2-декабрда саат 10.00до Бишкектеги А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада алгачкы мусулман фото-арт көргөзмөсү болот. Анда шаар тургундары “Аталардан калган рухий мурас”, “Жан дүйнө”, “Кыргызстанда ислам”, “Мусулман жаштардын баалуулуктары жана приоритеттери”, “Дүйнөдөгү эң таасирдүү мусулмандар” темаларына арналган сүрөт, инфографика, плакаттарга күбө боло алышат. Иш-чара “Ыйман, адеп жана маданият” жылына арналып, ал “Умма” ислам журналы жана “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борбору тарабынан уюштурулууда.
Бул көргөзмөдө сиздер таланттуу авторлордун уникалдуу эмгектерине күбө болосуздар. Мына ошол авторлордун бирин сиздер менен тааныштырабыз. Ал - искусствонун эмгек сиңирген ишмери, жашоосунун 50 жылын чыгармачылыкка арнаган адам, 74 жаштагы cүрөтчү Горовой Владимир Романович.
Владимир Романович учурда өзүнүн жеке устаканасында бул искусствого кызыккан балдарга акысыз билим берет. Сүрөтчү өзү дүйнөдө аналогу жок сүрөт искусствосундагы интарсия ыкмасын иштеп чыккан. Бул ыкма, жөнөкөйлөтүп айтканда, жыгачтын ар түрдүү кесимдеринен белгилүү бир сүрөттөлүштү түшүрүү деген мааниге келет.
Владимир мырзанын эмгектери дүйнөнүн ар кыл музейлеринен орун алып, белгилүү эл башчылары Владимр Путин, Нурсултан Назарбаев, Дмитрий Медведев сыяктуу адамдардын иш бөлмөлөрүнүн жана үй дубалдарын кооздоп турат. Баса, сүрөтчүнүн эмгектерин Кыргызстандын президентинин иш бөлмөсүнөн жана Мамлекеттик резиденциядан да көрүүгө болот.
Эгер сүрөтчү тууралуу айта турган болсок, ал Карагандада төрөлүп, кийинчерээк Кыргызстанга көчүп келишкен. Кийин ал Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын аяктап, андан соң өмүр бою сүрөтчүлөр фондунда эмгектенген. Владимир мырза 10-класста окуп жүргөндө сүрөт көргөзмөсүнө катышып, анда анын 2 эмгегин сатып алышкан. Ошол 2 сүрөтүнүн баасы атасынын 1 айлык акысынан эки эсе көп болуп, үйүнөн уруш жегенин жылмаюу менен эскерет:
Владимир Романович эмгеги аркылуу коомго агартуучулук салымын кошууну каалайт. Ал шакирттери менен бул жылы эле 13төн ашык көргөзмө уюштурууга жетишкен.
Ушул жылдын башында ага жоолук салынган кыз интарсия ыкмасын үйрөнүүнү каалап келет. Владимир мырза китепти сүйгөн адамдардан болгондуктан, анын ислам тууралуу маалыматы бар жана ал Куран аяттарынын кооздугуна суктанарын айтты. Мына ошол окуучу кызына сүрөтчү Куран аяттарын интарсия ыкмасына салып түшүрүп көрүүнү сунуштайт. Иштин жыйынтыгы ал күткөндөн да мыкты болгон. Владимир Романович, аяттар түшүрүлгөн эмгек сөзсүз түрдө көргөзмөгө коюлушу керектигин айтат: