Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ислам саясаты деген эмне? Кадыр ажы Маликов жооп берет

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 26 апрель 2017

Диний аалым, профессор Кадыр ажы Маликов Бишкектеги мейманканалардын биринде ар жума сайын Ислам тууралуу баяндарды уюштуруп, анда мусулман коомчулугун ойлондурган маселелердин үстүндө талкуу жүргүзүлөт. Ошондой баяндардын бири “Ислам жана саясат” деген темага арналды.

%article_title%

Коомдо ислам жана саясат темасына байланышкан түрдүү стереотиптүү ой-пикирлер айтылып келет.

Алардын эң алдында “Мусулман саясатка аралашпашы керек. Саясат бул- ыпылас иш, анда коррупция, бирин-бири алдоо өңдүү иш-аракеттер бар, демек буга аралашкан – арам” деген сөздөрдү сиз да угуп калсаңыз керек. Өз кезегинде саясат илимдеринин доктору Кадыр ажы Маликов бул түшүнүктүү четке кагып, төмөндөгүлөрдү айтты:

Саясат арам ишпи?

“Ислам менен саясатты эки башка түшүнүк, бири-бирине тиешеси жок" деген адамдар көп. Алар Исламдын өзү саясат экендигин билишпейт. Эгерде кайсы бир мусулман саясат тууралуу сүйлөп койсо, аны исламист, халифат орноткусу келген адамдай көрүшөт. Мунун баары-стереотиптер. Саясат Ак үйдүн 7-кабатынан эмес, жөнөкөй адамдардын ичинен башталат. Исламда адамга өз напсиси менен күрөшүү буйрулган. Өзүн оңдоп өнүктүргөн адам айлана-чөйрөсүндөгу адамдарды да ошондой болууга үндөп, коомдо адилеттүүлүк, тең укуктуулуктун болушу үчүн күрөшөт. Ошондуктан, мусулман адам саясатты инструмент катары колдонуп, коомдун оңолушуна салымын кошууну көздөйт.

Мусулман болобу, же башка ишенимдин өкүлү болобу, баарыбыз тең бул өлкөнүн жараны болгондон кийин саясий, социалдык, экономикалык процесстерге кааласак да, каалабасак да аралашабыз. Мисалы, шайлоо процесстерине катышабыз, мамлекеттик жумуштарда иштейбиз жана башка ушул сыяктуу иш-аракеттер. “Саясат арам” деп мусулмандар өзүнчө бөлүнүп алган болбойт. Ар бир мусулман күчү жетишинче өлкөсүнүн жакшы жакка өнүгүүсүнө салым кошушу милдет. Эгер ал саясатты тандаса, анда бийликке келүү аркылуу коомду жакшы нуука бурууну самайт. Бийликке келген соң ал мусулмандардын гана кызыкчылыгын эмес, аны ишенип тандаган жалпы коомдун кызыкчылыгы үчүн, а эң башкысы Алланын ыраазычылыгы үчүн иштейт. Демек, мусулман адамга бийлик бул анын максаты эмес, Алланын ыраазычылыгын табуу үчүн колдонулган инструмент деп түшүнсөк болот. Анткени бийликтеги адам коомго көбүрөөк таасир эте алат. Исламдын саясатын мечитте намаз окуу деп гана түшүнүүгө болбойт, ага коомдук мамилелер, үй-бүлөлүк карым-катыштар, керек болсо базардагы соодалашуу да кирет. Ислам саясатынын башкы максаты бул адилеттүүлүк, чынчылдык, тең укуктуулук, жалпысынан коомду жакшы нукка буруу.

"Башчылар кийин Аллахтын алдында миллиондогон тагдырлар үчүн жооп берет"

Ошол эле учурда жогорку кызматта отурган адамдын өз ордуна жараша өтө чоң жоопкечилиги болот. Кыямат күнү ал адам Жараткандын алдында жалпы эли, запкы тарткан, адилетсиздикке туш болгон ар бир жаран, миллиондогон тагдырлар үчүн жооп берет. Бекеринен, “Силер бийликке умтуласыңар, кийин кайра өкүнөсүңөр” деген хадис айтылган эмес.

Биз билген Түркия, Бириккен араб эмираты, Ирак, Иорданияны ислам өлкөлөрү деп ойлойсуңарбы? Жок, булардын баары светтик өлкөлөр. Анда саясат арам болсо, дүйнө жүзүндө 1,6 миллиарддан ашык мусулман каапыр болуп калабы? Биз 70 жыл атеисттик доордо жашап, учурда исламга кайтуу процесси жүрүп жатат. Мусулмандардын шариат менен жашоого толук мүмкүнчүлүгү бар. Анткени эл деген калат, ал эми бийлик, саясий система өзгөрүп турат. Мусулмандар саясатты арам деп четте карап тура бербей, тескерисинче коомдук турмушта өз активдүүлүгүн, элге мыкты үлгү көрсөткөндөрдөн болушу керек. Өз ишинде жогорку деңгээлдеги професссионал болуп, жумушунун майын чыгара иштеши зарыл.

Ислам саясаты

“Исламисттер” Кыргызстанды ислам өлкөсүнө айландыргылары келип жатышат" деген да сөздөрдү кулагыңар чалса керек. Мен азыр бул нерсенин мүмкүн эместигин айткым келет. Кыргызстан калкы бул нерсени каалаган учурда да андай болбойт. Анткени буга адамдык ресурс жок. Формалдуу түрдө Кыргызстандын 90%ы мусулмандар болгону менен алардын канчасы намаз окуйт, ислам финансысы, шариаттык сот боюнча канча адис бар, дегеле бизде мусулман элитасы кайсы деңгээлде экенин айта алабызбы? Бизде адамдык ресурс болбогондон кийин, анда кантип Кыргызстанды ислам өлкөсүнө айландырмак элек? Бүгүнкү күндө мусулман коомчулугунда чоң жоопкерчилик жатат. Мусулмандар билимин тереңдетип, өзү иштеген чөйрөдө мыкты адис болууга умтулуулары зарыл. Мусулмандар дегенде профессионал, жоопкерчиликтүү, адилеттүү адамды элестеткендей даражага чыгышыбыз керек. Анткени ислам бул намаз окуу, орозо кармоо, зекет берүү менен гана чектелбейт, ислам - коомдук иштер, билим берүү, экономика, анын ичинде саясат сыяктуу ар кыл тармакта туура чечим кабыл алуу, туура максат коюу деген сөз. Ошол сыяктуу эле ислам саясатынын максаты - бийликке жетүү эле эмес, адеп өзүн өзгөртүп, анан башкаларга жардам берүү”.

Диний аалым, профессор Кадыр ажы Маликовдун ислам тууралуу баяндарын бардык каалоочулар акысыз уга алат. Лекциялар алдын – ала “Умма” ислам журналынын Facebook`тагы расмий баракчасынан жарыяланат.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
29 ноябрь 2022г.
Багымдат
06:29
Күндүн чыгуу
08:10
Бешим
12:50
Аср
15:48
Шам
17:35
Куптан
18:50