Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Эмне үчүн Аллах жакшы көргөн пендесине эң оор сыноолорду жүктөйт?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 15 февраль 2017

Дин таануучу, профессор Кадыр Маликовдун салтка айланган лекциясы “Сыноолор жана ыйман” темасына арналды. Анда дин таануучу элдерде кеңири таралган стереотиптер тууралуу сөз козгоду.

%article_title%

Элдерде эгер бирөөнүн башына катары менен кайгы-капа, кырсыктар түшсө, “бул адам кудайдын каарына калды, кудай каргады” деп коюшат. Мындай пикир - туура эмес. Аллах Таала түрдүү сыноолор аркылуу адамды күнөөлөрүнөн тазалап, оң жолго салгысы келет. Ыйманынын таштай катып, бекемделишин каалайт. Биздин жаныбызды кейиткен ийненин учунчалык нерсе үчүн да Ал күнөөлөрүбүздү кечирет. Бул жашоо сыноо үчүн жаратылган. Андыктан, баарыбыз түрдүү сыноолордон өтөбүз. Ал эми эң оор сыноолор Аллахтын сүйүктүү пенделерине жүктөлөт. Бул сыноолорду кудайга наалат айтпай, сабырдуулук менен көтөргөн пендеге чексиз сооптор жазылат. Пайгамбарлардын өмүр жолуна көз салсак, эң оор сыноолор алардын башына түшкөнүн көрөбүз”, - деди Кадыр Маликов.

“Алар Аллахты адилетсиз дешет”

Эл арасында айтылган дагы бир пикир: “Уурдагандар, арам жол менен акча тапкандар, жалганчылар эч жери оорубай, жакшы турмушта жашап жүрүшөт, ал эми момун, эч кимге жамандыгы жок адамдардын башына оор кайгылар түшүп жатат? Эмне үчүн? Кудайдын адилеттүүлүгү кайда?”. Адамдар мына ушинтип кудайга наалат айтып, чоң күнөөгө батышат. Биз ыймандын башкы көрсөткүчтөрүнүн бири сабырдуулук экенин унутпашыбыз керек. Сабырдуулук, токтоолук менен кыйынчылыктарды жеңсек, Аллах Таала анын сообун сөзсүз берет. Аллах өз пендесине ал көтөрө аларлык гана кыйынчылык берип сынайт. Ошол сыноо аркылуу кудай адамдын оңолуусун, көздөрүн ачып, туура жолго түшүүсүн, ак менен караны, жакшы менен жаманды айырмалап билүүсүн каалап жаткандыр. Жараткандын адилеттүү, ырайымдуу, боорукерлигинен шек санабоо зарыл. Анын мээрими жана боорукерлиги эненин мээриминен миллион эсе өйдө турат.

“Кыйынчылыкта бакыттын жолу жаткандыр”

Кайсы бир убакта бизди капаланткан окуялар өзүбүздүн эле пайдабызга болушу мүмкүн. Бирок бул нерсени убагында түшүнүүгө кудуретибиз жетпейт. Андыктан, ар бир сыноону, биз тескерисинче, Аллахтын ырайымы, даанышмандыгы деп кабыл алганыбыз туура. Дин жолу менен жашаган адам жакшылыкты да, жамандыкты да жеңил кабыл алат. Бул өмүр утурумдук экенин билип, өлүмдөн кийин бизди түбөлүк жашоо күтүп турганына ишенет. Эгер ага чоң кубаныч келсе, берилип сүйүнбөйт, кайгы каптаса көңүлүн чөгөрбөйт, ал ар дайым бир калыпта жүргөнгө аракеттенет. Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) : “Момундун абалы таң калычтуу, себеби анын бардык абалы - ал үчүн жакшы. Эгер жакшылык келсе шүгүр кылат, ошол - ал үчүн жакшылык. Эгер жамандык келсе ага сабыр кылып, ошол ал үчүн жакшылык болот. Мындай жакшылык бир гана момун үчүн берилген” деген хадисинде жакшылыкты да, жамандыкты да көтөрө билүүбүз керектиги айтылган. Аллах Таала адамды бир гана оору, кедейчилик сыяктуу нерселер менен эмес, байлык, бийлик, ден соолук, сулуулук менен да сынайт. Адамга жыргал жашоо берип, ал бул жакшылыктарды кандай колдоноруна көз салып турат.

Кадыр Маликовдун ислам темасындагы лекцияларын ютубдагы жеке баракчасынан толугу менен көрө аласыздар.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
27 октябрь 2021г.
Багымдат
5:55
Күндүн чыгуу
7:30
Бешим
12:45
Аср
16:19
Шам
18:05
Куптан
19:37
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов