Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Берке хан - исламды кабыл алган биринчи монгол башкаруучусу

Автору: кыргызчалаган - Сезим Сагынбекова / Жарыяланды: 13 октябрь 2020

Монголдор өз учурунда Аббасид халифатын басып алып, анын борбору Багдадды талкалап, мусулман дүйнөсүнө чоң зыян келтиришкен. Бирок, монгол башчыларынын арасында исламды кабыл алып, анын өнүгүшү үчүн чоң салым кошкон адамдар болгон. Алардын бири - Хан Берке болгондугун islamosfera.ru сайты mvslim.com сайтынын берген маалыматына таянып жазат.

null

Берке хан ким болгон?

Берке хан - 13-кылымда жашаган (туулган күнү тууралуу так маалымат жок), Монгол империясынын негиздөөчүсү болгон Чыңгыз хандын баласы Жучинин уулу. Жучинин төрөлүшү боюнча айрым келишпестиктер бар. Чыңгыз хандын аялы Бортени ал турмушка чыккандан көп өтпөй атаандаш уруу уурдап кеткен. Чынгыз хан аны куткарганга чейин бир нече ай туткунда калган. Тогуз айдан кийин Борте Жучини төрөйт. Бирок Жучи Чыңгыз хандын уулубу же туткунда аялдыкка алган кишинин уулубу деген бүдөмүк ойду калтырган.

Ошого карабастан, Чыңгыз хан Жучини өзүнүн уулу деп жарыялаган. Жучи тажрыйбалуу аскер башчы болуп, атасынын Орто Азияны басып алышына чоң салым кошкон. Жучинин төрт аялынан он төрт уулу жана эки кызы болгон. Чыңгыз хан империясын улустарга (акимдик-аймактык бирдик) бөлгөн. Аларды хандын көзү өткөндөн кийин анын уулдарынын бири башкармак. Бирок, Жучи Чыңгызхандан алты ай мурун көз жумат. Ошентип, Жучи башкара турган батыш хандыгы Жучинин тун уулу Батуга өткөн. Берке хан кийин бир тууган агасы Бату өлгөндөн кийин, "Алтын Ордо" деп белгилүү болгон хандыкты мурастап калган. Берке хан Алтын Ордону дээрлик өз алдынча башкарган. Мындан тышкары, ал исламды кабыл алган биринчи моңгол башкаруучусу болгон. Берке хан 1266-жылы көз жумган.

Берке хандын Ислам динин кабыл алуусу

Тарыхый маалыматтарга караганда, Берке хандын исламды кабыл алышына кербендеги окуя себеп болгон. Ал эми айрым булактар Берке хандын апасы Султан –хатун аттуу мусулман аял болгондуктан, ал Беркенин ислам динине кызыгуусун ачып, ага жакын болуп чоңоюусуна себеп болгондугун айтышат.

Берке хан азыркы Казакстандын батыш тарабындагы Сарайчик шаарында Бухарадан келе жаткан кербенге жолугат. Ал саякатчылардан алардын ишенимдери жөнүндө сурап, суфий шейхи Сайф ад-Дин Бохарзи жөнүндө угат. Берке ал шейхтин аркасы менен кээ бир моңголдор исламды кабыл алышкандыгын билчү.

Шейхтин замандаштары ал тууралуу суктануу менен мындай деп айтышкан:

“Ал илимде жана жакшы сыпаттарда толуп турган дарыя сыяктуу эле. Ал өткөндөрдүн жана кийинкилердин сыймыгы болуп, чоң сый-урматка ээ болгон. Шейхтин атагы мусулман жана мусулман эместерге чейин тараган. Анын аракетинин аркасында Орто Азияга илим тараган”.

Берке хан Суфий шейхине урмат-сыйынын белгиси катары “пайцзу” деп аталган ардак тактасынын аналогун белек катары жөнөтүп жиберген. Бул шейхти өзгөчө таасирлентет.

Шейх белекти көрүп чабармандан: "Бул эмне?",- деп сураганда, ал мындай деп жооп берет: "Бул Шейхтин колун узартып жана анын жанындагыларынын бардыгын коргойт". Шейх чабарманга: “Муну эшекке байлап, талаага жибер. Эгер ал аны чымындардан коргосо, анда мен аны кабыл алам. Эгер ал эшегин коргой албаса, анда ал мага эч кандай пайда алып келбейт” - дейт.

Ошентип, ал белекти кабыл албай коет. Чабарман кайтып келип, Берке ханга шейхтин айткандарын жеткирет. Ошондо Берке хан: "Мен ага өзүм барам!"- деп жөнөйт. Бухара шаарына келип, шейхтин эшигинин алдында үч күн күтөт. Шейхтин муриддеринин (шакирт) бири : “Ал - алыскы өлкөдөн келген улуу башкаруучу. Сиздин батаңызды сурап, сүйлөшүү үчүн келген. Ага кирүүгө уруксат берүүнүн эч кандай зыяны жок”- деп айтканда гана Берке ханга кирүүгө уруксат берет. Ал ага жолугуп, исламды кабыл алып, анан өз өлкөсүнө кайтат”.

Берке хандын ислам динин кабыл алышы менен анын жубайы жана аскерлери да ислам динин кабыл алышкан.

Чыгыш мамлекеттеринде Берке хан тууралуу мындай сөздөр жүрүп турган:

Берке хандын 30 миң аскери бар. Алардын бардыгы шариаттын өкүмдөрүн аткарышат, сөзсүз түрдө жума намазга катышышат жана шарап ичишпейт. Беркенин бай китепканасы бар. Ал аалымдарга чоң сый-урмат менен мамиле кылат. Хандыгында мечит жана мектептерди курган”.

Ошентип, Берке исламды кабыл алган биринчи монгол ханы катары тарыхта калды.

%article_title%
Бухарадан анча алыс эмес жердеги Фатхабаддагы шейх Сайф ад-Дин Бохарзинин мавзолейи/булак: ru.wikipedia.org

Хулагу менен согуш

Берке хандын жээни Хулагу Түндүк Персияны башкарып турган. Анын агасы Мунке Хулагуга Персиядан Египетке чейинки аймакты Монгол империясынын курамына киргизүү жөнүндө көрсөтмө берет. 1256-жылы Хулагу кеминде 100 000 кишиден турган армия менен жортуулга чыгат. Аскерлер исмаилиттердин тоолуу чептерине чейин барат. Бир жылдын ичинде исмаилиттер багынып берип, алардын лидери Рукн ад-Дин Куршах колго түшүрүп өлтүрүлөт. Андан кийин Хулагу Ирактын халифи Аль-Мустасимге кат жөнөтүп, монголдорго багынып берүүсүн талап кылат. Албетте, халиф андан баш тартат. Хулагу Иракка келип, халифти өзүнө баш ийдирүүнү чечет. Ирактын шииттери өз жамаатын анчейин сыйлабаган Халифаны колдобой коюшат. Натыйжада, Нажаф, Кербела жана Мосул сыяктуу шиит шаарлары монголдорго согушсуз багынып берүүгө аргасыз болушат. 1258-жылы январда Хулагунун аскерлери Багдадга келет. Моңголдор шаарды эки жуманын ичинде басып алышат. Бир айдан кийин халиф Аль-Мустасим өлүм жазасына тартылат. Даңазалуу илимпоздор жана сүрөтчүлөр жашап өткөн, алты кылымдан ашуун турган Багдад шаары тонолуп, өрттөлүп жок кылынат. Багдаддын көптөгөн жай тургундары өлтүрүлөт.

Бул кабар коңшу мусулман мамлекеттерине жеткенде, коркуудан улам эч кандай каршылык көрсөтпөстөн монголдорго багынып беришкен. Көп өтпөй Хулагу Сирияга аттанат. Берке Хан Багдаддын талкалангандыгы, мусулмандардын кыргынга учурагандыгы жана андан башка мусулман шаарларын дагы басып алгандыгын угат. Ал абдан ачууланып : “Хулагу мусулман шаарларынын баарын талап тоноду. Кудайдын жардамы менен, мен аны ушунча күнөөсүз жандын канын төккөндүгү үчүн жоопко тартам”,- деп өч алууга ант берет.

%article_title%
Хулагунун армиясынын Багдадды алуусу/ булак: ru.wikipedia.org

Хулагу Беркенин аскерлеринин басып киришинен коркуп, Сириядан Персия жакка бет алган. 1260-жылга чейин монголдор Сириянын көпчүлүк бөлүгүн басып алышып, андан кийин түштүк тарабындагы Палестинаны багынтышат. Алардын жеңилбес көрүнгөн армиясын египеттик мамлуктар токтотушкан. Мамлуктардын султаны Кутуз өзүнүн аскер башчыларынын бири Байбарсты Палестинага жөнөткөн. Мамлуктар монголдорду талкалап, ошону менен монголдордун мындан ары дагы аймагынын кеңейишине чекит коюшкан. Монголиянын кол башчысы туткунга алынып, өлүм жазасына тартылган. Мамлуктар көп өтпөй Палестина менен Сирияны басып алышкан.

Хулагу Палестинада өз аскерлеринин жеңилишинен өч алгысы келип, согушка даярданган. Бирок мамлуктар менен күрөшө алган эмес, анткени Берке хан Кавказ аймагындагы Хулагу империясына бир катар чабуулдарды жасап, Хулагунун көңүлүн өзүнө бурууга аргасыз кылган. Берке хан дагы эле Багдаддын талкаланышына ачууланып жаткан. Чабуулдар Берке менен Хулагунун ортосундагы ачык согушка алып келип, чыр-чатак ого бетер күчөй берген. Анткени алар азыркы Кытай менен Монголиянын аймагын камтыган чыгыш хандыкты көзөмөлдөө үчүн экөө эки башка талапкерди колдоп жатышкан. Хулагу өзүнүн бир тууганы Хубилайды колдосо, ал эми Берке хан Хулагунун башка бир тууганы Арикбокинин тарабында болгон. Бирок, акыры Арикбока Хубилайга баш ийген. Хулагу менен Берке хан согушта олуттуу жоготууларга учураган.

Арикбока чыгыш каганаттын ханы болуп калбаса дагы, Берке хан Хулагунун Египетти камтыган Жакынкы Чыгыш империясын басып алуу кыялын жок кылууга жетишкен. Хулагу 1265-жылы көз жумганда деле согуш жүрүп жаткан. Бир нече айдан кийин, 1266-жылы Берке хан да каза болот. Тирүү кезинде Хулагу Персияда өз бийлигин чыңдай алган. Анын династиясы болгон илханиддер Персияны 1335-жылга чейин башкарган. Кийин алар да ислам динин кабыл алышкан. Берке хандын ордуна анын жээни Менгу-Тимур Алтын Ордонун ханы болгон. Берке хандын Хулагу менен болгон чыр-чатагы Хулагуну мамлуктардан алаксытып, Хулагу империясынын андан ары кеңейишин токтотуп, мусулман жерлеринин дагы да талкаланышын алдын алып, башка мусулман шаарларын Багдаддагыдай тагдырдан сактап калган.

%article_title%
Берке менен Хулагунун аскерлеринин ортосундагы согуш/ булак: en.wikipedia.org



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Жаӊылыктар
Намаз убактылары
26 ноябрь 2020г.
Багымдат
06:26
Күндүн чыгуу
08:07
Бешим
12:49
Аср
15:49
Шам
17:36
Куптан
18:51
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов