Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кызыктуу окуя: Мен дуба кылган эмесмин

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 16 июнь 2020

Бир күнү ата-бала кайырмактарын көлдүн жээгине ыргытышып, мейманканага кайтышат. Бир сааттан кийин келип карашса, кайырмакка беш-алты балыктын түшүп калганын көрүшөт.

null

Бала:

- Мен балыктардын кайырмактарга илине турганын билгем, дейт.

- Кантип билгенсиң?

- Дуба кылганмын, ошон үчүн билгем.

Бул жоопко атасы ыраазы болот. Кайырмакка кайра курт сайышып, ыргыткандан кийин түшкү тамакты жеш үчүн кайра мейманканага кайтышты. Тамактан кийин көлгө келишти. Дагы бир нече балык түшүптүр.

Бала:

- Мындай болорун билгем, дейт.

- Кантип?

- Дуба кылгам.

Ата-уул кайырмакты кайра ыргытышып, мейманкага кайтышты. Жатардан мурун, көлгө барып, кайырмакты карашса, бир да балык түшпөптүр.

Бирок бала дагы:

- Мен кайырмакка балык түшпөй турганын билгем, дейт.

- Кантип?

- Анткени дуба кылган эмесмин.

- А эмнеге дуба кылган жоксуң?

Жооп абдан сонун эле:

- Кайырмакка жем тагууну унутуп калганымды эстеп, дуба кылганым жок.

Бул сонун окуядан дуба кылуу менен себеп- натыйжа экөөнүн мыкты байланышынын үлгүсүн көрө алабыз.

Себептерге баш ийүү, себептерди жасоо Аллах Тааланын мээрим казыналарынын каалгаларын тыкылдатуу болуп саналат.

Балык кармоо каалоосу – тил менен жүрөктүн дубасы, кайырмакка жем илүү – кыймыл аракеттин дубасы.

Даярдаган: Баткен казыятынын маалымат катчысы Авлиёев Фуркат



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
6 август 2020г.
Багымдат
4:05
Күндүн чыгуу
5:58
Бешим
13:08
Аср
18:10
Шам
20:21
Куптан
21:49
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов