Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кечээ даражасы көтөрүлгөн Ражаб айы кирип келди

Жарыяланды: 30 март 2017

Кечээ, 29-мартта ай жыл санагы боюнча 7- ай болгон Ражаб айы кирип келди. Ражаб Ыйык Куранда тыюу салынган ай катары эскерилет. Дал ушул айда ислам тарыхында бир нече маанилүү окуялар болуп өткөн.

%article_title%

Ражаб сөзүнүн өзү “ар-ружуб” деген сөздөн куралып, “даражасы көтөрүлгөн” деген маанини билдирет. Бул айдын даражасы бир нече себептерден улам жогорулатылган.

Биринчиден, Ражаб айдын өзгөчөлүгүн Аллах Таала өзү Куранда өзгөчө белгилейт. Зуль-каада, Зуль-хиджа, Мухаррам айлары менен бирлгеликте Ражаб айы тыюу салынган айлардан болуп эсептелинет.

“Чындыгында асмандар менен жерди жараткандан бери Аллахтын өзүнүн китебинде айлардын саны-12. Булардын төртөөсү - ыйык айлар: Зуль-каада, Зуль-хиджа, Мухаррам жана Ражаб. Мына ушул (ислам) - бекем дин. Ушул айларда өзүңөргө зулумдук кылбагыла...”

“Тавба”, аят 36

Экинчиден, Ражаб айы - Ыйык Рамазандын кабарчысы. Ай көрүнгөндө Алланын элчиси Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) үммөттөрүнө Рамазанга даярдык көрүүлөрүн буйруп, төмөнкү дубаны айтууга чакырган:

«Аллахумма барик ляна фи Раджаба ва Шабан ва баллигна Рамазан»

«О Аллах, Ражаб жана Шаабан айларында бизди Өзүң колдоп, Рамазанга аман-эсен жеткире көр”

(Шу'абильИмаан и ИбнусСунни)

Рамазан менен Ражаб айынын ортосун бир гана ай бөлүп турат. Андыктан, мусулмандар моралдык, рухий жана денелик жактан Ыйык Рамазан айына азыртадан кам көрүп башташы керек. Бул айда жакшы иштерди көбүрөөк жасап, нафил орозо кармоо жана ар кандай тыюу салынган иштерден оолак болгон жакшы.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 октябрь 2021г.
Багымдат
5:55
Күндүн чыгуу
7:30
Бешим
12:45
Аср
16:19
Шам
18:05
Куптан
19:37