Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кичинекей Абу Ханифанын таң калтырган жооптору

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 17 июль 2018

Бир жолу Византиянын башчысы Багдатка элчисин жөнөтүп, мусулмандарга 3 суроо берип келүүсүн буюрат. Шаарга жетери менен халифке алыстан кабар алып келгени билдирилет. Муну билген мусулмандардын башчысы анын ичкери кирүүсүнө уруксат берет. Элчи башчынын алдына келип, мусулмандарга 3 суроосу бар экендигин айтат. Мындай жол менен ал жалпы мусулман жамаатына чакырык таштап жаткан эле. Тынчсызданган халиф шаардагы бардык аалымдарды чакыруусун буйруйт.

null

Элчи болсо бийик трибунага чыгып: “Мен силерге 3 суроо менен келдим. Эгер силер буларга жооп бере алсаңар, анда византиялык башчы силерге сансыз байлык тартуулайт. Анда менин суроолорум бул: Аллахка чейин эмне болгон? Аллах кайсы жакты карап турат? Азыркы тапта Аллах эмне менен алек?”,-деген суроолорун берет.

Мындай суроолорду уккан акылмандардын тобу үн катпастан туруп калышат. Белгилүү болгондой, суроолордун мындай түзүлүшү да ислам илимине туура келбейт.

Бир маалда жоон топтун арасынан ичке үн чыгат. “О, атаке мен бул суроолорго жооп берсем болобу? Менин жоопторуман кийин бул жолоочу унчукпай калаттыр?”. Бул үн –чогулушка атасы менен келген баланын үнү эле. Ал бала халифтен да уруксат сурайт. Византиялык балага өзүнүн суроолорун кайталайт. “Аллахка чейин эмне болгон?”. Бала бул суроого мындай деп жооп берет: “Сен санаганды билесиңби?” “Ооба” деп жооп берет византиялык. “Анда 10дон артты көздөй санасаң”. Византиялык санап келип, “1ден кийин эч кандай сан жок, бул акыркы сан”,-дейт. “Эгерде арифметикалык бирдиктен кийин эч кандай сан болбосо, Жалгыз, Абсолюттуу Чындык, Чексиз, Алгачкы жана Акыркы Аллахтан мурун бир нерсе болуусу мүмкүн деп кантип ойлодуң?”, - дейт жаш бала. Чет жердик жолоочу мындай жоопту күтпөгөн жаны кийинки суроосун берет. “Айтсаң, Аллах кайсы тарапты көздөй карап турат?”. Анда бала: “Шамды алып кел да, аны күйгүз. Андан соң анын жарыгы кайда карап турганын айт”,-дейт. “Бирок жарык бардык тарапты карап турат: түндүк, түштүк, батыш, чыгыш. Ал так кайсы бир тарапты караган жери жок”, -деп жооп берет тиги киши. Муну уккан бала минтип айтат: “Эгерде физикалык жарык бардык төрт тарапка жайылып, карап туса, жана анын так кайсы багытты көздөй караганын айта албасаң, сен анда бул жарыктын Жаратуучусу болгон Аллахтан эмнени күтөсүң?”,-дейт бала.

Византиялык көргөн көзүнө, уккан кулагына ишене албайт: “Анткени анын алдында кичинекей бала анын суроолоруна ооз ачкыс кылып жооп берип жаткан эле. Эмне кыларын билбей, ал кийинки суроосун берүүгө камынат. Бирок жаш бала андан мурун сөз баштап, минтип айтат: “Кое турчу, сен-суроолорду берген адамсың, а мен- аларга жооп берген адаммын. Адилеттүүлүк үчүн суроолор жакшы угулгандай эле, жооптор да жакшы угулуусу үчүн экөөбүз орун алмашып алсак жакшы болмок”, - дейт (Суроо берип жаткан элчи бул убакта бийик трибунада турган болчу). Тиги киши буга каршылык көрсөткөн жок. Ошентип, алар орун алмашышты. Ошондо элчи акыркы суроосун берди: “Айтчы мага, азыр Аллах эмне менен алек болуп жатат?” Бала болсо сыймыктануу менен минтип жооп берет: “Азыр Аллах бул бийик трибунадан алдамчыны жана исламды маскаралап жаткан адамды көрдү да, анын ылдый түшүүсүн мажбур кылды. Ал эми Аллахтын жалгыз экенине ишенген адамды өйдө көтөрүп, анын дилине акыйкатты киргизди. Кудурети күчтүү Аллах Таала минтип айтат: “Ал күн сайын иш менен алек” (Ар-Рахман, 29-аят)

Бул жооптордон кийин византиялык жеңилген, уят болгон абалда өлкөсүнө кайтат. А суроолорго жооп берген бала болсо исламдын белгилүү окумуштууларынан болуп чоңоет. Кудурети күчтүү Аллах аны өзгөчө акылмандык жана динге болгон терең түшүнүккө бөлөгөн. Баланын аты – Абу Ханифа эле (Аллах андан ыраазы болсун).

minbar.kz сайтынан которулду



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 апрель 2024г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:16
Бешим
13:01
Аср
17:47
Шам
19:51
Куптан
21:06