Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Өтүк белеке алган окуучу кыздын таасирдүү окуясы

Жарыяланды: 25 ноябрь 2020

#Болгон_окуя

Судандын Нил штатындагы мектепте мугалимдердин бири окуучулардан экзамен алууну чечет. Мугалим окуучуларга эң мыкты натыйжа үчүн мотивация болсун деп жаңы бут кийим белекке берилишин айтат.

Балдар сүйүнүп, тырышчаактык менен жаза башташат.

Жарым сааттын ичинде баары өз иштерин тапшырышат жана дээрлик баары кемчиликсиз жооп жазышкан болот. Мугалим кубанып бардык окуучуларга мындай ажайып натыйжалары, аракеттери үчүн ыраазычылыгын билдирет... Бирок мугалим белекти кимге берүүнү ойлонуп калат.

Ошентсе да, ал татыктуу чечим табат... Адилеттүү болуш үчүн, ал ар биринен өзүнүн атын кагазга жазып, бүктөп, кутучанын ичине салууларын жана бул кутучадан мугалим бирөөсүн алып, аты чыккан окуучу чыныгы жеңүүчүгө айланышын жарыялайт.

Мугалим кутучанын ичинен бир кагазды чыгарып, окуучунун атын окуйт. "Вафаа Абдел Карим" .. Ал белектин ээси.

Кыз Вафаа мугалимдин жана бардык балдардын кол чабуулары астында көз жаштары менен алдыга кадам коёт.

Ал баарына ыраазычылыгын билдирип, мугалиминен өзүнө абдан керектүү болгон бул сонун белекти кабыл кылып алат.

Ал эски бут кийим кийүүдөн чарчаган, ата-энеси өтө жакыр болгондуктан, жаңы бут кийим сатып алып берише албаган.

Мугалим кубанып үйүнө кайтат ... жана бул окуяны күйөөсүнө ыйламсырап айтып берет.

Күйөөсү мындай окуяны аялынан укканынан аябай кубанат... Бирок көз жашынын себебин түшүнө албай, аялынан сурайт.

Кутуну ачып карасам, бардык окуучулар анын ысымын жазган экен. Ар бир кагаз барагында "Вафаа Абдул Карим" деген ысым бар эле. Балдардын баары анын абалын байкашкан эле жана бул кыздын пайдасына окуучулар белектен баш тартышкан.

Бул маалымат төмөнкү фейсбук баракчадан алынды:

Сулайман ажы

%article_title%



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
18 апрель 2021г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:16
Бешим
13:01
Аср
17:47
Шам
19:51
Куптан
21:06
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов