Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ислам адеби: эркек менен аял кол берип саламдашпайт

Автору: Умма / Сүрѳттѳр: Умма / Жарыяланды: 2 декабрь 2016

Саламдашуу - күнүмдүк жашоодо өтө көп учурачу иш-аракеттердин бири. Саламдашуу тартиби - ар бир элдин маданияты жана салтына жараша түрдүү өзгөчөлүктөргө ээ. Бүгүнкү күндө коомубузда жөн гана баш ийкеп саламдашуудан тарта, кол алышып, кучакташып, өбүшүп учурашкан саламдашуунун бир нече түрлөрүн байкасак болот.

Ал эми ислам саламдашууга кандай маани берет?

Исламда саламдашуунун орду жана мааниси абдан чоң. Аллах Таала Адам алейхи саламды жараткадан кийин, ага: "Тигил жакта отурган периштелерге барып салам бер да, кайра алар сага кандай жооп кайтарышарын кунт коюп ук. Анткени кийин сенин урпактарың саламдашуунун бул калыбын колдонот",- деген. Ошондо Адам алейхи салам периштелерге: "Ассаламу алейкум" деп салам бергенде, периштелер ага: "Ва алейкум ассалам варахматуллахи" деп жооп кайтарышкан. "Ассаламу алейкум" кыргыз тилинде "Сизге тынчтык болсун" деген маанини билдирсе, "Ассаламу алейкум варахматуллахи вабаракатуху" деген толук түрү "Сизге Аллах Тааланын тынчтыгы, мээрими жана берекеси болсун деген маанини камтыйт.

Аллах Таала Өзү Куранда 10дон ашык жерде пенделерине салам менен кайрылат. Куранга ылайык, эгер мусулманга салам берилсе, ал ошол саламдын өзүндөй, же андан да жакшы таризде жооп кайтаруусу абзел. Аллах бардык нерсени эсепке алуучу!

«Ассаламу алейкум» деген саламга, «Ваалейкум ассалам варахматуллахи» деп жооп берилиши керек. Ал эми «Ассаламу алейкум варахматуллахи» деген саламга андан да жакшыраак: «Ва алейкум ассалам варахматуллахи вабаракатуху» деп жооп кайтарылышы зарыл. Бири-бирине салам берүү периштелердин сыпаттарынан экенин да унутпоо керек.

Исламда аял менен эркек кантип учурашат?

Кол берип саламдашууда эске ала турчу өтө маанилүү жагдай бар. Ал - бири-бирине намахрам эркек менен аялдын саламдашуу тартиби. Исламда аял менен эркектин бири-бири менен кол берип саламдашуусуна жол берилбейт.

Эркек чоочун аялга кол тийгизбеши керек. Муслим жана Бухари келтирген сахих хадистерде Аишанын (Аллах андан ыраазы болсун) ислам динин кабыл алган аялдар динди кабыл алганын тастыктоо иретинде пайгамбарыбыз Мухаммедге (Алланын ага салават-саламдары болсун) ант берүүгө келгенде, пайгамбарыбыз антты сөз жүзүндө "Мен сенин антыңды кабыл алдым" деп гана кабылдаган. Адатта, пайгамбарыбыз антты кабыл алганда кол алышуу менен бекемдечү. Жогорудагы хадистен пайгамбарыбыз чоочун аялдарга эч качан кол тийгизбегендигин, саламдашмак тургай антты да сөз жүзүндө кабыл алгандыгын билдик.

Күнүмдүк турмушта жана иш учурунда мусулман аялдар жана кээ бир учурда мусулман эркектер кол алышып саламдашууда бир катар түшүнбөстүктөргө кабылышат. Бишкек шаарынын тургуну Бегимай жумушка байланыштуу айрым учурларда ыңгайсыз кырдаалдарга кабыларын айтты: "Кээде эркектер мага колун сунуп учурашканда эмне кыларымды билбей калам. Эгер алик албай койсоң тарбиясы жок, текебер деп ойлоп калышат. Мен аларга динде буга тыюу салынарын айтып түшүндүргөнгө аракет кылам", деди.

Ислам дининде гана эмес, кыргыздардын салтында да чоочун эркек менен аял бири-бирине кол тийгизип учурашчу эмес. 70 жаштагы Айна апа саламдашуу тууралуу буларды айтып берди: "Биз жаш кезде эркек менен кыздын кол берип саламдашканы өөн учурачу. Жөн гана баш ийкеп койчубуз, кээ бирлери чоочун эркектин көзүнө да тик карачу эмес",-деди.

Бүгүнкү күндө Улуу Британиянын королевасы Елизавета II менен учурашууда протокол боюнча биринчилерден болуп кол сунууга болбойт. Эгер Елизавета II өзү колун сунса, сылык гана алик алып койуу жетиштүү. Ар бир айым өз дүйнөсүндө жана үй-бүлөсүндө ханыша. Андыктан, саламдашуудагы мындай адеп Елизавета IIге гана эмес бардык айымдарга көрсөтүлсө дейбиз.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
27 октябрь 2021г.
Багымдат
5:55
Күндүн чыгуу
7:30
Бешим
12:45
Аср
16:19
Шам
18:05
Куптан
19:37
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов