Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бактылуу үй-бүлө курууга негиз болгон сүйүүнүн 5 тили

Автору: Сезим Сагынбекова / Жарыяланды: 27 ноябрь 2020

Статистикага таянсак, былтыр өлкөбүздө 49,4 миң нике каттоого алынып, кайра 11 миң үй-бүлө расмий түрдө ажырашкан. Ал эми жалпы ажырашуулардын айынан 13,3 миң бала толук эмес үй бүлөдө жашоого аргасыз болгон.

Мындай көрүнүштөр үй-бүлөдө жубайлар өз ара тил табыша алышпай, бири- бирине сүйүү жана сый-урматты жоготкондуктарынан келип чыгарын психолог Гэри Чепмен “ Сүйүүнүн беш тили” аттуу китебинде айтып, бактылуу үй-бүлө курууга негиз болгон сүйүүнүн 5 тилин сунуштайт.

Бул материалыбызда сүйүү жана өз ара түшүнүшүү аркылуу бактылуу үй-бүлө куруудагы пайгамбарыбыздын ﷺ изги үлгүлөрүн жогорудагы аталган китеп менен айкалыштырып берүүнү чечтик.

%article_title%

Биринчи тил - жылуу сөз

Англис жазуучусу Марк Твен: “Мен бир жакшы комплимент аркасы менен эки ай бою энергияга ток жүрө алам”,- дейт. Чындыгында, сөздүн таасири күчтүү болгондуктан, "сөз сөөккө, таяк денеге жетет" деп дагы коюшат.

Психологдор үй- бүлөлүк жашоодо көбүнчө аялдарга күйөөсүнүн мээрими жетишпей, алар дайым комплимент угууга муктаж болушарынын айтып келишет. Ошондуктан, “Тамагың абдан даамдуу болуптур”, же “Көйнөгүң жакшы жарашыптыр” деген сыяктуу сөздөрдү айтуу жубайыңыздын көңүлүн көтөрүүгө жетиштүү.

Пайгамбарыбыз ﷺ куттуу хадистеринин биринде:

"Кимде-ким Алла Таалага жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда, жакшы нерселер тууралуу сүйлөсүн, болбосо, унчукпасын!"- дейт. (Бухари)

Жакшы сөз сүйүүнү күчөтөт, ортодогу талаш- тартышты жок кылат, күйөсүнө аялы баш ийе баштайт, ал эми эркек аялына мээрбан болуп берет жана ошондой эле балдарыбызга чоң тарбия, улгу болот.

Экинчиси – бирге убакыт өткөрүү

Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ бир күнү үч бөлүктөн турган. Биринчи бөлүгү адамдарга, экинчиси үй-бүлөгө, үчүнчү бөлүгү Аллага сыйынууга арналган.

Ал үй- бүлөсү, жубайы менен чогуу убакыт өткөргөндө экөө бир идиштен тамак жешип жана ал калтырган сууну ичип алчу. Жубайлары менен тамашалашып, бирге саякатка чыгышчу. Сапарга чыгуудан мурун чучу кулак таштап, аты чыккан жубайын өзү менен сапарга алып барчу жана сапарда ага өзгөчө көңүл бурчу.

Психологдордун айтымында, көптөгөн үй-бүлөлөр бири-бирине жетиштүү убакыт бөлбөгөндүктөн ажырашып кетишет. Күйөөсү баарын эч нерседен кем кылбай камсыздаганына карабастан, күйөөсүнүн үй- бүлөгө жетиштүү убакыт бөлбөгөнү үчүн нааразы болгон аялдар көп. Кантсе да, сүйүүнүн тили- жубайлардын бири- бирине аз да болсо убакыт бөлүүсү.

Үчүнчүсү – белек берүү

Пайгамбарыбыз ﷺ дагы бир хадисинде:

"Бири-бириңерге белектерди тартуулагыла, бул силердин ортоңордогу сүйүүнү бекемдейт жана жүрөктөгү жаман сезимдерди кетирет",- деген.

Адамдар белектерди алганды абдан жакшы көрүшөт. Бирок, үй-бүлөдө белек берүүгө көнбөгөн, жадакалса бул тууралуу ойлонбогон да адамдар бар.

АКШнын Саламаттыкты сактоо институтунун окумуштуулары белек берген жана алган адамдардын мээсинин активдүүлүгүн изилдешкен. Жыйынтыгында эки учурда тең мээнин активдүүлү жогору болгон. Белектин таасири узак убакытка чейин көтөрүңкү маанайды сактоого жардам берет. Мындай ачылыштар биологиялык жактан белек берүүгө жана алууга кызыкдар экенибизди көрсөтүп турат.

Белек берүү процесси - бул адамдардын ортосундагы терең жана жылуу мамилелерди түзүүгө жардам берген баарлашуу жолу.

Төртүнчүсү – жардамдашуу

Сахабалар Азирети Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын ﷺ үйдө болгондо эмне кылаарын сураганда, ал дагы башкалар сыяктуу эле, бардык үй жумуштарына жардам берерин айткан.

Пайгамбарыбыз ﷺ үйдө болгон убакытта өз жумуштарын өзү жасачу, кийим-кечектерин, бут кийимин өзү тазалап, иреттеп алчу, үй жумуштарында жубайларына жардам берчү.

Айша (Аллах андан ыраазы болсун):

“ Мухаммед ﷺ үйдө жардам берип жаткан убакыт аралыгында намаз убагы болуп калса, ал ﷺ намазга жөнөп кетчү»,- деп риваят кылат.

Негизги сүйүү тилин колдонгон адамдар жубайы жактырган нерсени жасоого аракет кылышат. Алар ага көмөктөшүп, жардам берүү менен жагууга, сүйүүсүн билдирүүгө аракет кылышат. Тамак жасоо, дасторкон жайуу, идиш жуу, таштанды чыгаруу, баланын жалаягын алмаштыруу мамилени жакшыртууга жакшы жардам берет.

Бешинчиси – физикалык жакындык

Үй-бүлөлүк жашоодогу эң маанилүү нерселердин бири - жубайлардын сүйүү мамилеси. Тилекке каршы, көптөгөн түгөйлөр интимдик мамилелерге жетиштүү көңүл бурушпайт. Египеттик психологдун айтымында, мусулман дүйнөсүндө көптөгөн үй-бүлөлүк көйгөйлөр ушул маданиятты билбегендиктен келип чыгат.

Буга байланыштуу пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ:

"Күйөөсү төшөккө чакырганда келүүдөн баш тарткан аял, таң атканча периштелердин каргышына калат",- деп айткан.

Мамилени жакшырткан да, бузган да физикалык байланыш. Кайсы бир адамга болгон сезимиңди физикалык жакындоо менен билдирүү "Мен сени сүйөм" деген сөзгө караганда кыйла натыйжалуу болот.

Мисалы, эгер жубайыңыз ыйлаганда же капаланганда аны кучактоодон артык эч нерсе жок. Мындай учурлар сүйүү сезимиңизди билдирүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
28 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:21
Күндүн чыгуу
6:56
Бешим
12:52
Аср
17:02
Шам
18:52
Куптан
20:24