Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Темир жер астынан чыкса, анда эмне үчүн Куранда аны “түшүрдүк” деген?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 12 июль 2019

Темир – бул Ыйык Куранда аты аталган элементтерден. Атүгүл, Куранда “Темир” деген аталыштагы “Хадид” сүрөсү бар. Ушул “Темир” сүрөсүндөгү бир кереметтүү аят көпчүлүк илимпоздордун көңүлүн бурат.

null

“...Ошондой эле биз темирди түшүрдүк. Анда адамдар үчүн мыкты күч жана пайда бар...” (“Хадид” сүрөсү, 25-аят).

Аятта “түшүрдүк” деген мааниге келген “Анзалнаа” сөзү колдонулууда. А бирок темир жер астынан чыгып жатпайбы? Эмне үчүн Куранда темирди жер астынан чыгардык деген жок? Эмне үчүн “темирди түшүрдүк” деп жатат? Келиңиздер, бул аяттагы “түшүрдүк” сөзүн тереңирээк изилдеп көрөлү.

Темирдин пайда болуусу үчүн өтө жогорку температурадагы жылуулук керек. Андай температура жерде да, күндө да жок. Күндүн 6000 градустук сырткы жылуулугу, 15 млн градустук ядролук ысыктыгы да темирдин пайда болуусу үчүн жетишсиз. Темир күндөн да ысык болгон бир нече 100 миллиондук температурада гана пайда болот. Мындай температурадагы ысыктыка ээ болгон күндөн да чоң болгон жылдыздар бар. Бул жылдыздарга “нова” же “супернова” деген ат берилип келет. Бул жылдыздардагы темирдин өлчөмү белгилүү бир чекти ашкандан кийин жылдыз темирди кармай албай жарылып кетет. Натыйжада, темир космоско чачырайт. Демек, темир аятта аткандай чоң жылдыздардын жарылуусунан улам жерге түшүрүлгөн. 20-21-кылымдын астрономиясы араң изилдеп ачкан бир ачылыштын 14 кылым мурун, илим-техника өнүгө элек доордо Куранда жазылып калуусу сизди таң калтырдыбы?

Аяттын дагы бир көңүл бурчу “темир адамдар үчүн пайдалуу жана анда күч бар” деген жерин карайлы. Бул аят түшкөн 7-кылымда темирден курал жарак гана жасалчу. Темирдин башка пайдалары тууралуу адамдар билишчү эмес. Эмне үчүн Куран “темирде силер үчүн пайдалар бар” деп жатат ойлонуп көрүңүзчү. Келиңиздер, темирдин биз үчүн дагы кандай пайдалары бар экенин дагы да тереңирээк карап көрөлү. Эгер ааламда темир болбосо көмүртекке байланыштуу жашоо болбой калмак. Супернова жылдыздары пайда болмок эмес, алгачкы доорлордогу глобалдык ысуу ишпайт болчу. Атмосфера, гидросфералар, коргоочу магниттик талаа да болмок эмес. Жерди ар кандай зыяндуу энергиялардан коргогон Ван Аллен деп аталган радиацилык талаа, озон катмары болмок эмес. Кандагы гемоглобинди пайда кылчу металл, кычкылтектин реакциялык өзгөчөлүгүн азайта турган метал болмок эмес, тирүү организмдердеги зат алмашуу процесси ишке ашпайт эле. Мына, эгер темир атому болбосо мына ушул жогорудагы процесстер ишке ашмак эмес. Бул процесстердин кээ бирлерин биринчи жолу уктуңуз, туурабы? Атүгүл, кээ бирлерин түшүнбөй да калдыңыз чыгар. Бул жогоруда аталган процесстер - биздин жашообуз үчүн өтө маанилүү болгон, ар бири өз-өзүнчө терең илимий изилдөөгө муктаж процесстер. Куранда “темирде силер үчүн пайда бар” деген кезде мына ушул пайдалар айтылган экен. Чынында, таң калыштуу туурабы? Дегеле бизди курчап турган бул ааламдын, жаратыктардын баары таң калыштуу. Ушунчалык таң калыштуу, эгер ошол жаратыктардын чыныгы ээсин таппасаң акыл жинди болуп кете жаздайт. Бирок сиз шашпаңыз. Али бүтө элек. “Темир” сүрөсүнүн дагы бир кереметин айтып берели. “Хадид” сүрөсүнүн Куран грамматикасындагы чыныгы аталышы “Ал Хадид”. Бул “Ал Хадид” сөзүнүн арапчадагы сандык өлчөмүн абжад илими боюнча эсептегенибиздеги саны - 57. Таң калычтуусу, “Хадид” сүрөсүнүн Курандагы катары да 57. Эгер “Ал Хадид” эмес, жөн гана Хадид деп накра шекилинде ала турган болсок, анда арапчадагы сандык өлчөмү абжад илими боюнча 26га туура келет. Таң калычтуусу, темир атомунун саны да 26. Мынакей, эми чындап акыл таң калды. Бул акыйкаттардын баары Куран Аллахтын сөзү экендигин тастыктоодо, Куранды элге жеткирүүчү зат Мухаммад (САВ) болсо Аллахтын кулу жана элчиси болгондугун далилдөөдө. Муну уккан соң “Аллаху акбар” деп моюн сунбоого арга калбайт.

Маалымат булагы: "Бейиш нуру"YouTube каналындагы видеонун негизинде жазылды.



Намаз убактылары
20 апрель 2024г.
Багымдат
4:28
Күндүн чыгуу
6:13
Бешим
13:01
Аср
17:48
Шам
19:53
Куптан
21:09
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов