Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Абдышүкүр ажы менен Чубак ажынын Сибирдеги илимий сапары

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Насаат Медиа / Жарыяланды: 14 март 2017

Заманыбыздын аалымдары, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов жана Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов 24-26-февраль күндөрү Россия Федерациясынын Сургут, Нягань, Лукойл, Когалым, Покачи, Лангепас шаарларында илимий сапарда болушту. Сургут шаарынын борбордук мечитинде өткөн жолугушууларга 3 күн бою 2000ден кем эмес мекендештер жана башка улуттун өкүлдөрү да келишти.

%article_title%

Чубак ажы Жалиловдун жардамчысы Улан Давлеткуловдун айтымында, баяндар куптан намазынан кийин болуп, 3 саатка дейре созулган.

“Баяндардын орус тилинде да болушун сурангандар көп болду. Элди көбүнчө үй-бүлөлүк баалуулуктар, соода алакалары, жаштарды тарбиялоо, радикализм өңдүү маселелер тынчсыздандырат экен”, - деди Улан мырза.

%article_title%

Аталган жолугушуу Россия Федерациясынын Урал, Сибирь жана Ыраакы Чыгыш аймактары боюнча Кыргызстан мусулмандарынын башкармалыгынын атайын өкүлү Сүйүн ажынын чакыруусу, ошондой эле демилгечи топтор - жергиликтүү ислам диний бирикмесинин төрагасы, Нягани шаарынын башкы имамы Абдиев Иляс Мухаматкулович жана Ханты-Мансийск адмнистрациялык округунун мусулмандарынын дин башкармасынын төрагасы Саматов Тагир Габдулхакович тарабынан уюштурулган.

%article_title%

Чубак ажы менен Абдышүкүр ажы мындан мурда да Россия Федерациясынын аймагына, тактап айтсак, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Москва шаарларына барып, мекендештерибизге ислам дининин баалуулуктары, адеп-ахлакка үндөгөн насааттары менен бөлүшүшкөн. Чет жердеги мындай жолугуушууларда мечит ар дайым элге жык толот. Маселен, 2016-жылда өткөн Москвадагы жолугушууда 15 миң кишиге ылайыкталган мечитке кишилер батпай турган. Мунун өзү эле чет жактагы мекендештер туура диний маалыматтарга суусап турганын көрсөтүп турат.

Чет өлкөлөрдөгү мекендештерге арналган мындай жолугушуулар алдыда дагы да болору күтүлүүдө.

1 / 11

Тегдер: Орозо


Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
21 октябрь 2019г.
Багымдат
5:48
Күндүн чыгуу
7:23
Бешим
12:46
Аср
16:27
Шам
18:14
Куптан
19:45
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов