Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

«Мен күңмүн» кино тасмасына сын пикир

Автору: Долоткелдиева Назгүл / Жарыяланды: 25 январь 2018

«Эркиндиктин баасы, ал үчүн күрѳшкѳн аракетиңден кѳз каранды» (Агата Кристи)

«Мен күңмүн» («I am Slave») тасмасы, кѳргѳн адамга эстен кеткис таасир калтырып, кѳпчүлүгүбүздө “биздин учурда да ушундай болушу мүмкүнбү? – деген ой жаралат. Албетте, ар бирибиз ѳзүбүзгѳ жок деп жооп беришибиз мүмкүн. Бирок эч кимибиз, турмушубузда ушундай окуя болоорун так айтып бере албайбыз».

«Мен күңмүн», кино, тасма, сын пикир

Чыныгы окуяларга негизделген тасманын тарыхы, Судандын түштүгүндѳгү Нуба тоосунан башталып, анда тасманын башкы каарманы Малия, кыштактын жашоочулары менен биргеликте, эки спортсмендин (алардын бири – Малиянын атасы, Bah күрѳшү боюнча чемпион) мелдешине күбѳ болушат. Малия ѳз ѳлкѳсүндѳ ханбийке, жеңүүчүнүн кызы эле. Бирок анын баардыгы, ага эч жардам бере албайт. Малияны ѳкмѳткѳ иштеген араб ыктыярчылары туткундап, Хартумдагы бир аялга кулчулукка сатып жиберишет. Ѳздүгүн тактаган документи жок кыз, атынан башка, жеке ой пикиринен, инсандыгынан, жарандыгынан кол жууган, бечара адамга айланат.

Тасма сѳз менен айтып жеткире алгыс кыйналууга, басмырлоого жана чыдоого толгон. Сүйлѳшүүнүн ордуна унчукпоо, үндѳбѳѳ…. Тынчтык тасманын ажырагыс бѳлүгү. Кыз ар бир айткан сѳзү үчүн жаза албоонун амалында, унчукпастан азап чегет. Ал кандайдыр-бир нерсени айтууга, жардам сурап кайрылууга эрк-күчү жетишсиз. Бирок, мезгилдин ѳтүшү менен, ал качуу жѳнүндѳ ойлоно баштайт. Анткени, чарасыз абал калыптанып, баардыгы кайгылуу оор окуя менен аяктаарын билип калат. Коркунуч жана ѳз күчүнѳ ишенбѳѳ, аны кадимки адамдан, эрксиз, ѳз кѳйгѳйүнѳ кѳңүлкош караган жанга айлантат. Анын алсыз жактарын билип алган кул ээлѳѳчүлѳр, аны тынчтандыруу жана азыркы жашоосуна кѳндүрүү үчүн каалаган ыкмаларын жасашат. Кѳптѳгѳн басынтуу, шылдыңдоо жана ырайымсыздык анын башынан ѳтүп жатты. Малиянын чарасыздыгынын дагы бир себеби, анын атасы эле. Аны жоготуп алуудан корккон кыз, бул тозокто ѳз эрки менен кала берет.

Кѳп жылдык кулчулукка карабастан, ал жашоосу менен камыр-жумур болуп кете алган жок. Жан дүйнѳсүндѳ, татаал тагдыр тартуулагандарга баш ийбей, күрѳшүп жатты. Үмүт жана ишеним анын мокогон жүрѳгүн курчутту. Каардуу чечим Малиянын кѳздѳрүндѳ от болуп жанып турду. Күңчүлүктүн бир нече жылында, ал таңгалаарлык жетилди.

Тасманын сценаристи Брок жана режиссеру Рэндж чындыгында, жан дүйнѳнү козгогон, тынчыңды алган, эмоционалдык тасма жаратышкан. Алар ѳз алдыларына татаал милдетти коюшкан. Биздин күндѳрдѳ, жаныбызда эле ушундай окуялар болуп, бирок, эч кимибиз ага маани бербейбиз. Бул чексиз күчтү жана талантты талап кылган эмгек, ѳз максатына жетип, кѳрүүчүлѳрдү кайдыгер калтырган жок.

Тасма кулчулук дагы да болсо, гүлдѳп ѳнүгүп жатканын так-таасын кѳрсѳтѳт. XXI кылымда, сѳз эркиндигинин, тең укуктуулуктун жана демократиянын кылымында, мындай окуялар болушуна эч кимибиз ишене албайбыз. Кѳпчүлүк ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдѳ, демократия менен сѳз эркиндигинин алкагынан суурулуп чыгып, маданияттуу «кул ээлѳѳчүлүк» кулачын жайып жатканы жашыруун эмес. Мисалы, Англияда эле 5000ден ашуун аял, күңчүлүктүн торунда ѳмүр сүрүп (бул жѳнүндѳ тасмада да айтылат) жатат. Кээ бирлер буга ишенбеши мүмкүн! Бирок, тилекке каршы, бул - ачуу турмуш чындыгы.

«Башка адамдардын тагдыры менен ойногудай, биз кимбиз?,Бизге мындай укукту ким берди?» - деген суроолор ѳзүнѳн-ѳзү жаралат. Баардыгыбызга белгилүү болгондой, биздин укугубуз, башкалардын укугу башталган чекте аяктайт. Бала кезден тартып, бизди чыдамкай болууга, башка ѳлкѳлѳрдү, бѳлѳк маданиятты жана баалуулуктарды сыйлоого, башкаларды кордобой, басмырлабай, чыныгы адам болууга үйрѳтүшѳт. Кандай шартта жашасак дагы, жѳн гана АДАМ бойдон калуу керек!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
18 декабрь 2018г.
Багымдат
06:45
Күндүн чыгуу
08:27
Бешим
12:58
Аср
15:47
Шам
17:34
Куптан
18:49
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов