Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жердин кичинекей жылдызчалары

Автору: Турдалиева Сабина / Жарыяланды: 22 июль 2015

Балалык — таанып билүүнүн, таттуу кыялдын, байоолуктун, жаркын жана чексиз укмуш окуяларга бай күндөрдүн убагы. Ушул мезгилде сезимталдык, жан дүйнөнүн тынчтыгы, өзүнүн кыялына ишенүү сезимдерине чыныгы жашоонун күңүрт күндөрү басып кирип, бир кезде балалык доорун басып өтүп, кыялдануу жөндөмдүүлүгүнөн ажыраган чоң адамдар, алардын дүйнөсүнө бүлүк салат.

Дүйнө таанымынын өзгөчөлүгү менен айырмаланган адамдар төрөлүп, тарыхтын жүрүшүн түп-тамырынан өзгөрткөн инсандар аз эмес. Алардын ой жүгүртүүсү башкача болгондуктан, адамдар аларды түшүнө алган эмес. Курчап турган коомунун шылдыңына карабастан, өз жолдорун улантып, жыйынтыгында, дүйнө элин суктандырган бийиктиктерди багынтышкан.

«Жердин кичинекей жылдызчалары» (же «Every child is special») тасмасы мага эстен кеткис таасир калтырды. Ар бир бала кайталангыс, жеке инсан, бактылуу болууга укуктуу, ал үчүн жакындары жардам бериши керек экендиги көрүүчүнүн аң-сезимине, жүрөгүнө жеткире берилген. Эгерде бизде анчалык мүмкүнчүлүк жок болсо, аны турган турпаты менен кабыл алып, сүйүү сезимине бөлөө зарыл. Анткени, балдар ар дайым сүйүүгө жана ишенимге муктаж.

Сегиз жаштагы Ишаан Авасти төрөлгөндөн тартып, башка балдардан айырмаланып турат. Башкалар жеңил эле аткарган нерселер, ага оордук жаратып, оңой менен ишке ашпайт. Дүйнө гана эмес, аны ата-энеси да түшүнө албайт. Кичинекей Ишаандын дүйнөсү, кокустан, өз түсүн жоготот.

Ата-энеси жана мектеп мугалимдери аны акылы начар өрчүгөн, зээнсиз деп эсептешет. Үй тапшырмаларын аткарбастан, туш келген жерге — балыктардын, иттердин, мышыктардын сүрөтүн тартып отурушу, эч кимди кызыктырбайт. Үйүндө аны ур-токмок, уруш менен тарбиялашса, мектепте болсо, үчүнчү класстан көчүрбөй калтырышат. Анткени, ал толук жазганды жана окуганды өздөштүргөн эмес. Ишаан дислексия оорусунан (окуу жана жазуу жөндөмдүүлүгүнөн ажырап, неврологиялык жабыркоо) жабыркайт. Ошондуктан тамгалар менен сандар анын сөөк өчтү душмандары. Өзүнүн оорусуна байланыштуу, бала аларды тааный албайт.

Билим берүү тутуму, коомдун ийгиликтүү, материалдык жактан камсыз өкүлдөрүн тарбиялоого багытталгандыктан, балага жардам берүүгө чама-чаркы жетпейт. Ишаан үчүнчү жолу экзаменден кулагандан кийин, атасы жазалоо иретинде, аны «тарбиясы татаал» балдардын жатак мектебине жеткирип салат. Жалгыздыктан жабыркаган бала, ата-энесине таарынып, ошол учур анын жүрөгүндө өмүр бою калат.

Ал мектепте бардык балдарга жаккан, Рам Шанкар Никумбх сүрөт сабагынан берет. Көп сүйлөбөгөн, кызыктай бала мугалимдин көңүлүн өзүнө бурдуруп, ошол адам каарманды түшүнө билип, анын келечек жашоосун өзгөртөт. Ал Ишаандын мектептеги сабактарга жетише албастыгы оорусу менен байланыштуу экенин жана ага өзгөчө мамиле керек экенин сезет. Ишаанды башка балдардан айырмалап турган өзгөчөлүгү — анын көркөм сүрөткө болгон шыгы. Башкалар айырмалай албаган жүздөгөн түстөрдү колдонуп, кайталангыс сүрөттөрдү жана образдарды жаратат.

Алгачкы мүнөттөрдө эле, кадрдагы сүрөт, көрүүчүнү өзүнө арбап, көңүл бурдурат. Автор жүрүп жаткан окуяны, жоголуунун чегинде турган, коргоосуз баланын көзү менен кароону сунуштайт. Чоң адамдар деле, жакындарынын колдоосу жок болсо, ушундай кырдаалга тушугуп, өздөрүн коргоосуз, алсыз сезишет. Эгерде курчап турган жоон топ адамдардын ичинен, сени түшүнгөн бир да адам болбосо, жалгыздык дал ошол. Мындай учурларда, өзүңө жана дараметиңе ишенүү гана, сени бул абалдан чыгара алат.

Бул бир гана баланын тагдыры эле эмес, биздин коомдун көйгөйү жөнүндөгү тасма. Билим берүү заманбап баалуулуктардын тутумун таңуулап, негизги максаты материалдык ийгиликке жетүү болуп саналат. Ал баланы жатоого, калыпка салынган тапшырмаларды аткарууга, жөнөкөй жоопторду табууга үйрөтүп, эң башкысы — инсан катары калыптануу, өзүн-өзү көрсөтүү жана гармониялуулук жөндөмдүүлүктөрүнөн куржалак калтырат. Заманбап тутум, жан дүйнө байлыгынан, сүйүүдөн жана мээримдүүлүктөн ажыратып, ички көрөңгөсү бай, кыялкеч балдарды, жашоонун ырахатын сезбеген, дүйнөнүн кооздугун көрө албаган, көзү көргөнү менен көкүрөгү сокур, сезимсиз, жансыз темир кишиге айлантууга даяр.

Мусулман үй-бүлөсүндө балдарды тарбиялоо, аларды түшүнө билип, туура жол көрсөтүү эң негизги милдеттерден. Ал мыкты билим берүү менен гана чектелбестен, баланын жашоону таанып билүүсүн, аң-сезимин өрчүтүүнү талап кылат. Тарбия-таалим интеллектуалдык, адеп-ахлактык жана диний чөйрөнү камтыйт. Балдар — ата-эненин кубанычы жана жашоонун кооздугу. Алардын бүгүнкү берекелүү турмушунан, коомдун эртеңки келечеги көз каранды. Эгерде жакшы сапаттарды калыптандырып тарбиялай албасак, өзү эле эмес, өзгөнүн дагы тагдырын талкалайт.

Тасманын айтайын деген ою, баланын ар бир ийгилигинин артында ата-эне же мугалим турат. Адамдын турмушундагы өзүнө ишенбөөчүлүк, алсыздык, жолу болбогондуктун баары барып эле, түшүнүүнүн, сүйүүнүн жана колдоонун жоктугуна такалат. Көпчүлүк учурда, күнүмдүк майда-барат нерселер менен алышып жатып, жакын адамдарыбызга көңүл буруп, аларды түшүнө албайбыз.

Акырында айтаарым, бул тасманы көрүүгө баардыгыңыздарды чакырам. Сунуш кылам десем да жаңылышпайм. Анткени, көрүп сабак алууга татыктуу!

Тасмадагы башкы каармандар: Даршил Сафари — Ишаан Авасти, Аамир Хан — Рам Шанхар Никумбх («Никумбх мырза»), Тиска Чопра — Майя Авасти (Ишаандын апасы), Випин Шарма — Нандкишор Авасти (Ишаандын атасы), Сачет Энжинир — Йохан Авасти (Ишаандын улуу агасы).

Тасма Индиянын кинематографиялык федерациясы тарабынан, чет тилдеги мыкты тасма катары Америка киноакадемиясынын («Оскар») сыйлыгына көрсөтүлгөн. Фильм номинациянын шорт-баракчасына кирбегени менен, массалык маалымат каражаттары жана кино сынчылары тарабынан кызуу талкууга алынып, индия тасмалары анын деңгээлине жетсе деген ойлорун билдиришкен.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
7 декабрь 2019г.
Багымдат
06:37
Күндүн чыгуу
08:18
Бешим
12:53
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47