Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Тыпылдап жааган жамгырга ой жүгүрттүңүз беле?

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 10 октябрь 2018

Сыртта тыпылдап жааган жаан тамчылары адамды чынында эс алдырат. Жан дүйнөң эс алып, айланага көз чаптырып, “тафаккур” кылып, Аллахтын кооз жаратыктарына ой жүгүртө баштайсың бул мезгилде. Жааган жаандын ой жүгүртө турган, таң калычтуу жактары чынында көп. Алардан биз бир гана жаан тамчыларынын жерге түшүүсүн гана карап көрөлү.

null

Ооба, чынында бул - таң калычтуу. Жамгырдын тамчысы 6 мм болот. Андан чоң болбойт. Жаап жатканда болсо эч качан бири-бирине тийбейт. Шамал болсун, бороон чапкын-болсун тамчылар бири-бири менен кагышпайт, бири-бири менен бирикпейт. Жердин тартылуу күчүнүн мыйзамы боюнча жогорудан ылдый көздөй түшүп бараткан нерсенин ылдамдыгы барган сайын күчөй берет. Бирок кичинекей тамчылар бул мыйзамга баш ийбестен, туруктуу бир ылдамдыкта, жумшак абалда түшөт. Бул кубулуш - чынында биз үчүн маанилүү. Эгер тамчылар жердин тартылуу күчүнүн мыйзамына баш ийип түшкөндө, анда кудум атылган октой болуп түшмөк. Бүткүл жакты талкалап, жок кылмак. Ушул жерден суроо туулат.

Бул тамчылардын көлөмүн жашообуз үчүн ыңгайлуу кылып, Ким башкарууда?

Миллиарддаган тамчыларды, катуу шамал болсо да бири-бирине тийгизбестен өз-өзүнчө кылып тамчылаткан Ким?

Атылган октой болуп түшө турган тамчылардын ылдамдыгын бир калыпка салган Мээримдүүлүктүн ээси Ким?

Ушул системанын баарын башкарган Ким? Бул тамчыларды чакадан куйгандай одоно кылып эмес, майда, назик кылып жаадырган Зат ким?

Албетте мунун баарын башкарган, жасаган зат - АЛЛАХ! Ал - жамгыр тамчыларын биздин жашообузга ыңгайлуу кылып ылайыктап, бир тартипке баш ийдирген Зат!!!

Маалымат булагы: Ютубдагы "Бейиш нуру" каналынан алынды



Башка макалалар
Жакшылык сөзсүз кайтат Жакшылык сөзсүз кайтат
Кызыктардан / 3 сентябрь 2018 / "Умма" журналы
Аалым менен падыша Аалым менен падыша
Кызыктардан / 14 сентябрь 2018 / "Умма" журналы
Ислам дини татуировка жасоого уруксат береби? Ислам дини татуировка жасоого уруксат береби?
Билүү керек / 19 сентябрь 2018 / "Умма" журналы
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
22 октябрь 2018г.
Багымдат
05:48
Күндүн чыгуу
07:23
Бешим
12:46
Аср
16:26
Шам
18:15
Куптан
19:30