Бүгүнкү күнү Аллах Таалам кенен ырыскы берип, ак төөнүн карды жарылган кез болуп, ар түрдүү кийимдерди алмаштырып кийип жашообуз ушунчалык токчулукта өтүп жатат. Бирок, ошол эле кезде канчалык токчулукта жашасак да, коом арасында бири-бирине жардам берип, кайыр садага кылуу деген унутта калып бараткансыйт. Бирөөгө жардам берүүгө бей-бечараларга садага кылууга келгенде акчабызды санап калат экенбиз. Ал эми биз үлгү тутуп жашаган жылдыз сыңары деп аталган сахабалар кандай болушкан?
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) доорунда бир сугатчы киши бар эле. Ал түнү бою адамдардын жерин суугарып, таң атып өз жумушун аяктаганда кызмат акысына эки табак арпа алат эле. Ошол алган эки табак арпасын Пайгамбарыздын (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) жанына көтөрүп келип:
"Оо, Аллахтын элчиси, мен бул эки табак арпаны түнү бою элдердин жерине суу коюп, кызматымдын акысына алдым. Бир табагын өзүмдүн үй-бүлөмө алып калайын да экинчи табагын сизге берейин. Сиз муктаж болгон бир туугандарыңызга бериңиз" - деп айтат.
_________
Автор: Баткен казыяты, Исфана шаарындагы "Абдулла ибн Аббас" медресесинин мүдүрү Мукарамов Мухаммадали.
Башка макалалар