Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Зумар" сүрөсүнүн 6-аяты медицинадагы чоң ачылышты кантип баяндаган?

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Интернет / Жарыяланды: 1 июль 2019

Куран - бул бүткүл илимдердин булагы. Илимий ачылыштардын, прогресстердин эң акыркы жеткен чеги Куранда бар. Куран адамзатка эң эле бактылуу жашоонун жолун үйрөтөт. Андагы мыйзамдарга баш ийсек материалдык жактан барчылык, руханий жактан тынчтыкта болмокпуз. Болгону, биз, мусулмандар аны изилдеп табышыбыз керек. Бүгүн биз Курандан дагы бир керемет аяттын илимий түрдө ачыкталышын карап көрөлү.

null

“Зумар” сүрөсүнүн 6-аятында Аллах Таала минтип айтып жатат:

“Ошондой эле силердин энеңердин ичиндеги үч караңгылыкта бир жаратыштан кийин, дагы бир жаратышта жаратты. Мына ушундай кылган - Эгеңер Аллах. Өкүмдарлык - Ага гана таандык. Андан башка Кудай жок. Кайда бурулуп кетесиңер?”

Бул кереметтүү аятта эненин курсагындагы бөбөктүн үч караңгылык бир мезгили, тактап айтканда, үч бөлүктөн турган жаратылыш системасы менен жаратылары тууралуу айтылууда. Кыргызча үч караңгылык ичиндеги деген мааниге келген аят эмбрион жаратылып жаткан кездеги үч караңгы аймакты туюнтууда. Бул караңгылыктар:

1. Курсактын караңгылыгы;

2. Жатындын караңгылыгы;

3. Чел кабыктын караңгылы;

Азыркы күндөгү эмбрионология илими да муну далилдеди. Көрсө ымыркайдын эмбрионалдык фазасы үч башка-башка караңгы бир аймакта ишке ашат экен. Бул илимий ачылыш эмбрионология илиминде баалуу маалыматтардан болуп,бүткүл медициналык окуу жайларда окутулууда. Медициналык илимий адабияттардын ичинен баалуу эмгек катары бааланган “Адамдын негизги эмбрионологиясы” аттуу китепте бул баскычтар мындайча тартиптелген:

1. Алгачкы эмбрионалдык (предэмбрионалдык) баскыч – алгачкы 2.5 жумалык мезгил;

2. Эмбрионалдык баскыч – 8-жуманын аягына чейин уланган мезгил;

3. Феталдык баскыч – 8-жумадан төрөлгөнгө чейинки мезгил.

“20-кылымга чейин эмбрионалдык баскычтар, өсүүлөр, өнүгүүлөр тууралуу эч кандай так маалымат болгон эмес. Буга чейинки окуумуштуулар ар кандай божомолдорду гана айтып келишкен. Бирок эч ким так маалымат айта алган эмес эле. Чынында, эмбрионалдык баскыч - өтө татаал, түшүнүү кыйын болгон бир система. Бирок Куран муну өтө жөнөкөй жана так айтып койгон” - деп айтат белгилүү эмбрионолог профессор Кейт Мур.

1400 жыл мурун өтө татаал илимий акыйкатты жазып койгон Кураныбызды окубаганыбыз үчүн биз, мусулмандар, азыр илим-технологияда алда канча артта калып баратабыз. Куран - бул адамзатты өнүктүрүүчү китеп. Ислам - бизди прогресске жетелей турган системага ээ болгон дин. Болгону аны карманган биз бул акыйкаттарды изилдебей, изилдегендерибизди ишке ашырбай койгонубуз үчүн, дагы да тагыраак айта турган болсок, динибизден, Кураныбыздан алыстаганыбыз үчүн өнүгүү жарышында артта калуудабыз.

Бирок азыр да кеч эмес. Ушунча жалкоолук төшөгүндө жатканыбыз жетишет. Өнүгүү, өсүү заманы эбак келди. Улуу ислам аалымы Бедиуззаман Саид Нурси “Биз кышта келдик. Силер гүлдөгөн жазда келесиңер”деп айткандай, биз азыр жаз мезгилиндебиз. Исламдын жазындабыз. Аталарыбыздын жолун жолдогон биз, сөзсүз, өнүгөбүз, өсөбүз. Себеби, Аллах биз менен!

Кембагалчылык биздин тагыдырыбызда жазылган эмес. Ал болгону жалкоолугубуздун жыйынтыгы!

Маалымат булагы: "Бейиш Нуру" YouTube каналындагы видеонун негизинде жазылды.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
23 сентябрь 2019г.
Багымдат
5:15
Күндүн чыгуу
6:50
Бешим
12:54
Аср
17:09
Шам
19:01
Куптан
20:33
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов