Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (САВ) тазалыгы жана сылыктыгы

Автору: Осман Нури Топбашынын "Азирети Мухаммед Мустафа (САВ) китебинен үзүндү / Сүрѳттѳр: Саид Ибраимов / Жарыяланды: 24 март 2017

Ислам дини мусулманга денени, кийимди, турак үйдү, айлана-чөйрөнү жана жүрөктү, жан дүйнөнү таза, пакиза тутууну буйруйт, ошондой эле баскан-турганда сыпаа, кичипейил болууга чакырат. Азирети Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) жүрөгүндө кири жок, кардай таза, абдан кичипейил инсан болгон экен, жарыктык киши!

%article_title%

Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыз бир кишинин жолго түкүргөнүн көрүп, нурдуу жүзү кубарып, ачууга буулугуп, ордунан жылбай туруп калат. Алла элчисинин абалын айттырбай түшүнгөн сахабалар жолдогу түкүрүктү кум менен жаба салгандан кийин гана пайгамбарыбыз өзүнө келип, сапарын улантат.

Азирети пайгамбарыбыз кийим-кечени тыкан, жарашыктуу, таза кийүүнү буюруп, бырышып-тырышкан немелерди кийбөөгө чакырган. Ошондой эле ар убак чачын, сакалын тарап ирээтке келтирип, жадагалса, кулагынын астыңкы жумшагына чейин өстүргөн чачын кээде хына менен боеп, анда-санда зайтундун майы менен майлап турган.

Күндөрдүн биринде Алла элчиси мечитте отурган. Аңгыча чач-сакалы өсүп, жүдөп-какаган бир адам сырттан кирип келет. Анын абалына кейиген пайгамбар (Алланын ага салам-салаваттары болсун) колу менен ишаарат кылып, чач-сакалын ирээтке келтирип алууну буйруду да, мындай дейт:

“Мына бул абал чачы саксайган жүдөңкү шайтан сыяктуу жүрүүдөн да жакшыраак”,-деп айтты.

Алла элчиси дагы бир жолу ушундай эле сакалы үпсөйүп, чачы саксайып жүргөн адамды көрүп:

“ Эмне үчүн бул адам чачын жууп, тарап албайт?” - деп санааркаганын билдирген.

Ошондой эле эл ичинен бирөөнүн кирдеп кеткен кийимин жуубай жүргөнүн көрүп:

“Бул адам кийим жууганга суу таба албай калганбы?” - деп айтуу менен мусуламандын ар дайым таза, тыкан болушу керек экендигин суроо аркылуу эске салган.

Күндөрдүн биринде пайгамбарыбызга эптеп-септеп эле кийинип алган, жүдөгөн, саксайган адам келет. Пайгамбар (Алланын ага салам-салаваттары болсун):

“Мал-мүлкүң барбы? Ал-абалың кандай?”- деп сурайт. Тиги киши баары жетиштүү экенин айтат. Ошондо Алла элчиси:

“Алла Таала сага мал-дүнүйө бергенден кийин, анын изи сенде көрүнүп, байкалып турушу керек! Муну эсиңе түйүп ал!”- деп эскертүү берет.

Куттуу хадистердин биринде мындай деп айтылат:

“Кудай Таала ыроологон нематтын пендесинин абалынан көрүнүп турушун каалайт”.

Алланын ардактуу элчиси (Алланын ага салам-салаваттары болсун) адамзат тарыхындагы эң мээримдүү, эң сыпаа, жүрөгү таза жана кеңпейил инсан болгон. Бала кезинде да эч ким менен чатакташып, урушуп-талашкан эмес экен. Бир жолу мүнөзү орой бир адам: “Эй, Мухаммад! Эй Мухаммад!” деп эң жакын теңтушуна да оор келгидей таризде катуу кыйкырат. Жарыктык пайгамбарым ошондо да жарык маанай менен “Кулагым сизде, айта коюңуз, эмне каалооңуз бар?” деп сыпаалыгынан жазган эмес.

Ошондой эле ал ашкере сыпаа жан болгондуктан, келген конокторго өзү туруп кызмат кылган.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 октябрь 2021г.
Багымдат
5:55
Күндүн чыгуу
7:30
Бешим
12:45
Аср
16:19
Шам
18:05
Куптан
19:37