Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Франциянын атактуу илимпозу Морис Бюкай эмне үчүн Куранды изилдөөнү чечкен?

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 26 февраль 2020

Франциянын чебер хирургу, XX кылымдын илимпозу жана жазуучу Морис Бюкай тууралуу кулагыңыз чалды беле? Өзү католик чиркөөсүнүн билимдүү жолдоочуларынан болгон бул адамдын “Куран бул – Аллахтын сөзү. Мындай китепти адам жазуусу мүмкүн эмес. Мен бул жыйынтыкка илимий изилдөөмдүн соңунда келдим” деген ишенимдүү билдирүүсү Франциянын илимий жана диний чөйрөсүндө чоң талкуу жаратып, аны катуу сынга кабылткан.

null

Морис Бюкай университеттин медициналык факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, өз мезгилинин алдыңкы хирургдарынан эле. Ал илимий жолунда фараондордун мумияларын изилдөө жана калыбына келтирүү иштерине катышкан. Дал ушул ишмердүүлүгү анын бүтүндөй жашоосун жана илимий жолун астын-үстүн кылды.

Фараон Рамзес II нин жана Мурм Патахтын мумиясын изилдөө жана калыбына келтирүү процессинде Морис Бюкайды өзгөчө бул фараондордун өлүмүнүн себеби кызыктырган. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Мурм Патахтын деңизге чөгүп өлгөнүн далилдеген. Бюкайды мындан да таң калтырган жагдай – дал ушул фараондун денесинин башка мумиялардан алда канча жакшыраак сакталып калганы. Ал бул суроонун үстүнөн баш катырып, мындай көрүнүштү илимий ачылыш деп жүргөн кезде, анын ислам динин карманган тааныштарынын бири буга Куранда баардык жооптор камтылганын айткан.

Бюкай:

“Бул мүмкүн эмес. Мындай маалыматты билүү үчүн, сөзсүз, заманбап илимдин жана жогорку тактыктагы компьютердик технологиянын жардамы зарыл болчу”,
- деген ал.

Изилдөөнүн жыйынтыктары жана таанышы айткан Курандагы маалыматтар тууралуу ойлор Бюкайга тынчтык бербейт. “Бул чын эле Мусанын артынан сая түшкөн Фараондун денесиби?”,- деп өзүнө өзү суроо берген ал. Морис Бюкай бул окуядан соң мурунку кадимки жашоосуна кайта алган жок. Кийин ал Сауд Араб Падышачылыгына барып, медициналык конференцияга катышып, өзүнүн “ачылыштарын” айтып берет. Морис Бюкайга ошондо “Йунус” сүрөсүнүн 92-аятын окуп беришкен. Бул аяттарда мындай маани камтылган:

“Бүгүн биз кийинки муундарга үлгү болсун үчүн сенин денеңди (сактап) куткарабыз. Бирок көп элдер биздин аяттарыбыздан бейкапар”.

Ыйык Курандын саптары Морис Бюкайды айран-таң калтырат. Бул окуялардан соң ал Куран китебин өтө дыкаттык менен окуп, изилдөөсүн баштайт. Морис Бюкай Ыйык Курандагы “Акыл ээлери”, “Акыл жүгүртпөйсүңөрбү” деген, акылга кайрылган аяттарды окуп, Куранды илимий көз караш менен изилдөөнү чечкен. Ал илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу илимий конференцияларда докладдарын жасап турган. Ошентип, Франциянын Улуттук медициналык академиясынын дубалдарынан алгач ирет “Куран” деген сөз жаңырган.

Бюкай:

“Куран бул медицина тууралуу гана эмес, а астрономия, математика, биология жана башка илимдердин китеби”,
- деген.

Ал 10 жыл бою илимий далилдер менен Куран аяттарынын дал келүүчүлүгүн изилдеп, соңунда “Библия, Куран жана илим” деген китеп жазган. Батыш дүйнөсүндө бул китеп чоң талкууну жараткан. Бул китептин жарык көрүшү менен христиан дининин айрым өкүлдөрү: “Морис Бюкай өз дининен баш тартып исламды кабыл алды. Исламды христианчылыктан жакшы деп эсептейт” деген катуу сын-пикирлерин айтышкан.

Морис Бюкай журналисттерге берген маектеринин биринде мындай дейт:

“50 жашка келгенде “дүйнө”, “чындык” тууралуу ишенип жүргөн баалуулуктарыңда каталар бар экенин билип, моюнга алуу мен үчүн өтө кыйын болду. Эмне кыларымды билбей калдым. Куранды окуп көрөйүн дедим. Куранды ислам динин кабыл алып ийүү үчүн, эмес, максатсыз, жөн гана окуп көрүүнү чечтим".

Бюкай “Библия, Куран жана илим” аттуу китебинде ислам динин баалуулуктарын позитивдүү тараптан көрсөтүп, ислам менен илим бири-бирине шайкеш келерин жазган.

Жазуучу, активист, христиан дининин өкүлү, отец Микель Лилонг Бюкай тууралуу мындай деген:

“Ал катуу сын-пикирлерге кабылды. Бул сынчыл көз караштар ага карата адилетсиз эле. Морис руханий, коомдо тынчтык жана өз ара диалог курууга эрки күчтүү адам болчу. Мен өзгөчө анын ушул сапаттарын баалачумун. Бардык эле инноваторлордой Мористи да көпчүлүк түшүнө алган жок”.

Морис Бюкай өзүнө карата айтылган терс сын-пикирлерге мындай деп жооп берген:

“Менин көйгөйүм өтө жөнөкөй. Мен болгону чындыкты айткан элем”.

Морис Бюкайдын ислам динин кабыл алып-албаганына карата 2 түрдүү пикирлер айтылып жүрөт: бир тарап кабыл алган десе, экинчи тарап аны четке каккан.

Араб эмираттарында башкы инженер болуп иштеген Резал Хак бул тууралуу мындай дейт:

“Морис Бюкайдан “Ислам динин кабыл алдыңызбы?” деп сурашканда, ал мындай деп жооп берген:

“Мен бир жагдайды тактап өткүм келет. “Бисмиллях” деген сөздү билгениме чейин эле Кудайдын бир экендиги, Ал Чексиз Кудуреттүү экендигине ишенчүмүн. Кудай мени Куран китебин изилдөөгө алып келгенде менин ички дүйнөм ыйлап жатты. Куран бул Аллахтан акыркы пайгамбар Мухаммедге (САВ) түшүрүлгөн китеп экенин түшүндүм”.

Морис Бюкай Куранды өз алдынча окуу үчүн 50 жашында араб тили курсуна жазылып, аны ийгиликтүү аяктаган.

“Сабакта Куранды окуганда мен анын тили такыр башкача экенин түшүндүм. Куран тили заманбап араб тилинен айрымаланып турат. “Бакара” сүрөсүн окуганда бул тилди башка тил менен салыштыруу мүмкүн эмес экенине көзүм жетти”,
- деген ал.

Маалымат “Ummat – e- Nabi” official аттуу дүйнөдөгү эң чоң ислам блогунда жарыяланган документалдуу тасманын негизинде жазылды.

1 / 4



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
4 апрель 2020г.
Багымдат
5:01
Күндүн чыгуу
6:39
Бешим
13:05
Аср
17:36
Шам
19:35
Куптан
20:50
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Жаӊылыктар