Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Таасирдүү окуя: Ааламга жарык чача бил

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Интернет / Жарыяланды: 19 февраль 2019

Бир адам соода кылуу максатында шаардын ичине дүкөн ачат. Ал адам соодага бүт дитин коюп, эч качан эч кимди алдабайт. Саткан тиричилик буюмдары да өтө кымбат эмес эле. Бул кылганы бат эле шаардын экинчи учуна, андан кийин башка шаарларга да жетет.

null

Акырындап, туруктуу кардарлары да көбөйүп, башка шаарларга да дүкөн ачып, иштете баштайт. Жылдар өтүп, ар кайсы шаарда орун алган дүкөндөр тармагынын ээси болот. Ошентип, бул дүкөндөр тармагын башкарууну кайсы баласына берүү керектигин ойлонот. Акыры балдарын чакырып: "Балдарым, эми силердин бирөөңөр ушул дүкөндөр тармагын башкарып калууңар керек. Бирок, силер ага татыктуу экениңерди далилдегиле. Силер 100 сомдон акча алып, ага үйдүн чоң бөлмөсүн толтура турган нерсе сатып алууңар керек. Кечинде кимиңер тапшырманы так аткарып келсеңер, ошонуңар башкаруу укугуна ээ болосуңар" - дейт. Балдары бул чечимге макул болушат да, жөнөп кетишет. Кечинде атасынын алдына келишет. Биринчи уулу шаардын сыртындагы досунун чарбасына барып, жүз сомго эки боо саман сатып алганын айтат да, аны алып келип, бөлмөгө чача баштайт. Эки боо саман түгөнөт, бирок бөлмөгө толук жетпей калат. Экинчи уулу жууркан жасаган адамга барып эки жаздык сатып алганын айтат да, аны ачып, ичиндеги тооктун жүнүн чача баштайт. Бөлмөнүн ичи сапырылып, аппак болуп калат, бирок ал да бөлмөгө толук жетпей калат. "Сен эмне сатып алдың? - деп үчүнчү уулуна суроо салат атасы. Ал: "Алгач бир эски дүкөнгө бардым, акчаны майдалаттым да, элүү сомун жетимдер үйүнө бердим, жыйырма сомун садага бердим, он сомун өтө зарыл деп карыз сурап келген досума бердим, калган жыйырма сомго болгону эки нерсе алдым: бир куту ширенке жана бир шам" - дейт да, ал экөөнү алып чыгып, шамды жагат. Ошол замат саманга, тооктун жүнүнө толгон бөлмө башынан аягына чейин жарык боло түшөт. Ошондо атасы баласына кайрылып: "Азаматсың, уулум, сен менин айтканымды толук түшүнүпсүң. Жашоодо акчаны, аны менен бирге башка нерселерди да максаттуу колдоно билүү керек. Бул дүкөндөр тармагын башкарууну сен колго аласын. Сен жашооно жарык чачканды үйрөнүпсүң. Бул эн сонун!" - дейт.

"Жакшылыкта жарышкыла". (Бакара:148)

Маалымат булагы: Ихсан Медиа порталынан алынды



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
24 август 2019г.
Багымдат
4:34
Күндүн чыгуу
6:18
Бешим
13:04
Аср
17:51
Шам
19:54
Куптан
21:22