Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Мечиттеги окуя: Мен бир жума мурун эле Ислам тууралуу билчү эмесмин...

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 11 июль 2018

Бул окуя жаш баланын мисалында динге чакырууда туруктуу жана жоопкерчиликтүү болуу керектигин баяндайт. Ар бир адамга таасирдүү болот деген ниет.

null

Бир мусулман ѳлкѳсүндѳ бир имам жана анын он бир жаштагы Зайд аттуу уулу ар жума күнү «Бейишке жол» деген китепче таратышаар эле. Ушундай күндөрдүн бир жума күнүндө күн сууктап, жамгыр жаап жатты. Жылуу кийинип, өзүнүн жумушуна камданып бүткөн Зайд атасына карап:

-Ата, мен даярмын!-деди. 

Атасы:

-Балам, бүгүн күн суук, үйдө эле бололу. Анын үстүнө мен бүгүн сасык тумоодон жакшы боло албай жатам,-дейт. 

Зайд:

-Анда мен жалгыз эле бара берейин,-дейт атасына суроолуу карап.

Атасы:

-Бисмилля, бара кой.

Зайд кубанган көздөрүн жайнатып Бейишке чакырык кылган жука китепчелерди таратуу үчүн үйүнөн чуркап чыгып кетет.

Ал күндүн бүркөөсүнө, көчөдөгү адардардын сейрек болгонуна карабай китепчелерди таратып жүрдү. Бир маалда караса, колунда жалгыз китепче калган экен. Зайд колундагы акыркы китепчени бере турган караан таппай туруп калат да, биринчи көргөн үйдүн эшигин кагат. Коңгуроону басса, эч ким жооп бербейт... 1... 2... 3-жолу басат... Жок, эч ким жооп бербейт... 

Ал кетүүгө кам уруп жатып да коңгуроону баса берди... Акыркы жолу басканынан көп өтпөй, эшик акырын ачылды. Каалганын артынан улгайыңкы аял киши көрүндү. Көңүлү анча ачылбаган аял Зайдга

-Эмне болду? деди.

Зайд жылмайып:

-Кечирип коюңуз, мен сизге Аллах сизди жакшы көрөт. Ал сизге мээримин аябайт деп айткым келди,-дейт да колундагы китепчени сунуп,

-Бул китепчеден Аллах тууралуу, жашоодогу максатыңызды жана бул дүйнө менен акырет жашоосу тууралуу биле аласыз. Аял:

-Ыракмат, сага!

... Бул күндөн толук бир жума өткөндөн кийин имам жума хутбасын өтүп бүтүп, отургандардан суроо барбы?-деп сурайт. Тыным өтүп, мечиттин аялдар жамааты отурган тараптан аялдын үнү чыгат.

-Мен бир жума мурун эле Ислам тууралуу билчү эмесмин. Мусулманчылыкка кызыгам деген ой үч уктасам түшүмө кирчү эмес. Менин абышкам бир нече ай мурун каза болду. Мен бул дүйнөдө жалгыз калдым. Мен үчүн жашоонун мааниси жоголду. Менин өлгүм келди. Өз өмүрүмө кол салып, арканды алып өлүмгө даярдана баштадым. Арканды шыптын устунуна байлап, моюнум бата тургандай кылып

даярдап башымды салдым. Мына бир кадам калганымда, коңгуроону уктум. Азыр, кетип калат деген ой менен эшикти ачкым келбей өлгүм келипжатты. .. Жок, коңгуроо тынымсыз кагыла берди.

"Мени ким издеп жатат?" деген толкундоо эшикти ачуума себеп болду. Каалганы ачтым. Мен толкунданып кеттим! Анткени, көзүндө кубаныч жайнаган, ууртунда жылмаюу уялаган өспүрүм турган экен. Анын: «Аллах сизди жакшы көрөт. Сизге мээримин аябайт!» деген сөзү менени денемди

аралап кетти. Мен эшикти жаап, колумдагы китепчени шашыла көз жүгүрттүм... Кубандым, жүрөгүм жибип кетти!.. Бир канча мүнөт мурдагы келесоолугума ачуум келди! Жанымды сактап калган Аллахка миң мербе шүгүр айттым. Мен ошол мүнөттөн тартып Кудайды тааныдым... Исламды кабыл кылдым. Китепченин артында мечиттин дареги жазылган экен. Мына, мен бүгүн аман-эсен, бактылуу абалда силердин алдыңарда турам. Мен ошол балага ыраазычылык билдирем...

Бул окуяны отургандар бир дем менен угушту. Зайддин атасы баласына келип кыса кучактап, Аллахка шүгүр келтирди. Оо, Аллах! Бизди жана биздин укум-тукумду ыкыласман, такыбаа кыла көр, амин!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
26 сентябрь 2018г.
Багымдат
5:18
Күндүн чыгуу
6:53
Бешим
12:53
Аср
17:05
Шам
18:59
Куптан
20:14
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов