Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Аз жерден Исламды 20 пенсага сатып ийе жаздадым"

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 10 сентябрь 2019

Англиянын чакан шаарларынын биринде имамдык кылган бир киши Лондондогу мечитке имамдык кылуу үчүн көчүп келет. Ал жаңы шаарда болгон ажайып бир окуя жөнүндө мындай дейт:

null

Лондондо үйүмдөн мечитке чейин автобус менен барар элем. Дайыма бир айдоочунун нөөмөтүнө кез келгендиктен күн сайын анын автобусунда кетчүмүн. Бир күнү адаттагыдай эле автобустун айдоочусуна жол киремди төлөп, ал мага ашкан акчаны кайтарып берди. Акчамды санап жатып, ал мага 20 пенс ашыкча бергенин билдим. “Ашыкча бергенин кайтаруум керек” деп ойлодум дароо. Анан кайра «ушул арзыбас кичинекей акчаны кайтарып жүрөмбү, эл көрсүнгө окшоп калбайт бекен» деген пикир мени эки анжы ойго салды. Ушул эки ача пикирдин ортосунда түшө турган бекетке келгенимди сезбей калыптырмын.

Автобус токтогондон соң, түшүп бара жатып, 20 пенсаны кайтарып берүүгө чечим кылып үлгүргөн болчумун.

"Сиз мага 20 пенс көбүрөөк берип койгон экенсиз”, - дедим акчаны айдоочуга берип жатып.

Тыйындарды алып жатканда айдоочунун жүзүндө жылмаюу байкалды:

“Сиз жаңы келген имам болсоңуз керек?”

Мен таң калганымды жашыра албай, “ооба” дегенсип башымды ийкедим. Ал андан ары сөзүн улантты:

“Билесизби, мен көптөн бери ислам дини жөнүндө изденип жүрөм. Мечитиңизге барып сиз менен маектешким келген. Мен атайылап сизге акчаны ашыгы менен кайтарып берген элем. Мусулман катары сиздин бул окуяга кандай мамиле кыларыңызды билгим келген”, - деп жылмайып койду.

Мен автобустан түшүп баратып, «ушул арзыбас тыйындарды кайтарып жүрөмбү?» деген оюмду эстегенимде, капысынан бутумдан күч кетип, алым тайып, бекеттеги орундукка араң олтурдум. “Эй Роббим! Исламды 20 пенсага сатып ийе жаздадым эээ!” деп бир четинен таң калып, экинчи жагынан акчаны кайтарып бергениме ыраазы болуп жаттым.

Маалымат булагы: muftiyat.kg



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
19 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:19
Күндүн чыгуу
07:58
Бешим
12:47
Аср
15:54
Шам
17:41
Куптан
18:56