Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Омандагы 1 жыл. Араб айымдары мени кантип таң калтырды?

Автору: Хани Тукеева / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 2 сентябрь 2019

Мекендешибиз Хани Тукеева учурда Оман султанатындагы эң алдыңкы сулуулук борборлорунун биринде визажист болуп иштейт. Анын бул жакка келгенине 7 ай болуп калды. Хани айым алгач 2018-жылдын декабрь айында аталган сулуулук борборуна тажрыйба алмашуу, окуу үчүн келсе, эми атайын чакыруу менен визажист катары жумушка алынды. 1 жылга чукул Оманда жашап, жалаң араб аялдары менен иштешип калган Хани Тукеева аны таң калтырган учурлар жана сулуулук темасында биздин редакцияга атайын блог жазып, жолдоду.

Жер кыдыруу, жаңы адамдар, жаңы маданият менен таанышуу дүйнө таанымыңды кеңейтип, бир жагынан чыйралтса, экинчи жагынан эс алдырат экен. Кудайга шүгүр, бала кездеги кыялым орундалып, чет өлкөдө өзүм сүйгөн кесип боюнча иш алып барып жатам. Учурда мен Оман султанатындагы эң алдыңкы сулуулук борборлорунун биринде иштейм. Бул жакка келгениме 1 жылга жакындап калды. Жалаң аялдар менен гана иш алып баргандыктан, аларды жакындан таанууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

null

Өзүлөрүн тизменин башына койгон омандык араб айымдар

Омандык араб аялдар өзүлөрүн абдан жакшы көрүшөт, баалашат, ошого жараша өздөрүнө өзгөчө кам көрүшөт экен. Алгачкы күндөрү мага бул нерсе бир аз өөн учурап жатты. Анткени, кыргыз аялдарынын көбү өзүнөн мурун үй-бүлөсүн, балдарын ойлошот. “Мен ичпесем, мен кийбесем мейли, балдарыма, ата-энеме, үй-бүлөмө” жетсин деп турушат эмеспи. Менин бир таанышым бар эле. Көп балалуу эне. Жашоо-шарты деле жакшы. Балдарына кийим-кече, тамак-ашын ашыгы менен алып берчү. Бирок өзүнө келгенде дайыма аяп коер эле. Ал эми омандык аялдар өзүлөрүн эч качан тизменин аягына коюшпайт. Жолдоштору да бул нерсеге көнгөнбү, айтор, алардын бардык “каприздерин” аткаруудан баш тартышпайт экен.

Баса, жергиликтүү омандык араб аялдардын көбү иштешпейт. Мен келгенден бери бир да араб аялынын базарда иштеп отурганын көргөнүм жок. “Иштешпесе, анда керээлин кечке үйдө отуруп эмне кылышат болду экен?” деген суроо пайда болсо керек сизде. Минтип ойлосоңуз, анда жаңылышасыз. Анткени омандык аялдар иштебегени менен үйдө да отурушпайт. Өзүн өзү өнүктүрүүгө багытталган ар кандай курс, семинар, мастер-класстарга барышат, коомдук иштер менен алектенгендери да бар. Бул жактагы аялзатынын өзүнө арнаган убактысынын көп болгону үчүнбү, алар дене-боюна да ашыгы менен кам көргөндөй сезилди мага.

Мисалы, эгер алар башка эле бирөөнүн тоюна конок катары бара турган болушса, ага 1 күн кечке даярданышат. Биздин сулуулук борборго эртең мененки саат 9да келип, кечки саат 9 да кеткен кардарларыбыз болот.

null

Омандагы романтика

Өмүрлүк жолдоштору да абдан романтик келишет экен. Буга да аябай таң калдым. Кардарыбыз бизде жасанып отурган чакта күйөөлөрү гүл, ар кандай таттууларды, жыпар жыттуу атырларды жөнөтүшөт. Кечинде болсо өзүлөрү машина менен алып кетишет. Айтор, аялдарын алаканына бөпөлөп карагандарга көп эле жолу өз көзүм менен күбө болдум.

Мындан бир жума мурун эле бир кардарым келди. “Хани, бүгүн менин тоюм. Өтө маанилүү күн”,- деди ал. Мен: «Кайсы тоюңуз? Сиз 55 жаштасыз го”,- деп айтып ийипмин. Ал күлүп: «Ооба, биздин үйлөнгөнүбүзгө 30 жыл толду. Бүгүн 30 жылдык тоюбузду белгилейбиз. Мен өзүмдү сага ишенип тапшырдым, өзгөчө сулуу болушум керек бүгүн”, - деди кубанычы койнуна батпай. Аңгыча кучак толо гүл келди. 55 жаштагы кардарымдын жолдошу атайын жубайына берип жибериптир. Бул түгөйлөрдүн бири-бирине, өзгөчө жолдошунун аялына болгон камкордугу, сүйүүсү, албетте, мени суктандырбай койгон жок. Айтмакчы, Оманда мамлекет тарабынан 4 аял алууга уруксат берилген. Бирок көп аял алган эркектер өтө чанда экенин уктум. Көбү 1 аял алып, аларды колдорунан келишинче бактылуу кылууга аракет кылышат. Омандык араб аялдарынын да көңүлүнө жагыш оңой-олтоң иш эмес. Өзүлөрүн тизменин башына койгон, өзүлөрүнө өзгөчө кам көргөн омандык араб аялдарынын талаптары да жогору экендигин баамдадым.

Сыртта баары бирдей, үйдө өтө сулуу

Кам көрүү демекчи, омандык айымдар бул жаатта өтө дыкаттык менен мамиле кылышат. Алар үчүн кийим-кече, аксессуар, косметика, жадагалса, линзасына дейре, сөзсүз, бири-бирине айкалышып, төп келишип турушу керек. Косметикалык каражаттарды тандоодо анын кайсы брендден экендигине чоң маани беришет. Айтор, өзүлөрүнөн акча аяшпарын байкадым.

Кандай гана косметикалык каражаттар болбосун алардын курамын окуп, изилдешет экен. Бизде болсо “кайсы фирма?”, “оригиналбы?” деп гана сурап коюшса, алар майда-чүйдөсүнө чейин кызыгышат, талаптары жогору. Мисалы, сулуулук салонуна барганда алар “боеочу щеткаңызды жуудуңузбу? Кайсы каражаттар менен тазаладыңыз?” деген суроолорго чейин бериши мүмкүн. Бул нерсе – нормалдуу көрүнүш.

Омандык араб аялдар сыртта баары бирдей эле кийинип жүрүшөт. Бош, узун кийимдер, баштарында жоолук. Бирок жалаң аялдардын чөйрөсүнө келгенде алар сырткы кийимдерин чечишсе, тааныбай калышың мүмкүн. Өтө сулуу болуп кулпуруп чыгышат.

1 жылга чукул убакыт аралыгында омандык аялдардан айымдар өзүлөрүн кантип сүйүшү керек экендигин жана бул аракет жолдошу менен болгон мамилеге кандай таасир тйигизерин аздыр-көптүр түшүндүм десем болот.

null

Эгер аял өзүнө жакса, ал сөзсүз башкаларга да жагат

Албетте, мен биздин кыргыз аялдарын омандыктардай “капризный” болууга үндөбөйм. Сөзүмдүн башында айткандай, алардын өзүлөрүнө болгон кам көрүүсү кайсы бир жерлерден аша чаап кетип жаткан болушу мүмкүн.

Айтайын дегеним, мен өзүлөрүн “маанисиз” сезип калган, тизменин эң аягына коюп койгон кыргыз аялдарына коңгуроо каккым келет. Кыргызстанда да бир топ жыл визажист болуп иштеп, ар кандай тагдырларга туш болгон аялзатын кезиктирдим. Алардын жүзүн эле боеп койбостон, ичиндеги көйгөйлөрүн, эч кимге айта албай жүргөн жүрөк сырларын уктум. Жумуштан жүрөгүм ооруп чыккан күндөр болду. Жолдошу сабаган, көңүлү калган, таштап кеткен тагдырларды айта берсе көп. Мына ушундай тагдырлардан басынган аялдар өзүлөрүнө болгон ишеничти жоготуп алышат. “Мен өзүмдү ыңгайсыз сезип жатам, өзүмө өзүм жакпай калдым, мага эч нерсе жарашпайт»- деген сөздөрдү көп угам. Айткым келгени: Жок, андай эмес. Сизге баары жарашат. Ал үчүн сиз алгач өзүңүздү жакшы көргөндү үйрөнүңүз. Эгер сиз өзүңүздү өзүңүз жакшы көрө албасаңыз, анда башкалар сизди кантип жакшы көрөт? Өзүн жакшы көргөн адам өзүн-өзү өстүрөт, билим алат, жалкоолук менен күрөшөт, күн сайын мыкты болууга аракеттенет.

Интернетке кирип, жылдыздардын эле жашоосун карап отура бербей, убакытысын сыйлайт, керексиз нерселерге убакыт коротпойт.

Эгер аял өзүнө жагып турса, анын көңүлү жайдары болуп, жылмайыңкы жүрөт. Муну көргөн жолдошу аны мурдагыдан да көбүрөөк жакшы көрүп баштайт. Натыйжада, үй-бүлө бактылуу, балдар да бактылуу.

null

Келиңиздер, бизди сүйүп, урматтаган адамдар көп болуусу үчүн биз алгач өзүбүзгө кам көрүп, сөздүн бардык маанисинде өзүбүзду урматтаганды үйрөнөлү. Ислам дининде аялдардын орду, укугу өтө жогору турат эмеспи. Биз өз баркыбызды билишибиз керек. Ал үчүн изденели, окуйлу, өсөлү. Коомдун өнүгүшүнө,бала тарбиялоодо биздин салымыбыз чоң экенин унутпайлы. Демек, ага азыртадан тарта даярданалы.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
19 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:19
Күндүн чыгуу
07:58
Бешим
12:47
Аср
15:54
Шам
17:41
Куптан
18:56
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов