Биригүү. Агартуу. Жаратуу.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)
Намаз убактылары
15 декабрь 2017г.
Багымдат
06:43
Күндүн чыгуу
08:25
Бешим
12:57
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов


Чай Quiz - алгачкы мусулман интеллектуалдык оюну старт алды
Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 21 ноябрь 2017

18-ноябрда Бишкекте Чай Quiz - алгачкы мусулман интеллектуалдык оюну старт алды.

Бул акыл таймашына 6 адамдан турган 17 команда катышты. Чай Quiz оюну ар бири 10 суроону түзгөн 8 турдан болуп, жалпы катышуучулардын саны 90го жетти. Иш-чара "Триллионер КР" интеллектуалдык-дискуссиялык клубу Кыргызстан Ислам Университети менен биргеликте уюштурулду.

null
Командалар ортосундагы атаандаштык күчтүү болду

Аталган интеллектуалдык оюнда Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) өмүр баяны, тарых, география, кино, медицина сыяктуу тармактар боюнча суроолор берилди.

Оюндун жыйынтыгында “ГУМ- группа универсальных мусульман” командасы жеңишке жетти. Команданын капитаны Самат Абдылдаев оюн боюнча буларды айтты:

“Биздин топ медицина, Пайгамбарыбыздын өмүр жолун мыкты билген, кино, тарых тармагында да күчтүү оюнчулардан түзүлдү. Ушундай ар тараптуулугубуз менен көп упай топтой алдык деп ойлойм”, -деди.

Уюштуруучулар жана оюнга катышкандардын айтымында, алгачкы оюн жогорку деңгээлде өтүп, оюнду жөн гана көрүү үчүн келгендердин да кызыгуусун арттырды.

null
Жеңиш ээлери - "ГУМ" командасы

Аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Алтын Мырзакарим:

“Бул долбоордун башкы максаты жаштардын интеллектуалдык деңгээлинин өсүшүнө салым кошуу, руханий баалуулуктарды алып чыгуу, шариаттын максаттарын терең өздөштүрүү, ар тараптуу билим алып, ой жүгүртүүнү кеңейтүүгө шарт түзүү, жаштарды социалдык активдүүлүккө үндөө жана өз ара пикир алышууга аянтча түзүү болуп эсептелинет”,-деди.

Достук атмосферасында өткөн оюнга “Мутакаллим” фондунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы жана тажрыйбалуу журналист Бермет Маликова калыстык кылышты.

Алдыңкы орундарга ээ болгондор баалуу китептер менен сыйланышты. Ал эми жеңүүчүлөр буга кошумча Шайыр жана тапкычтар клубунун Ала-Тоо аймактык лигасынын финалдык оюнуна чакыруу билеттерин алышты.

Кошумчалай кетсек, Чай Quiz оюну эми ар ай сайын өткөрулүп турмакчы. Эгер сиз да кошулуп, катталууну кааласаңыз 0708 539 936, же 0558 118 106 номерине байланышсаңыз болот.

1 / 26



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү