Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Стамбул – кооз мечиттердин шаары

Автору: Касиет Жолдошбекова, Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 2 март 2018

Стамбул – дароо эки континентте (Европа жана Азия) жайгашкан бирден бир шаар.

Нечен доорду карыткан бул тарыхый жер кезинде 3 түрдүү - Рим, Византия жана Осмон империяларынын борбору, ал эми 1930-жылга чейин Константинополь катары белгилүү болгон. Бул керемет шаарда таң калычтуу тарыхый жана архитектуралык фактыларды камтыган 8 миңге чукул мечит бар. “Умма” журналынын ыктыярчыларына бул шаарды көрүп келүү насип болуп, алар макалада Түркиянын маданий жана тарыхый мурасы болгон шаар тууралуу азыноолак айтып беришмекчи.

%article_title%

5 маал намаз үчүн мыкты шарт

Түркия десе дароо эле көзгө элестелген байыркы Стамбулду кооз мечиттердин шаары десек жаңылышпайбыз. Себеби Стамбулдун өзүндө эле 8 миңге жакын мечит бар. Бул керемет шаардабеш убак намаздыказа кылууга эч бир себеп жок. Анткени намаз убактысынан кабар берген азанды сиз шаардын кайсы бурчунда болсоңуз да, дароо уга аласыз. Анан калса, кереметтерге бай бул шаардагы ар бир дүкөн, кафелерде намазкана сөзсүз болот. Андыктан намаздан кечигип калам же дааратка шарт жок дебестен, саякатыңызды көңүлдүү өткөрөсүз.

Тарыхый доор менен учурдун айкалышы

Стамбулдагы мечиттер бир гана мусулман дүйнөсүн өзүнө тартпастан,төгөрөктүн төрт бурчунан келген башка диндин өкүлдөрүнүн да суктануусуна арзыйт. Көз жоосун алган мечиттердин баш сабында Айя София турат. Ушул керемет шаарга келип, Айя София мечитин көрбөй кетүүгө мүмкүн эмес. Түркиянын визиттик карточкасына айланган бул мечиттин курулушу беш жылга созулган. 15-кылымдын ортосунда Осмон империясынын султаны Мехмет II тарабынан Константинополь басылып алганга чейин Айя София христиан дүйнөсүндөгү эң чоң чиркөө болгон. Аталган падышачылыктын буйругу менен минареттер курулуп, мурунку чиркөө, Айя София мечити болуп калган. 1935-жылдан кийин Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Ататүрктүн буйругу менен мечит музейге айланган.

%article_title%

Султан Ахмед мечитине келген туристтердин аягы үзүлбөйт

Ислам жана христиан дүйнөсүндө көрүнүктүү орунду ээлеген Айя Софиянын кооздугуна суктанып, эки кадам аттагандан кийин эле, Султан Ахмед мечитин көрөсүз. Осмон империясынын султаны Ахмед I византиялыктардын алдында өз бийлигинин кубаттуулугун дал ушул мечит аркылуу даңазалагысы келген. Анткени мечитти кооздугу көз жоосун ала тургандай кылып, ар бир майда деталына чейин чоң маани берип курдурткан. Айя София мечити бүгүнкү күндө музей гана болсо, Султан Ахмед мечити мусулмандар үчүн ибадат кылууга эшиги ачык. Саякатыбыз жума күнгө туш келгендиктен,ибадат үчүн жана жөн гана көрүүүчүн келген адамдын көптүгүнөн бут коёрго жер калбай калат экен. Атайын аялдар үчүн 2-кабаттан жума намазын окуп, имамдан жума хутбасын угуп, зор таасир, кубат алдык.

%article_title%

Топкапыдагы 4 кг зымырыт ташы жана 86 карат бриллиант

Стамбул тарыхый имараттардын көптүгүжана алардын биринен-бири алыс кетпей коңшу жайгашканы менен башка шаарлардан өзгөчөлөнүп турат. Султан Ахмед мечитинен чыгып, дагы эки кадам аттасаңыз, Осмон империясынын султандарынын эң көрүнүктүү ордосу Топкапы сарайына келесиз. Сарай дүйнөдөгү эң кичинекей өлкө Ватикандан 1,5 эсе, Москванын кызыл аянтындагы Кремльден 2,5 эсе чоң болуп, аянты 700 000 чарчы метрди чапчыйт. Сарайга кирип бара жатып, ошол кездеги Осмон султандыгынын дооруна туш болгондой сезимдерге бөлөндүк. Ордодо Осмон хандыгынын бардык буюм-тайымдары, көз жоосун алган кооздуктары сизди ошол мезгилге жетелейт. Кооздук демекчи, бул жерде салмагы 4кгга жеткен зымырыт ташы жана 86 караттуу бриллиант сакталган. Кулагыңызга күмүш сырга, эгер сиз Топкапыга саякаттап келсеңиз,анда анын 4-эшигине өзгөчө көңүл буруңуз. Анткени дал ушул эшиктен кирген балкондон Босфор кысыгына керемет көрүнүш ачылат. Бир канча саат бою бул кооздукка карап отурсаңыз да көзүңүз тойбойт. Мына ошентип, Топкапы сарайындагы керемет саякатыбыз аяктаганда гана курсактын ачканын сездик. Стамбулда симит менен жыты буркурап бышкан жүгөрүдөн баш тартуу мүмкүн эмес. Андыктан, ысык тамакка чейин, 2 лирага (50 сом) дал ушул симит менен жүгөрүдөн жеп, ѳзѳк жалгадык.

%article_title%
Топкапы сарайы

Калкынын меймандостугу туристтерди адаштырбайт!

Тарыхый жерлердин кооздугуна суктанып бүтө электе,караңгы кирип үйгө сапар тартчу убакыт жетти. Биз убактыбызды коротпой дароо эле таксиге отурдук. Стамбулда таксилердин бардыгы сары түстөболгондуктан,бул кызматтан колдонууда кыйынчылык жаралган жок. Бул күн Стамбулдагы алгачкы күнүбүз болгондуктан, шаарды жакшы билбейт элек. Көрсө, такси кызматынын баасы асманды чапчыйт экен. Андан көрө метрого же трамвайга отурган оң. Стамбулдагы метро, трамвай, коомдук транспорттор 5-10 мүнөт аралыгында каттап, дээрлик бардыгына кондиционер коюлган. Жол кире акысы-2,50 лира (62сом). Бул жактан адашып кетүү коркунучу жок. Себеби адашкан учурда да кичипейилдик, жөнөкөйлүк менен жол көрсөткөн түркиялыктардын арасында издеген дарекке чейин жеткирип койгондору да бар.

Стамбулдагы экинчи күнк

Стамбулдагы экинчи күнүбүзтүркиянын ысык кофесинен башталды. Таң эрте 8-кабаттагы террасадан тамактандык. Түркияда эртең мененки тамакта сырдын 2 түрү жана оливканын 3 түрү күндөлүк менюда калыптанып калган. Экинчи күнү шаарды аз да болсо билип калгандыктан дароо эле метрону көздөй жөнөдүк. Метрого киргенде бош орундукка отуруу оңой эмес. Себеби, Стамбулдун өзүндө эле 15 миллионго жакын калк жашайт. Андан тышкары, шаарга даңазалуу Осмон империясынан калган тарыхый жайлардыкөрүүгө ашыккан туристтер мындан көп. Андыктан, метрого батканыбызга эле сүйүнүп, саякатыбыздын экинчи күнүн уланттык.

%article_title%

“Индиримдерден” баш айланат

Стамбулда сейилдөөгө чыкканда сөзсүз ашыкча акча ала чыгуу кажет. Соода сатык жана Стамбулдун “С” тамгасынан башталганы да жөн жерден болбосо керек. Себеби, көчөлөрдүн боюндагы“Индирим”(арзан сатып түгөтүү), кийим-кечек, сувенир саткан сатуучуулардын көптүгүнөн баш айланат. Бул жакта кийим-кечектин наркы бир топ эле арзан. Анан калса, шарияттын шарты менен жабык кийим кийинип жүрүүчү айымдар үчүн тандоо кенен. Ал эми таттуу локумдар, өрүк-мейиздин түрлөрү, пишманилерден (таттуу кебез) сөзсүз даам татып кетүүңүздү сунуштайбыз.

%article_title%

Күн сайын Европадан Азияга, Азиядан Европага...

Шаардын ызы-чуусунан тажап, деңиз жээгинде толкундар менен сырдашкыңыз келеби? Анда Галата көпүрөсүнүн айланасындагыкемеде бир жарым сааттык тур уюштурууга болот. Баасы да анча кымбат эмес, 10 лира (250сом). Жергиликтүү стамбулдуктардын басымдуу бөлүгү күн сайын Европадан Азияга, же Азиядан Европага жумуштарына, окуусунадеңиз жолу аркылуу барып келишет. Себеби жүргүнчүлөрдү ташыган, эки континентти туташтырган паромдор саат сайын каттап турат.

Улгайган официант мырзалар

Кызыгы, бул өлкөдө мырзалар абдан жигердүү иштешет. Кара жумушта болобу, жеңил жумуштабы мырзалар басымдуулук кылат. Албетте айымдар да жок эмес. Тактап айтканда, официант, тазалап-жыйноочу жумуштарда, базарларда эркектерди көп көрдүк. Жашы өтүп бараткан мырзалар да мындай жумуш кылуудан тартынышпайт. Баарынан да балмуздак саткан мырзалар абдан шайыр келип, соодаларынкөңүлдүүөткөрүшөт. Алардын кийимдери да өзгөчөлөнүп турат.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
18 декабрь 2018г.
Багымдат
06:45
Күндүн чыгуу
08:27
Бешим
12:58
Аср
15:47
Шам
17:34
Куптан
18:49
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов