Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Дубайда Куран китебине арналган уникалдуу Парк курулду

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 3 апрель 2019

Дубайда (Аль-Хаваниж району) Ыйык Куран китебине арналган дүйнөдөгү алгачкы Парк пайда болду. Бул тууралуу бир катар эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

null

Аталган уникалдуу парктын ачылышы 29- мартта өттү. Бул парктан жергиликтүү жашоочулар жана туристтер Куранда баяндалган кереметтер тууралуу маалымат ала алышат.

Алсак, Куранда аты айтылган 54 өсүмдүктөр менен тааныша жакындан таанышууга шарт түзүлөт. Ал өсүмдүктөрдүн медицинада жана илимде тастыкталган пайдалары, азыркы учурда кантип пайдаланылары тууралуу маалымат камтылган.

null

Ошондой эле, Паркта алдыңкы заманбап технологиялар менен жабдылган “Кереметтердин үңкүрүндө” Куранда айтылган таң калычтуу феномендерден кабардар болууга мүмкүн.

60 тан ашуун гектарлык аянтты камтыган Паркта ачык театр, айнек үй, административдик курулушат, балдар ойноочу аянтчалар, чөлдүү бакча, пальма оазиси, көл, фонтан, сейилдөө, чуркоо жана велосипед тебүү аянтчалары бар.

null

Аталган паркта экология тармагындагы маданий жетишкендиктер да көрсөтүлгөн. Анын максаты - элдер жана диндер ортосундагы маданий алаканы бекемдөө.

Белгилей кетсек, бул Парк эң престиждүү долбоорлордун бири болуп саналат.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
20 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:20
Күндүн чыгуу
07:59
Бешим
12:47
Аср
15:53
Шам
17:40
Куптан
18:55
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов