Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Фотобаян: Дүйнө жүзүндө Рамазанга байланыштуу кандай салттар бар?

Автору: Марат кызы Ширин, Амангелди кызы Айдай / Сүрѳттѳр: Интернет / Жарыяланды: 19 апрель 2021

Рамазан айынын келишине байланыштуу дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын өздөрүнө гана тиешелүү болгон кызыктуу салттары бар. Маселен, йемендиктер орозо айында үйлөрүн боёшсо, Индонезияда биринчи ооз бекиткен күнү таң атканга чейин жамаат менен дуба кылышат. Төмөндө биздин фото-баяндан түрдүү улуттагы мусулмандардын ары кызыктуу жана ары суктанаарлык “Рамазан салттарын” көрө аласыздар.

1. Индонезияда биринчи ооз бекиткен күнү таң атканга чейин жамаат менен дуба кылышат. Ошондой эле, бул өлкө бизден айырмаланып ооз ачуу учурунда алгач таттууларды жешет. Кечки намаз окулуп бүткөндөн кийин гана негизги тамакка өтүшөт.

%article_title%

2. Араб өлкөлөрүндө Фатимилер доорунан бери келе жаткан “fanus” деп аталган орозо айынын чырактары бар. Орозо айдын көрүнүүсү менен башталгандыктан, көбүнчө жаш балдар колдоруна чырак алышып, түнкүсүн сыртка айды көргөнгө чыгышчу. Бул салт бүгүнкү күнгө чейин Египетте уланып келет.

null

3. Йемендиктердин орозо айында жасачу кызык салты бар. Алар орозо айында үйлөрүн боёшуп, бул аракетин “майрамга карата даярдануу/тазалануу” деп эсептешет.

%article_title%

4. Индия дагы орозо айын өзгөчө белгилегендердин катарында. Алсак, алар орозо айында атайын вермишель (ичке жана узун болгон камырдын бир түрү) жасашат.

%article_title%

5. Орозону өзгөчө белгилегендердин катарына Иордания дагы кирет. Орозо айында бул өлкөгө барсаңыз, кечкисин керемет көрүнүшкө күбө болосуз. Себеби орозо айы үчүн бардык көчөлөр атайын жарык менен кооздолот.

%article_title%

6. Иранда орозо айында карапайым калк өз ыктыярлары менен мечиттерди тазалоого жардам беришет. Ал эми Иран көчөлөрү болсо адаттагыдан өзгөчө болуп, атайын лампа жана гүлдөр менен кооздолот. Баса, бул өлкөдө “биринчи сухур” салты бар. Ага ылайык орозо кармоодон бир күн мурун баардыгы нан менен муздак котлета жешет.

%article_title%

7. Айрым мусулман өлкөлөрүндө Рамазан айында эркектер көздөрүнө сурма коюшат. Мисалы, Йеменде сурма коюу үчүн атайын кесипкөй сурма коюучулар мечиттин алдында күтүп турушат.

%article_title%

8. Египетте Рамазан айында жаш балдарга чырак сатып беришет. Ал чырактар орозо айында гана сатылат. Эң кызыгы, ооз бекитүүчүлөр уктап калбаш үчүн сухурга 2 саат калганда добулбастар кагылып, тургундарды ойготушат.

%article_title%

9. Ливанда муктаж болгондор үчүн ифтар уюштурулат. Ал эми көчөлөрдө болсо садака берүү, муктаждарга жана жетимдерге жардам көрсөтүүнү сунуш кылган афишалар илинет.

%article_title%

Ал эми Кыргызстанда Рамазан салтына “Жарамазан” айтууну кошсок болот. Ошондой эле, бул айда кайрымдуулук иштери көбөйөт. Мисалы, бул жылы "Умма" журналы демилгелеген “Рамазанда тамак-ашың менен бөлүш” аттуу акция жүрүп жатат. Сиз дагы бул кайрымдуулук ишине активдүү катышып, кыйын турмушта жашап жаткан мекендештерибиздин жүзүнө жылмаюу тартуулай аласыз.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов