Биригүү. Агартуу. Жаратуу.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)
Намаз убактылары
23 август 2017г.
Багымдат
04:23
Күндүн чыгуу
06:11
Бешим
13:04
Аср
17:23
Шам
19:23
Куптан
21:17
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов


Исламда сүрөт тартууга болобу?
Автору: Кадыр Маликовдун "Ислам дини боюнча кыскача окуу куралы" китебинен үзүндү / Жарыяланды: 21 апрель 2017

"Исламда сүрөт тартууга болобу?" деген суроо көп берилип келет. Төмөндө дин таануучу, профессор Кадыр ажы Маликовдун "Ислам дини боюнча кыскача окуу куралы" китебинен толук жообун ала аласыздар.

%article_title%

Ар бир нерсенин өз максаты болгондой, Исламда адамдардын жана жаныбарлардын сүрөтүн тартууга тыюу салуунун да өз максаты бар? Мен ал максатты: көп кудайга сыйынбоо үчүн деп айтар элем. Исламдын негиздеринин бири - кыйшаюсуз монотеизм, Кудайдан башка кимдир-бирөөгө же бир нерсеге сыйынууга тыюу салынат. Ислам пайда болгон кезде башка ишенимдерде - бутпарастыкта, зороастризмде, кайсы бир деңгээлде буддизмде ж.б.у.с.- сүрөттөргө, статуяларга, нерселерге сыйынышкан. Жаңы пайда болгон Ислам сүрөт тартууга тыюу салып, мусулмандарды көп кудайга сыйынуудан сактап калган. Тагыраак айтканда, нерселерди же кишилерди Кудай катары көрүп, аларга сыйынууга тыюу салган жолдорду жапкан десек болот.

Ал эми бүгүн Ислам адамдардын жана жаныбарлардын сүрөттөрүнө кандай мамиле кылат?

Буга байланыштуу көптөгөн ар түрдүү пикирлер бар. Узак талаш-тартыштардан кийин 2 көз караш келип чыккан. 1-көз караштын жактоочулары Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттар болсун) хадистерине кайрылышат, анда:

“Сурак күнү Кудай сүрөттөрдү тарткан сүрөтчүдөн ал сүрөттөргө жан салуусун талап кылат. Албетте, бир да адам жан сала албайт”.

Бул хадис азыркыга чейин чечмелене элек.

Балким аны: эгер адамдардын, же жаныбарлардын элесин тарткан , же жасаган сүрөткер Жараткан менен жарышкысы келип, өзүн Анын ордуна коюп жатат, анда ал мунусун иш жүзүндө далилдөөгө аракет кылып көрсүн деп түшүнүүгө мүмкүн болсо керек.

Бир кыйла либералдуу болгон 2-көз караштын жактоочулары исламдын жазуусуна гана эмес, рухуна да таянышат. Алар тыюу салуунун логикасына негизденип, себептеринен жооп издешет. Ал аалымдар баарынан мурда бул элестер КАНДАЙ МАКСАТТА, КАНДАЙ НИЕТТЕ түзүлгөнүн караш керек деп эсептешет. Эгер сыйынуу үчүн болсо, анда, албетте, аларга тыюу салуу керек. Лениндин, Сталиндин, башка ар кандай көсөмдүн культтун предмети катары тартылган бейнеси, албетте, шариятка каршы келет. Өзүн мусулман өлкөсү деп эсептеген Иракта Саддам Хусейндин көзү тирүүсүндө эле аны кулатканга чейин турган эстеликтери – чындыгында, Ислам менен эч кандай жалпылыкка ээ эмес болчу. Исламда инсан культу таптакыр тыюу салынган. Эгер кеңири алсак, ар кандай идолдорго жана кумирлерге тыюу салынган. Ал эми андай сапатта сүрөттөр гана болушу мүмкүн эмес. Пайданы, оңой акча табууну гана көздөө, доллар да идол болушу мүмкүн... Ошондуктан, Ислам идолду баарына мурда өзүнөн издеп, алар менен күрөшүүгө үйрөтөт.

Адамдын тагдыры жылдыздарга, кара мышыктарга, акчага же башкага көз каранды эмес, Кудайга гана көз каранды

%article_title%

Ислам Кудайдан башка эч нерсенин жана эч кимдин ыйыктыгын тааныбайт. Адамдын тагдыры жылдыздарга, кара мышыктарга, акчага же башкага көз каранды эмес, Кудайга гана көз каранды. Исламда эркиндикти ушундай түшүнүүгө болот, бир Кудайга ишенүүнүн мааниси ушунда. Ал тургай, жылдыз менен жарым ай, же кааба, Меккедеги кара таш – бар болгону символдор болуп саналат: эгер мусулман аларга Кудайга сыйынгандай сыйына баштаса, шариятты бузган болот. Кээ бир мусулмандар тумар тагынып жүрүшөт – Исламда бул да айыпталат. Нерселер магиялык күчкө ээ боло алышпайт. Ислам аалымдарынын “уруксат берилеби, же тыюу салынабы?” деген маселе боюнча 2-көз карашы бүгүн басымдуулук кылат. Сүрөт элестер толук түрдө тыюу салынган бир да мусулман мамлекети жок. Сүрөттөргө, скульптураларга Афганистанды талибдер башкарып жатканда гана тыюу салынган, бирок ал тургай алар да айрыкча документтердеги фотосүрөттөгө уруксат берүүгө мажбур болушкан. 21-кылымда сүрөттөргө тыюу салуу - жөн гана аңкоолук.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү