Ордолуу Ош шаарында бир жылда бир жалаң кыздар, айымдар жана апалар чогулуп, өзүлөрү үчүн унутулгус майрам уюштурушат. Ал күн – 1 –февраль эл аралык Жоолук күнү. Бул күндү көркүнө чыгара уюштургандар – “Умма” журналынын Оштогу ыктыярчылары.
Бул иш-чарада Оштогу 400дөн ашык айымдын башы бир аянтчада бирикти. Жыл сайын Жоолук күнү иш-чарасына катышууну каалагандар көбөйүп жатканын уюштуруучулар кабарлайт.
Бул жылы былтыркыдан өзгөчөлөнүп иш-чарага катышууга атайын Ошко диний аалым, аалымдар кеңешинин мүчөсү, профессор Кадыр ажы Маликов келди. Анын аял укуктары жана милдеттери тууралуу айткан сөзү залда отургандардын көбүн таасирлентти.
Чындыгында эле, бул иш-чарага түрдүү курак, ишеним, ар кыл тармактын айымдары чоң майрамга келгендей эң жакшы кийимдерин кийип, көңүлдүү маанай менен келишет.
Быйыл 13 улуттун өкүлдөрү бириккен “Достук сарайы” өзүлөрүнүн улуттук кийимдери менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду.
Ал эми аталган сарайдын мүчөсү Эркайым Каримова алар Жоолук күнүнө атайын элечек кийип келгендигин айтты.
Кооз, өзгөчөлөнүп тигилген кийимдерге болгон кызыгуу - ар бир аялзатынын жаратылышындагы болгон сыпат. Бул иш-чарада коноктор көз жоосун алган кийимдер коллекциясына назар сала алышты.
Дизайнер Нурай Рустамова "Датка" аталышындагы улуттук кийимдерин тартуулады.
Нурланова Тахмина болсо "Леопард жазы" аталышындагы коллекциясы менен чыкты.
Жаш жана таланттуу дизайнер Асель Аматова кече көйнөктөр топтомун тартуулады.
Ош облусттук казыятында аялдар бөлүмүнүн башчысы Жапашова Жамиля мындай иш-чараларда аялдар өзүлөрүнүн укук милдеттери тууралуу кенен маалымат ала алышарын баса белгиледи.
Иш-чарага келгендер өзүлөрүнүн көптөн бери издеп жүргөн китептерин да ушул жерден табышты.
Анткени иш-чаранын алкагында жарманке уюштурулуп, анда китептер, жоолук, кеп такыя, улуттук суусундуктардын жарманкеси орун алган.
Азыркы учурда колго табигый боек менен кооз оймо-чиймелерди түшүрүү жайылып бара жатат. Аны – колго хна тартуу деп коюшат. Иш-чарада таланттуу кыздар айымдардын колдорунан хна тартып сүйүнтүштү.
Башынан чоң сыноону өткөрүп, күн сайын жашоо үчүн күрөшүп келе жаткан сиам эгиздеринин бири Гита Резаханова ар бир адамды ойго сала турган сөздөрдү айтты. Гита айым 19 жашында депрессияга кабылып, андан Ыйык Курандын жардамы менен чыккан. Аллах Тааланын ага болгон сүйүүсүн, терең мээримин жүрөгү менен сезе алган соң гана ал жашоого башкача көз караш менен мамиле кыла баштаган. Баса, Гита учурда Куранды жатка айтат. Гитанын сөздөрү залда отургандарды терең ойго салды.
Ичинде жоолук салынууну каалап, бирок батына албай жүргөн кыздар бул иш-чарадан көптөгөн суроолоруна жооп ала алышты. “Умма” журналынын ыктыярчыларынын бири Жылдыз ал алгач жоолук салынганда кандай кыйынчылыктарга туш болгонун жана аларды кантип жеңип чыга алганын айтып берди. “Эң башкысы, жасап жаткан ишиң Аллахтын ыраазычылыгы үчүн экендигин унутпай, мына ушундан күч, кайрат алыш керек. Жоолук салынгандан соң мурдагыдан да аракетчил, тырышчаак болуп, көздөгөн максатыңа аракеттенинүүнү улантуу зарыл”, - дейт Жылдыз.
Кыргызстанда эле эмес, коңшу өлкөлөргө да аты чыккан дизайнер Эльмира Исманова да бул кеченин ардактуу коногу болду. Ал Made in Kyrgyzstan брендин көтөрүп, өзүнүн сапаттуу жана стилдүү кийимдерин чыгарып келет. Анын кийимдерин өзгөчө мусулман аялзаты ырахаттануу менен кийишет. Бул күнү Элмира айым келгендерге чоң мотивация берди. Ал аялзаты да ийгиликтүү бизнес жүргүзө аларын, кийин балалуу болуп, үйдө отуруп калганда да кантип акча тапса болорун айтып берди.
Мотивациялык сөздөрү менен өзү жаш болсо да үлгү болууга татырлык Курманжан Ислам кызы чыкты. Азыркы тапта Грузияда билим алып жаткан Курманжан Жоолук күнү иш-чарасы үчүн атайын Ошко учуп келген. Алдыга чоң максаттарды коюп, келечекке ишенимдүү кадам таштаган Курманжан сыяктуу мекендештерибиз бизди чын дилден сыймыктандырат. Курманжан окуудан тышкары - “Кыял” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү. Карапайым үй-бүлөдөн чыккан кыз өз күчү менен Америкага окууга өтүп, Техас штатындагы Жошуа деген шаарда жашап, америкалык мектептердин биринде окууга да жетишкен. Ал өзүнүн практикасы менен бөлүшүп, көпчүлүгүн таттуу кыялга батырды.
Ар жылкы Жоолук күнү иш-чарасы кызыктуу конкурстар жана баалуу белектерсиз өтпөйт. Оюндардын ичинен бокс кол кабы менен жоолук салыныш керек болгон оюн абдан кызыктуу болуп, залды бир күлдүрүп алды.
Викториналык суроолорго коноктор аябай активдүү катышып жатышты.
Иш-чарага атайын конок болуп келген түркиялык Зехра айым жоолук салынууда ар бир улуттун өзгөчөлүгү болорун баса белгиледи.
“Жоолукту таңуулап кайсы бир улуттуку деп айтууга болбойт. Кийинүү бул адамдын жаратылышында болгон нерсе, ал эми аялдарда өзгөчө”,-деди ал.
Жыл сайын Жоолук күнү иш-чарасына катышууну каалагандардын саны өсүп жатканы уюштуруучуларды кубандырат. Иш-чара агартуучу жана көңүл ачуучу программага бай болуп, анда ынтымак, достук жана биримдиктин атмосферасы орун алгандыктан элдердин чоң сүймөнчүлүгүнө ээ боло алды.
Эске салсак, бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү бул жылы 3-ирет уюштурулду. Иш-чаранын максаты - жоолуктун исламдагы, дегеле аялзатынын жашоосундагы орду тууралуу айтылып, бүгүнкү күндө жоолук салынган кыздардын кандай көйгөйлөргө туш болору, калыптанган жаңылыш ой пикирлерди жокко чыгаруу, түрдүү көз караштагы айымдарды үй-бүлө, карьера, ден соолук, сулуулук сыяктуу жалпы темаларда бириктирип, диалогго чакыруу.
Кошумчаласак, дүйнөдө 2014-жылдан бери 1-февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленип баштаган. Бул күндү белгилөө идеясын Нью-Йорктун тургуну Назма Хан сунуштаган.