Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ыйлата турган окуя: Ата мээрими

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Нарын казыяты / Жарыяланды: 6 июль 2018

Бала 16 жашка чыкканда атасы менен урушуп үйүнөн чыгып кеткен. Буга ачууланган атасы: "Мындан кийин бул үйдө анын аты да аталбасын!"-деп тыюу салды. Апа байкуш күнүгө баласынын төшөгүнө барып, жаздыгын жыттап уктап жүрдү.

null

Бир күнү:

"Баламды сагындым. Жүрү барып издейли"?-десе да күйөөсү айтканынан кайткан жок.

Арадан эки жыл убакыт өттү.

Бул жылы баласынын туулган күнү менен аталар күнү бир күнгө туш келип калган эле.

Байкуш апанын көз жашына чыдабаган ата: "Мына бул дарекке барып балаңды көр",-деп бир кагаз берди. "Даректи менден алганыңды айтпа",- деп аркасынан көп нерселерди айтты. Бирок сүйүнгөн апа даректен башка эч нерсе деле уккан жок. Дароо даярданып жолго чыкты. Дарек шаардын аркы башында эле. Барса ал жакта устакана бар экен. Баласы ошол жерде иштейт окшойт сыягы. Бир азга көзү жашылданып карап турду да, баласын карап басты.

Эки жылдан бер үй-бүлөсүн бир сурап койбогон бала апасын алгач көрүп таң калды, анан жүгүрүп барып кучактап калды.

"Ал кандай, бул кандай?- деп бала атасынан башка баардыгын сурап жатты. Акырында: "Тиги киши кандай, дагы эле кежир, түшүнүксүзбү?"-деди. Апасы суроону жоопсуз калтырды.

"Кана балам үйгө кетели",-деди.

"Жок апа мен бул жакта жакшымын, мен ал киши менен бир үйдө жашабайм",-деди да устаканага карап басты. Аркасынан карап калган эне, даярдап келген тортун бериш үчүн баласын чакырды эле баласы келип тортту алган соң: "Апаке суранбачы, мен баары бир барбайм. Эч болбосо бир жолу сурап койбогон адам менен бир үйдө жашай албайм",-деди.

Апасы ыйламсырап кетип жатып "Мейли балам өзүң бил. Мен түшүндүм, сен чечкиндүүсүң. Бирок муну угуп кой. Атакең: "Бир айдан бери достошуп жүргөн баладан алыс болсун, зыяны тийип калат. Эски достору менен кайра табышсын. Алар жакшы балдар",- деди.

Муну уккан бала нес болуп туруп калды.

Апасы үйгө келип атага таарынды. "Билип туруп эмне айтпайсың. Ошон үчүн жыргап жүргөн турбайсыңбы кайгырбай,"-деп.

Ар дайым каардуу, корс көрүнгөн ата бир жуткунуп алды да көздөрүнөн тамчы агып кетти.

"Ал менин кара жаным, как жүрөгүм",-деди.

"Канчадан бери билчү элең?"-деп сурады апа.

"Үйдөн чыккандан бери билем. Кээ күнү түштө эмне жеди экен деп карап келем. Кээ бир күнү кечинде жумуштан кийин. Сен анда мени достору менен отуруп келди деп ойлочусуң. А мен алыстан балама көз салдым. Ачкабы, токпу, үшүбөй элеби... Бирөө жарым капа кылып койбоду бекен. Кимдер менен достошуп атат деп көз салып жүрдүм..."

Эрди-катын бир-бирин кучактап ыйлап жатышканда эшик тыкылдап калды. Көздүн жашын колу менен аарчып, эшикке карай басты апа.

Апасы алпарган торттон да чоң торт жана белек- бечкек көтөрүп баласы турган эле. Атасын карап жүгүрдү: "Атаке, атакебай, аталар күнүң куттуу болсун!"

Жигит, мени такыр ойлобойт деген атасынын, чындыгында, андан бир саамга да көзүн албай аны карап турганын эми гана түшүндү.

Ата деген ушундай. Кыйкырат, урушат, ачууланат. Бирок баардыгы балдарынын жакшылыгы үчүн. Балдары бала кезде муну түшүнбөшү мүмкүн. Бирок бир күнү алар да ата-эне болот... Ошондо түшүнүшөр...

Булак: Нарын казыятынын фейсбук баракчасынан алынды.



Башка макалалар
Намаз убактылары
26 сентябрь 2018г.
Багымдат
5:18
Күндүн чыгуу
6:53
Бешим
12:53
Аср
17:05
Шам
18:59
Куптан
20:14
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов