Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Окурманыбыз Асандан "Насаат ыры"

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 20 сентябрь 2018

Окурманыбыз Асан Мамит уулу адамдарды жакшы сыпаттарга чакырган өзүнүн калемине таандык "Насаат ырын" дарегибизге салып жиберген.

null

Насаат ыры

Гүлдү көрсөң үзбөй өт,

Аалам турсун кооздолуп.

Аял затын сыйлап өт,

Жүрсүн дайым корголуп.

Атаң барда сыйлагын,

Бир күн сен да өлөөрсүң.

Бул акыйкат ишенгин,

Балким алгач өлөөрүң.

Илим алгын жашыңдан,

Абийириң арттыраар.

Сүйкүмдүү бол, таза бол,

Адебиңди ашыраар.

Адал-арам ылгаган,

Ар бир жандын башы бар.

Бул жарыкта саналуу,

Кудай сүйгөн жакшылар.

Ашкерелеп бирөөнүн,

Айыбыны жар салба.

Акыбалың оор болоор,

Аркы дүйнөгө барганда.

Намаз оку, зекет бер,

Азгырыкка алданба.

Жеңил болоор сурагың,

Жаратканга барганда.

Үнөмдүү бол, сарамжал,

Бөтөн сага суктансын.

Акмак менен мелдешпе,

Баары бир эч утпайсың.

Акылын ук улуунун,

Кереги чоң жарыкта.

Жакшылыкка жол ачаар,

Баалуу, кымбат багыт да.

Бир-тууганың кадырла,

Тепсеп, жанчып кордобо.

Ал да атаңдын баласы,

Айырмаң жок ортодо.

Чанып кетпес дос туткун,

Керексизин ашырба.

Тандап, ылгап байкагын,

Колун сунаар кабырда.

Куран окуп артыңдан,

Бата кылаар перзент тап.

Кабырыңды кеңейтээр,

Түбөлүктүү перзент бак.

Баш кошордо жаңыдан,

Жарың танда жакшылап.

Аял жакшы, эр жакшы,

Абийириң ашырат.

Кайгырбагын эч качан,

Чоң азапка батсаң да.

Чегинбегин эч качан,

Чоң казатка барсаң да.

Эстен танып ыйлаба,

Адам өлүп жатканда.

Андан көрө келме айт,

Жанын берип жатканда.

Жакыныңды жоготсоң,

Сагынарсың ар таңда.

Алакан жай, бата кыл,

Көкөлөсүн асманга.

Керкейбегин, менсинбе,

Багынтсаң да ааламды.

Андан көрө рахмат айт,

Кубандырып апаңды.

Күнөө кылсаң тообо кыл,

Кудай баарын кечирээр.

Билгин, уккун, тыңдагын,

Күнөө болбойт эскирээр.

●○●○●○●○●○●○●○

Эгер сиздин да кызыктуу макала, окуя же ырларыңыз болсо ummamag@gmail.com дарегине салып жибериңиздер!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
22 октябрь 2018г.
Багымдат
05:48
Күндүн чыгуу
07:23
Бешим
12:46
Аср
16:26
Шам
18:15
Куптан
19:30
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов