Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Менин ар улуттагы курбу кыздарым кантип жоолук салынып калышкан?

Автору: Сымбат Эсенкан кызы / Жарыяланды: 18 февраль 2019

Жыл өткөн сайын дүйнө жүзү боюнча ислам динин кабыл алгандар көбөйүүдө. Аны менен катарлаш эле жоолукчан аялзаты да арбын болуп баштады. Коом арасында оромол тагынган аялзатын тек гана үй тиричилиги менен чектелген инсан катары кароо стереотиби дагы деле арбын. Мен Кыргызстанда да, азыркы билим алып жаткан Түркияда да Ислам дининин бардык шарттарын аткарууга аракет кылган, ошол эле учурда илим-билимге умтулуп, ийгиликтерди багындырган тааныштарым, түрдүү улуттагы курбу кыздарым көп.

%article_title%

Алардын жоолукту качан жана кантип салынып калганы, дегеле жоолуктун алардын жашоосундагы орду кандай экендиги мени ар дайым кызыктырчу. Бул суроону башка көп адамдар дагы бергиси келсе керек. Менин өзүмдүн жеке тажрыйбамды деле алсам, “Эмне болуп жоолук салынып калдың?” деп сурагандар көп болду. Эмесе, түрдүү улуттагы кыздардын жоолук салынуу тарыхын бирге окуйлу.

1- Менин атым Линда. Мен, Конго мамлекетинде жашайм. Өзүмдүн үй -бүлөм христиан динин карманат. Мен өз ыктыярым менен 2012 – жылы Ислам динин кабыл алып, жоолук салына баштадым.

%article_title%

Бул эрк мага кайдан келди? Мектеп чагымдан эле исламга кандайдыр бир сырдуу кызыгуум бар болчу. Айрыкча, мусулмандардын мамилеси, турган –турпаты мени өзүнө тартып турар эле. Мусулман таанышымдан бир хадис угуп, аябай таасирленгеним эсимде. Ошондон кийин “Ислам динин кабыл алсам ата – энеме эмне деп айтам?” деген сезим жоголду. Үйгө келдим да, апама дароо мусулман болгум келерин айттым. Апам алгач мени тамашалап атат деп ишенген деле жок. Эртеси, таежемдин мусулман курбусуна барып: “Исламды кабыл алам, мага бардыгын түшүндүрүп бериңизчи”-, деп сурандым. Ошентип, мусулман болдум. Таежемдин курбусу менин мечиттин имамына барып, илим алуума кеңеш берди. Ошол мезгилде мен ыйманга абдан суусап турган экенмин. Имамдын үйү аябай алыс болгонуна карабай, сабактарын калтырбай барар элем. Албетте, кыйынчылыктар да болбой койгон жок. Атам мусулман болгонумду, жоолук салынуумду туура эмес көрдү. Ал: “Окууну же исламды: экөөнүн бирөөсүн танда!”-, деген талап койду. Мен, албетте, исламды тандадым. Эки жыл окууга барбастан, медресеге барып, илим алдым. Сыртка чыгып баратканда жоолук салынып, үйгө кирээрде атамдан тартынып алып койчумун. Ошентип, кысылып, бирок мусулман болгонум үчүн чексиз сүйүнүп жүрдүм. Бир күнү Түркияда окууга сынак жарыяланганын угуп, тапшырып көрүүнү чечтим. Себеби, Түркия диним, келечегим үчүн эң ыңгайлуу көрүндү. Аллахка шүгүр, сынактан өттүм. Азыр өзүм сүйгөн тамак – аш инженериясы факультетинде окуп атам.

2- Атым Сакина, 29 жаштамын. Мароккодон болом. 14 жашымда, мектепте окуп жүргөнүмдө кыска жана тар кийимдерди жакшы көрүп киер элем. Бир күнү түшүмдө өзүмдү жоолукчан көрдүм.

%article_title%

Бирок, өзүмө -өзүм “Бул тек гана түш, мааниси деле жок”-, деп маани берген эмесмин. Кийинки түнү да ошондой эле түш көрдүм. Эртең менен ойгонуп, “эки жолу бир эле түштү көрүү - бул жөн жерден эмес” дедим. Ошол күнү математика сабагым бар болчу. Мугалимим абдан диндар аял эле. Сабак бүтөрү менен, жанына барып, түшүмдү айтып берип, кандай маанини билдирерин сурадым. Ошондо эжейим: “Кызым, балким, Аллах сенин жоолук салынууңду каалап жаткан чыгар”-, деди. Мугалимдин сөзү мени абдан таасирлентти. Бул күнү үйгө кетип бараткан жолдо биричи жолу жоолук салынган кыздарды байкай алдым. Ичимден “Карачы, алар оромолчон жана кандай гана сулуу көрүнөт”-, дедим. Эртеси эрте туруп, жоолук салынууга ниет кылып, апамдан жоолук сурадым. Кийим текчемден эң узун көйнөк таап, аны кийип алып мектепке жөнөдүм. Классташтарым мага таң калып: “Сакина, чын эле жоолук салынайын деп чечтиңби?”, - деп сурашты. Мен “Ооба” деп бактылуу жооп берип жаттым. Ошентип, мектепти аяктап, университеттин экономика бөлүмүнө тапшырдым. Магистрдык даража алып, белгилүү бир фирманын жетекчисинин ассистенти болуп дайындалдым. Азыркы учурда доктордук даражамды жактоого даярдануу үстүндөмүн. Каалаган максаттарыма жеттим жана менин жоолугум буга эч тоскоол болгон жок. Аллах кааласа, өмүрүм боюнча оромолчон калам.

3- Менин атым Мариям. Түркия мамлекетинен болом. Учурда түркология факультетинин магистратурасында окуп атам. Мен негизи радикалдуу чечимдерди кабыл алган адаммын. Жоолукту 17 жашымда салындым.

%article_title%
Мариям

Мусулман, эле диндар эмес үй бүлөнүн кызымын. Кичинекей кезимде көбүнчө ачык кийимдерди кийгенимде ата – энем эч нерсе дечү эмес. Кийин жан дүйнөмдө өзүм да түшүнө албаган бир өзгөрүү болду. Оромол тагынууну кааладым. Муну эки ай бою эч кимге айтпай ойлонуп жүрдүм. Мектеп формасынын юбкасы кыска болгону үчүн, аны кийбей өзүмдүн узун юбкамды кийип баштадым. Бир күнү жакын досума “бүгүн окууга жоолук салынып келем” дедим да, өзүмдө болгон жалгыз сары жоолукту салынып, апама бардым. Апам өзү жоолук салынбаган аял. Ал мага: “Эгер кайра оюңду өзгөртчү болуп, жоолугуңду салынбай калсаң, анда баштан эле салынбай кой”-, деген кеңешин айтты. Мен болсо, бул маселени көптөн бери ойлонуп, бекем ишеним менен чечкенимди түшүндүрдүм. Ошентип, көчөгө чыктым. Бардыгы мени карап, сындап жаткандай сезилди. А чындыгында, эч ким мени караган эмес экен. Мага ошондой сезилиптир. Көп өтпөй мен үчүн жагымсыз болгон көрүнүштөр башталды. Үй бүлөм, туугандарым, кошуналарым мага: “Сен, чоң аялдарга окшошуп эмне себептен жоолук салынып алдың, диний жамаатка мүчө болдуңбу, сага үйлөнчү жигит ушинтип сенин башыңды айландырып алдыбы?!”,- деген сөздөр менин жүрөгүмдү оорутту. Мен ошол мезгилде жоолук тууралуу аятты деле билчү эмесмин, болгону аялзаты уяттуу жерлерин жабышы керек деген түшүнүк бар эле. Илимим болбогону себептен да аларга чечимимди так, даана жеткире албасам керек. Тааныштарымдын кээ бири: “Эски Мариямды жакшы көрчүбүз”-, деди. Ал убакта өлкөбүздө жоолук салынууга тыюу салынгандыктан, мени менен пикирлеш, максатташ болгон тааныштарым да жок болчу. Ошондон да уламбы, айтор, өзүмдү жалгыз сезип, бышактап ыйлаган учурларым көп болду. Жоолугумду үйдөн чыгып баратканда салынып, мектепке киргенде алып салууга мажбур болуп жүрдүм. Убагында жоолугум үчүн көз жашымды төгүп, ачуу сөздөргө чыдаган экенмин. Жоолугумдун жашоомдо ар дайым мени менен болушун каалайм.

4- Менин атым Садо, мен Сомали мамлекетинен болом. Экономика факультетинде окуйм. Сомали мусулман өлкөсү болгондуктан, мен мектепке киргенден баштап эле жоолук салындым.

%article_title%
Садо

Окууда көп жолу ийгиликтерди жоолугум менен багынттым. Университетте биринчи орунду алып, бир эмес, эки стипендиялык программаны жеңип алдым Албетте, адамдардын көпчүлүгүн кызыктырган суроо - “Эмнеге мусулман кыздары жоолук салынышат? Ысыкта эмнеге силер өзүңөрдү кыйнап тумчуланасыңар?" Мен жоолукту Аллахтын бизге берген парзы болгондугу үчүн салынууну чечтим. Жоолуктун бардык жактан пайдалуу экендигин күнүгө байкайм. Мисалы, алардын бири - мен өзүмө өзүм “жоолукту салындым, эми Аллахтын башка буйруктарын да ошого жараша аткарайын” деп өзүмдү колдон келишинче түздөп турам.

5- Менин атым Сумая. Мен Македония өлкөсүнөн болом. Македониянын калкынын 65 пайызы христиан, 35 пайызы мусулман. Бирок мусулмандардын көбү шариаттын негизинде жашашпайт.

%article_title%
Сумая

Мектепте окуп жүргөнүмдө “Мен мусулманмын. Бирок, эмне үчүн Аллах айткандай жашабайм?” деп өзүмө өзүм суроо бердим. Ошентип, диний китептерди окуп, лекцияларды көрүп баштадым. Ата – энем диндар эмес болгондуктан, мага жоолук салынууну эрте деп ойлошту. Эки жылдай жоолук салынуу арзуусу менен жашадым. Дубаларымдын жардамы, Аллахтын каалоосу менен жоолугумду 2017 –жылы салындым. Жоолук салынган соң эл аралык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды ээледим. Классташтарымдын көбү христиан болчу. Албетте, алар менен мурункудай эле сый мамиледе калдым. Кээ бирлеринин “мусулмандардын билими аз” деген пикирлерин угуп калганда, алар менен сүйлөшүп, бул пикирдин жаңылыш экендигин түшүндүрүп бергенге аракеттенчүмүн.

6- Менин атым Рассел, Сириядан болом. Азыркы тапта стоматология факультетинде окуп жатам. Үй-бүлөм диндар болгондуктан, жоолук салынуумду колдошту.

%article_title%
Рассел

Эсимде, алгач апам базарга атайын барып, мага түрлүү түстөгү бир нече жоолук алып келип берип, менин чечим кабыл алуумду күткөн. Мен болсо, жүрөгүм менен чечим кабыл алып, жоолук салындым. Апам дайыма айтар эле: “Жоолук- кыздын жеке чечими, эрки менен болсо, анда жоолугун урматтайт жана акысын берүүгө аракеттенет. Кыйноо менен кызды жоолук салдырууга болбойт”. Чынында эле, жоолук салынуудан мурун кыз киши өзү руханий жактан даяр болуп, ал Аллахтын буйругу экенин жүрөгүнүнү түпкүрү менен аңдап - сезүүсү абзел. Ар бир жоолукчан кыз жоолук салынганы үчүн эч уялбастан жана тартынбастан тилеген тилектерин, алдыга койгон максаттарын ишке ашыруулары керек.

7- Менин атым Юсра. Түркиянын жаранымын. Медицина тармагында окуйм. Мен жоолукту Түркияда тыюу салынып аткан мезгилде салындым.

%article_title%
Юсра

Жакшы окуган кыздардын бири элем. Мугалимдердин айрымдары: “Сен ийгиликтүү болом десең, жоолугуңду чечишиң керек, азыр али жашсың”-, деп менин оюмду өзгөртүүгө аракет кылышты. Лицейге өтүү үчүн сынакка катыштым. Сынактан эң жогорку бал алып, алдыңкы лицейлердин бирине өттүм. Бирок, ал жерде жоолук талуу маселе болгондуктан баш тартып, Имам Хатип лицейин тандадым. Бул тандоом үчүн эч качан өкүнбөйм. Бул лицейге келген окуучулардын 90 пайызы жоолук маселесинен улам тапшырышкан. Имам Хатип лицейинде техникалык билим жок болчу. Биз, окуучулар, келечекте өзүбүз каалаган окуу жайга тапшыруу үчүн техникалык билимдердин окутулушун мугалимдерден талап кылып, максатыбызды ишке ашыра алдык. Мен 10 – класста окуп жатканда Түркияда жоолукка тыюу салуу токтоду. Медицина факультетине биздин лицейдин бүтүрүүчүлөрү гранттык негизде кабыл алына баштады. Ошол мезгилде бул көрүнүшкө бир тобу таң калган. Мен жоолук тыюу салынган да, эркин болгон да заманды көрдүм. Мени көрүп, “Мен да жоолук салынсам”-, деген пикирди укканда аябай сүйүнөм. Жоолугумсуз жашоомду элестете албайм. Өзүмдү тааныштырганда адеп, “Мен жоолукчанмын” деп баштайм. Анткени, бул кадамга өз каалоом, эрким менен бардым.

Окурман, кыздардын жоолук салынуу баяндарын окуп таасирленген чыгарсыз. Балким буга окшош окуяларды сиз же жакыныңыз башынан өткөргөндүр. Бир чындык бар. Жоолук салынгандан кийин Аллах Таала Өзүнүн Кудурети, Мээрими менен ал аялзатынын жүрөгүнө Аллахка гана тобокел кылууну жана Жараткандан башка эч ким тартуулай албас тынчтыкты салып коёт экен. Буга курбу кыздарымдын баяндарынан соң дагы бир ирет ишендим.

Сымбат Эсенкан кызы, Түркиянын Акдениз университетинин магистранты

.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
23 август 2019г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:17
Бешим
13:04
Аср
17:53
Шам
19:56
Куптан
21:23
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов