Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кантип бир спортчу миңдеген кишинин исламды кабыл алышына себепчи болду?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 23 сентябрь 2019

1984-жыл. Америка. Дзюдо боюнча дүйнөлүк олимпиада болуп жаткан. Финалга эки киши чыкмак. Биринчиси - египеттик мусулман Мухаммад Али Ришван. Ал эми экинчи киши - япониялык Яшухиро Ямашито. Мурунку кармаш учурунда Ямашитонун оң бутунун булчуңдары олуттуу жаракат алган болчу. Бул анын басканынан эле байкалып турду. Ямашито килемге аксап басып чыкты. Көрүүчүлөр болсо жеңиш Мухаммад Али тарапта болоруна толук ишенип турушту.

null

Айыгышкан кармаш башталды. Мухаммад Алинин машыктыруучусу тынбастан “Оң бутунан чал! Оң бутунан чал!”-деп кыйкырып жатты. Мусулман Мухаммад Али кандай кылды деп ойлойсуз? Сиз ошол Мухаммад Алинин ордунда болсоңуз эмне кылмаксыз? Элестетип көрүңүз. Айыгышкан кармаш уланып жатты. Мухаммад Али машыктыруучусун, анан напсисин угуп Ямашитонун оң бутуна бир эле тийип койсо, Ямашито кулап калмак, натыйжада дүйнөнүн чемпиону болмок. Бирок Мухаммад Али андай кылган жок. Эч оң бутунан чалган жок. Жалаң гана Ямашитонун сол бутунан чапканга аракет кылып жатты. Атаандашынын майыптыгынан, алсыздыгынан пайдаланып кеткен жок! Ямашито да муну байкап турду. Мухаммад Али жалаң гана сол жактан чапканга аракет кылганы үчүн тактикалык жактан алдырып койду. Сол жактан чабам деп аткан кезде Мухаммад Али тең салмактуулугун жоготуп кулап калат. Натыйжада Ямашито Мухаммад Алини жеңип алды. Мухаммад Али дүйнөнүн чемпиону болбой калды!

Кармаштан кийин курчап турган журналисттердин таң калып сураган бир эле суроосу бар эле:

“Эмне үчүн Ямашитонун оң бутунан чалган жоксуз!”-деген.

Мухаммад Али болсо:

“Менин диним башка бирөөлөргө зыян берүүгө тыюу салат. Ансыз деле араң турган спортчуну мен бутунан чаап салсам балким майып да болуп калмак. Медаль үчүн ага мындай мамиле кылгым келген жок!”-деп чыныгы эркектин, чыныгы мусулмандын жообун берет.

Натыйжада, Мухаммад Алинин мындай мамилесине баары таң калып, аны алкышташат. Ошол жылы ага “Жылдын эң адептүү спортчусу” деген наам беришет.

Арадан көп өтпөй аны Японияга чакырышат. Мухаммад Алини кудум бир падышаны тосуп алгандай тосуп, сый мамиле көрсөтүшөт.

Окуянын кызык тарабы эми башталат. Ошол жылы миңдеген башка дин өкүлдөрү бул окуядан таасирленип Ислам динин кабыл кылышып, мусулман болушат. Мына. Бир аз напсиге жаккан иштен алыстады эле, натыйжасы болсо миңдеген кишинин мусулман болушуна себеп болду.

Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун): “Мен жакшы кулк-мүнөздү жайылтуу үчүн жиберилгемин”- деп айтат бир хадисинде. Дагы бир хадисинде “Дин бул - жакшы кулк-мүнөз”-деп насаат кылат. Ооба! Бул сөздөр жашообуздун эң негизги жол башчысы боло турган сөздөр.

Чындыгында, тил менен айтылган насыйкатка караганда, абал менен, кыймыл аракет менен айтылган насыйкат алда канча жогору да, таасирдүү да. Эми биз, азыркы күндүн мусулмандары, өзүбүзгө бир суроо берип көрөлү. “Эй мен! Жүрүш турушуман, мамилемден башкалар Исламды кандай таанып жатат? Мени көргөн башкалар: “Дин ушундай болсо, анда, кой кирбей эле коёлу мындай динге”, - деп качып кетишпей элеби?” Чынында, бул ар бирибизди ыйлата турган суроо. Коомдук жашоодо, коомдук социалдык тармактарда “баатыр” болгонубузду бир эстейли. Эстеп эле тим болбостон оңолууга аракет кылалы!

Чыныгы баатырдык бирөөнү жыгып койгондукта эмес. Чыныгы баатыр, спортсмен бул -напсисин жеңе алган адам!

Маалымат булагы: "Бейиш нуру"



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
13 декабрь 2019г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47