Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Турдакун Ниязалиев Сами Юсуф, Махер Зейндердей дүйнөлүк деңгээлге чыгууга кадам таштады

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 27 март 2019

Чет өлкөдө Сами Юсуф, Махер Зейн, Яхья Хавва болсо, ал эми Кыргызстанда - Турдакун Ниязалиев.

Турдакун Ниязалиев угармандардын Аллах Таалага, пайгамбарыбыз Мухаммедге (САВ) болгон сүйүүсүн күчөтүп, бийик адамдык баалуулуктарга чакырган нашиддери жана ырлары менен белгилүү. Карандай эмгектин, чымыркана умтулуунун аркасында гана Турдакун Ниязалиев чыгармачылыкта орун алып, угармандардын жүрөгүнөн түнөк таба алды. Төмөндө, Турдакун Ниязалиевдин сизге анчайин белгилүү боло бербеген тараптарын камтыган фактыларды сунуштайбыз:

null

1- Турдакун Ниязалиев - жогорку билими боюнча тилчи. Ал Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин араб тили факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Ал сабакты мыкты окуган студенттердин катарында эле. Студенттик жылдарынын басымдуу бөлүгү китепканада өткөн. Окутуучулар да анын тырышчаактыгын, бат үйрөнүп кетүү жөндөмдүүлүгүн жана баштаган иштин майын чыгара жасоого болгон аракетин жогору баалашчу.

2- Турдакун Ниязалиевдин ата-энеси - таланттуу адамдар. “Аккан арыктан суу агат” демекчи, алардын таланты уулуна жугуп, Турдакун мырза да окуучулук кезинде саптарды уйкаштырып, кыңылдап обон чыгарып койчу жайы бар экен. Бирок ал чыгармачылыкта башкача жол менен кетүүнү чечет. Ислам баалуулуктары менен чоңойгондуктан ар бир иштен Жараткандын ыраазычылыгын издеп, коомго пайдалуу иш жасоону көксөйт. Ошентип, Турдакун Ниязалиев жалпы адамдык баалуулуктарды көтөргөн, биримдик, ынтымакка чакырган, Аллах Тааланы улуктап, пайгамбарыбыз Мухаммеддин (САВ) жолун жолдоого үндөгөн, жакшылыкка чакырган чыгармаларды жазып баштайт. Кооз, жүрөктөрдүн түпкүрүнөн орун алган нашиддерди аткарат. “Адамдарга маалымат ар кандай жол менен жетет экен. Кээ бирлерине китеп, баян аркылуу, кээ бирлерине чыгармалар аркылуу. Мисалга, менин үй-бүлөлүк баалуулуктарды көтөргөн, түгөйлөрдүн тунук сүйүүсүн баяндаган “Жубайыма” аттуу ырым көптөгөн адамдардын тагдырына чоң таасирин тийгизген”, - дейт Турдакун мырза. Аталган ыр бир нече үй-бүлөнү ажырашуудан сактап калган. Бул үй-бүлөлөр Турдакун Ниязалиевге келип, көздөрүнө жаш алып, терең ыраазычылыгын билдиришкен.

null

3- Турдакун Ниязалиевди чыгармачылык жолго нашиддерди аткарган, дүйнөгө белгилүү британиялык ырчы Сами Юсуф шыктандырган.

Турдакун Ниязалиевдин нашиддерди, диний мүнөздөгү ырларды жазып, ырдашына досу себеп болгон. “Мага досум “нашиддерди аткарган Сами Юсуф деген бар экен. Сен да ушинтип чыксаң эмнеге болбосун” деп айтып калды. Ал кезде телефон, интернет анча өнүгө элек кез. Экөөбүз Сами Юсуфтун нашиддерин угуу үчүн атайын интернет клубга бардык. Анын “Аллахтын ысымдары” деген нашидин уктук. Бул мени абдан шыктандырды”, - дейт Турдакун Ниязалиев.

4- Турдакун Ниязалиевдин динге болгон кызыгуусу менен сүйүүсүнүн ойгонушуна чоң апасынын эмгеги чоң. “9-10 жаштарымда апам орозо кармачу. Мен “орозону кантип кармайсыз?” деп кызыга берчүмүн. Анда апам: “Орозо түндө келет, анан мен аны шыйрагынан кармап жеп коем” деп айтып калчу (күлүп). Минтип айтса, мен орозону тоок сыяктуу элестетчүмүн. Түндө турсам, чоң апам экөөбүз орозону жейбиз деп ойлочумун. 1-2-классымдан баштап жыл сайын апама “орозо кармайм” деп айта баштадым. Апам мени “азырынча кичинекейсиң” деп койчу. Кийинчерээк, 4-класстан тарта орозо кармап баштагам. Биринчи жолу кадимкидей күткөм, орозо келет, шыйрагынан кармап, бышырып жейбиз деп (күлүп). Апам ошондо орозо деген эмне экенин түшүндүрүп берген. Андан соң айылдагы молдокелерге алып барып, “кийин мен өтүп кетсем мага Куран окуп жүр” деп тамга таанып, Куранды үйрөнүүгө шыктандырып жүрдү. Ошентип, динге жакын болуп чоңойдум”,-дейт Турдакун Ниязалиев.

null

5- Турдакун Ниязалиев билимге өзгөчө маани берет. Турдакун мырзанын айтымында, анын студенттик жылдары бир топ сыноолор менен коштолгон. Айылдан шаарга студент болуп келген жылдары ал айына болгону 350 сом менен жашаган. Жол киреге ашыкча акча коротуу, түшкү тамакты тое ичүү деген болгон эмес. Ошондо да ал окуусун таштап, акча табуу үчүн жумуш издеп кетпестен, китепканадан чыкпай сабак окуп, университетти артыкчылык менен бүтүргөн.

6- Турдакун Ниязалиев алгач ирет чоң сахнага “Салават” деген нашиди менен чыккан. “Анда диний ырлар жарышы уюштурулуп, мен да катышып, 1-орунду алгам. Ошондогу элдин алдындагы толкундануумду азыркыга чейин эстейм”, -деп эскерет ырчы.

null

7- Арада 6 жыл...Турдакун мырза 2009-жылдан баштап эле бир нече нашиддерди жазып, аткарып чыккан. Бирок аларды убагында радио, телевидениелер алышкан эмес. 2015-жылы ал жубайына арнап, ыраазычылык катары “Жубайыма” деген ырын жазган. Бул чыгарма кыска аралыкта эл оозуна алынып, популярдуу болуп кетет. «Жубайыма» ырынан соң Турдакун Ниязалиевдин нашиддерин угармандар өзүлөрү издеп таап, уга башташкан.

8- Турдакун Ниязалиевдин чыгармачылыкта жүргөнүнө 10 жылдан ашты. Бүгүнкү күндө анын авторлугунда 30дан ашуун ырлары жана нашиддери бар. Анын чыгармачылыгынын бийик максаты - адеп-ахлак, ынтымак жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга чакырган ырлары аркылуу элге ыйманды жеткирүү.

null

9- Турдакун Ниязалиев балдарга абдан жакын. Ал буга чейин жетим балдар үйүндө тарбиячы болуп иштеген.

10- Учурда да ал чыгармачылыктан тышкары кайрымдуулук менен активдүү алектенип, “Элистан” балдар борборунда жетекчи болуп иштейт. Бул жерде жетим жана жарым жетим балдар жашашат. Турдакун мырза мындагы ар бир баланы өз баласындай көрүп, алар үчүн күйүп турат. Тагдырдын оор сыноосуна кабылган бул балдардын андан ары билим алып, жашоосун татыктуу улантып кетүүлөрү үчүн ал кайрымдуу адамдардан каражат издеп, бүткүл күчүн жумшайт.

11- Турдакун Ниязалиев учурда дүйнөгө белгилүү сириялык ырчы Яхья Хавва менен дуэт жаздырышууда. Яхья Хавва ар дайым мусулмандардын таламын талашып ырдаганы үчүн аны “революционер” ырчы дешет. Мындан тышкары, ал Сами Юсуф, Махер Зейн менен да дуэт жаздырууну самайт.

null

12- Турдакун Ниязалиев баарынан да атасын сагынат. Атасы мындан бир канча жыл мурун бул дүйнө менен кош айтышкан. “Атанын орду толбойт. Мага ар тараптан жардам берип жүргөн агаларым бар. Алар атам курактуу, же андан 2-3 жыш кичүү. Агаларым мага жардам берген сайын, алардын мага кылып жаткан мамилеси атам сыяктуу туюла берет. Ошондуктанбы, аларга эркелегим келе берет”, - дейт Турдакун Ниязалиев.

13- Турдакун Ниязалиев жөнөкөйлүктү жогору баалайт. Өзү да жөнөкөйлүгүнөн жазбаган адам экенин биз маегибизде байкай алдык.

14- Турдакун Ниязалиев келечекте продюсер менен иштешүүнү пландоодо.

null

15- Турдакун Ниязалиев учурда сүйүктүү жубай, 4 баланын камкор атасы.

16- Турдакун Ниязалиев угармандарын эртең алгач ирет, өзгөчө форматтагы чыгармачыл кечесине (ыйман кечеси) чакырат. Кече 29-мартта (эртең) саат 18:00до Кыргызстандагы эң мыкты ресторандардын бири "President City Hall" ресторанында өтөт. Кечени Турдакун Ниязалиевдин сахналаш достору коштойт. Ыйман, адеп-ахлак, тарбия тууралуу атайын даярдалган видеороликтер көрсөтүлөт. Билет баасы 1000 сом. Билеттин ичине конокторго арналган фуршет да кирет. Сурап билүү телефондору : 0705 16 05 89, 0554 16 05 89. Шашылыңыздар! Орундар чектелген.

null



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
14 октябрь 2019г.
Багымдат
5:40
Күндүн чыгуу
7:14
Бешим
12:48
Аср
16:37
Шам
18:25
Куптан
19:56
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов