Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бүгүнкү куттуу Бараат түнүн өткөрүп жибербеңиз

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 10 май 2017

Аалымдар кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан такталган “2017-жылга карата намаз убактылары” календарына ылайык «БАРААТ ТҮНҮ» бүгүн, Шаабан айынын 15 - түнү, 10-11-майга туура келет.

%article_title%

Шаабан айынын дагы бир өзгөчөлүгү - андагы куттуу Бараат түнүнүн (Лейлят уль-Бараат) болушу. «Бараат» деген сөздүн мааниси – «арылуу, тазаруу, айыгуу» дегенди түшүндүрөт.

Анткени бул түндү жакшы баалап, ибадат, дуба - зикир менен өткөрүүдөн улам Алла Тааланын мээримине жетип, күнөөлөрдөн арылып, каталыктардан тазаруу мүмкүнчүлүгү ар бир мусулманга ыйгарылат.

Бараат түнүнүн өзгөчө түн экендигин тастыктаган бир нече хадистер бар:

Алардын бири, Айша энебиз (Алла ага ыраазы болсун) мындай деген: “Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) бир түнү ордунан туруп намаз окуду. Саждада өтө узак туруп калганынан улам мен анын жаны үзүлүп кеттиби деп ойлоп, ордумдан туруп колумду бутуна тийгизип көрсөм, кыймылдады. Мен кайра ордума бардым. Анын (саллаллаху алейхи ва саллам) саждада мындайча дуба кылганын уктум: «Оо, Аллахым! Азабыңдан кечиримиңе, каарыңдан ыраазычылыгыңа сыйынып, Сенин каарыңан Өзүңдү коргонуума кубат деп билем. Өзүң Улуусуң, Сага багыштаган мактоо-алкыштарымды, Сен Өзүңө жасаган мактоолоруңа тең тута албаймын. Сага төп келер мактоолорго күчүм жетпейт». Ал (Алланын ага салам-салаваттары болсун) намазды бүтүргөн кезде: «Айша, Аллах Тааланын элчиси сага адилетсиздик жасайт деп ойлодуңбу?» - деп сурады. «Жок, Аллах Таалага ант берем, пайгамбарым, андай оюм жок. Бирок саждада өтө эле узак туруп калганыңызды байкап, өлүп калдыбы деп ойлодум?»- дедим. «Бүгүн кандай түн экенин билесиңби?». «Аллах жана Анын элчиси жакшы билет»,- дедим. Ошондо ал (Алланын ага салам-салаваттары болсун): «Бул түн Шаабан айынын 15-түнү. Аллах Таала Шаабандын 15-түнү кулдарына мээримин төгүп, кечирим тилегендерди кечирип, «ырайым кыла көр» деп жалбаргандарга ырайым көрсөтөт”.

Бул түнү нафил намаздарды окуп, көп-көп дуба кылып, Жараткандан кечирим сурап, пайгамбарыбыз Мухаммедге (Алланын ага салам-салаваттары болсун) салават айтып, ички жан дүйнөбүздү көрө албастык, өзүмчүлдүк, кастык сыяктуу жаман илдеттерден тазалап, Аллах Тааланын алдына жарык маанай менен барууга ниетибизди түздөйлү. Аллах Таала бардыгыбыздын күнөөлөрүбүздү кечирип, ырайымына бөлөсүн. Аминь!



Башка макалалар
Намаз убактылары
29 март 2024г.
Багымдат
5:13
Күндүн чыгуу
6:50
Бешим
13:07
Аср
17:32
Шам
19:28
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов