21- кылымдын мыкты биографтарынын бири, америкалык жазуучу Майкл Харт “100 : тарыхтагы эң таасирдүү адамдардын рейтинги” аттуу китеп жазып, дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын ичинен 1-орунга пайгамбарыбыз Мухаммедди (САВ) койгон. Майкл Харт тарых барактарын кайрадан ачып, 28 жылдын ичинде аталган эмгегин жазып бүткөн. Аны менен бирге бул китептин үстүнөн бир нече тарыхчылар иштеген. Китеп дүйнө жүзүндө эң көп окулган бестселлерге айланды.
Майкл Харт (1932-2011)- америкалык жазуучу, астрофизик, электрондук китепти ойлоп табуучу жана “Гутенберг” долбоорунун негиздөөчүсү. Ал өзүнүн “100 : тарыхтагы эң таасирдүү адамдардын рейтинги” аттуу китебинде жалпысынан адамзат тарыхындагы таасири чоң жүз адамды тандап жазган. “Мухаммед пайгамбар диний жана диний эмес багытта эң жогорку ийгилик жарата алган тарыхтагы жалгыз адам”,- деп жүз адамдын ичинен сап башына пайгамбарыбыз Мухаммедди (САВ) койгон.
Майкл Харт бул китеби боюнча Лондондо лекция окуп жаткан маалда бир топ адамдар ага нааразычылыгын билдиришкен. Залда отургандар автор өзү христиан динин карманып туруп эмнеге мусулмандардын пайгамбарын 1-орунга жайгаштырып койгонун түшүндүрүп берүүсүн талап кылышкан.
Бул боюнча автор мындай деп жооп берген:
Белгилей кетсек, тарыхтагы эң таасирдүү 100 адамдын тизмесин аныктоодо Майкл Харт адамдарды салыштыруу, эң мыктыларын табуу үчүн 32 түрдүү параметр жана категорияларды иштеп чыгышкан. Ал биографиялык эмгекти атактуулардын популярдуулугуна эмес, алардын ишмердүүлүгүнүн келечек муунга жана алдыда болчу окуяларга тийгизген таасирин эске алуу менен жайгаштырган. Баса белгилеп кетчү нерсе, Харт бул китепке реалдуу адамдардын гана биографиясын киргизген. Ошондой эле, ал кайсы бир ишмердин тарыхтагы ордун гана эмес, кайсы тарыхый кыймыл учурунда жашаганын да эске алган.
Харт бул китебиндеги пайгамбарыбыз Мухаммедге (САВ) арналган бөлүмүндө төмөнкүлөрдү жазган:
Аравиянын түндүк чыгышында Сасаниддер, түндүк батышында болсо Византия мамлекети жайгашкан эле. Арабдар аскер жагынан алардан бир топ аз болчу. Ошого карабастан, жаңы ишенимдин деми менен арабдар бүт Месопотамияны, Сирияны жана Палестинаны багындырды. 642- жылы болсо, баш ийдирилген аймактардын катарына Египет дагы кошулду. Бирок, Абу Бакр жана Умарга окшогон Мухаммеддин жакын достору жана аны ээрчигендердин жеңиши муну менен токтогон жок. 711- жылы арабдар Түндүк Африканы багындырып, Атлантика океанына чейин жеткен. Кийин Гибралтар кысыгынан өтүп, вестготтук Испанияны баш ийдирген. Жадагалса, ошол учурда мусулмандар бүтүн Европаны багындырышы мүмкүн деген ойлор дагы болгон.
Ошентип, пайгамбарга ишеним көрсөткөн бедуиндерден куралган аскерлер Индиянын чек арасынан Атлант океанына чейин жеткен чалкыган империя курушат. Алар багындырган аймактарда гана эмес, анын сыртында да жаңы динге ишенгендердин саны күндөн-күнгө көбөйөт. Азыркы учурда Африкада, Борбордук Азияда жана Пакистанда, Түндүк Индияда, Индонезияда миллиондогон мусулмандар жашашат”,- деп баса белгилейт Майкл Харт.
Дагы окуңуз:
Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (САВ) тазалыгы жана сылыктыгы
Пайгамбарыбыз аялдарга кандай мамиле кылган?
Майкл Харт пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) тууралуу:
“100 : тарыхтагы эң таасирдүү адамдардын рейтинги” китеби басылып чыккандан кийин Каирдеги сыйлоо аземине катышкан Майкл Харт:
Аллахтын Элчисин (САВ) улуулугун башка диндин өкүлдөрүнүн дагы кабыл алышы- Пайгамбарыбыздын (САВ) чыныгы пайгамбарлык миссиясынын тууралыгынын бир далили. Биз болсо, бүгүнкү күндө, адамзат моралдык жана ахлактык жактан кулай турган чекке жетип, руханий караңгылыкты социалдык норма катары караган мезгилде жүрөгүбүзгө нур алып келген пайгамбарыбыз Мухаммедге (САВ) мурда болуп көрбөгөндөй муктаж абалдабыз.