырган түбѳлүктүү осуяты жѳнүндѳ унутпаш үчүн, бул күнү жандык малды курмандыкка чалуу керек. Анткени, Ибрахим (ага тынчтык болсун!) Кудайдан ал жѳнүндѳ чыныгы илим алып, Аллах тартуулаган козуну курмандыкка чалган. Бул кандайдыр-бир сыйкырдуу үрп-адат эмес. Аллах эч нерсеге муктаж эмес. Болгону, күнѳѳнүн кесепеттери жана ишенимдин сакталышы жѳнүндѳгү эскертүү.

Куранда айтылат:
«Курмандыгыңардын эттери жана кандары эч качан Аллахка жетпейт. Бирок, силердин такыбалыгыңар гана (Аллахка) жетет…..»
(«Хаж» сүрѳѳсү, 37-аят).

Курман айт майрамынын түпкү тамыры байыркы авраамизмге барып такалып, ислам менен тыгыз байланышта болгондуктан, адамдарга болгон ырайымдуулуктун, мээримдүүлүктүн жана сүйүүнүн идеалдарын ѳзүнѳ айкалыштырып турат. Мусулмандар бул майрамды, ѳзгѳчѳ жан дүйнѳ маңызына толуп, ар бир дин тутуучунун адеп-ахлактык тазалыгын жана ишенимин сактоого жол ачкандыгы үчүн жакшы кѳрүшѳт. Эсибизден чыгарбайлы, Аллах момундарды кубантат.

Ошондуктан, Аллах Куранда эскертет:
«….жакшылыкта, такыбалыкта бири-бириңерге кѳмѳктѳшкүлѳ. Ал эми жамандыкта жана душмандыкта кѳмѳктѳшпѳгүлѳ!.....»
(«Мааида» сүрѳѳсү, 2-аят).

Имам Абу Ханифанын мазхабы (багыт алуу, аныкталган жол менен кетүү) боюнча, Курман айттын намазы, Рамазан айындагы орозонун бүтүшү менен окулган, орозо намазындай эле милдетүү (важиб) болуп эсептелет. Курман айт күн чыккандан тарта майрамдалат. Мусулмандар айт намазга бараардын алдында, толук жуунуп (гусул), эң мыкты майрамдык кийимдерин кийишет.

Тѳмѳнкүлѳр сунушталат (сүннѳт): жыпар жыттуу атырларды колдонуу; майрамдык намазга такбир (аллаху акбар, аллаху акбар, ля иляха илля ллаху, аллаху акбар, аллаху акбар, ва лиллахиль хамд) айтып баруу; муктаждарга кѳбүрѳѳк садака берүү; эгерде адам курмандык чалганы жатса, союлган малдын этин жемейинче, тамак ичпей турганы оң.

Майрамдык намаз аяктагандан кийин, дин тутуучулар үйүнѳ кайтышат.

Курмандык чалууга мүмкүнчүлүгү бар мусулмандар, мал соёт.

Бул күнү ар бир мусулмандын үйүндѳ майрамдык дасторкон жайылып, тууган-туушкандарды, коңшу-колоңдорду конокко чакырып, Куран окуп, Аллахка дуба кылып, Жаратканды улуктоо зарыл. Курман айтта, жакын достор жана туугандар бири-бирине белек тартууласа болот.

Исламдагы майрамдар – мусулмандардын биримдигин, ортодогу байланыштарын жана бири-бирине кѳмѳкчү болушун чыңдайт. Баарыбыз айт намазга чогулуп, Жараткандан ырайым кылуусун, кылган күнѳѳлѳрүбүздү кечиришин сурап, ибадат кылабыз.

Сиздерге Аллахтын ырайымы жана Анын жыргалчылыгы болсун!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 октябрь 2021г.
Багымдат
5:55
Күндүн чыгуу
7:30
Бешим
12:45
Аср
16:19
Шам
18:05
Куптан
19:37