Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Устуканга" 1 китеп, 400 орундуу кафеге батпаган эл... "Китеп той" жөнүндө 15 факт

Жарыяланды: 31 май 2021

“Той” дегенде көбүбүздө үйлөнүү той, бешик той, юбилейдик той деген сыяктуу иш-чаралар эсибизге келет. Соңку 2 жылдан бери Кыргызстандын активдүү жана алдыңкы саптагы жаштары элдин аң-сезимине төңкөрүш жасап, 500-600 орундуу “Китеп тойго” чакыра башташты. Мындай караганда, “китеп” менен “тойдун” бири-бирине анча байланышы жоктой сезилет. Ал эми тереңирээк көз караш менен ой жүгүртө турган болсок, накта кызыктуу жана пайдалуу той дал ушул китеп той экенин билебиз. Болгондо да бул – ашказандын эмес, башказандын, жүрөктүн жана рухтун тою. Биз сиздерге “Китеп той” тууралуу кызыктуу фактыларды чогулттук.

%article_title%

1- Аныктамасы. Китеп той – интеллектуалдык – маданий кече. Максаты – шаар, регион жана алыскы аймактарда китеп жетишсиздигин чечүү, китепкана ишин жандандыруу, Кыргызстанда китеп окууну даңазалоо, билимге инвестиция жасоо.

2- “Китеп Тойдун” уюштуруучулары – Кыргызстандагы активдүү жаштардын тобунан түзүлгөн эң ири долбоорлордун бири саналган “Бир адамдан бир китеп” @bir_adam_bir_kitep_official долбоорунун жалпы жамааты. Бул иштин башында Бакай Акылбеков @bakai__akylbekov менен Эрлан Смайыл уулу @erlan_smaiyluulu турат.

%article_title%

3- “Китеп той” алгач ирет 2019- жылы Бишкек шаарында өтүп, 3 ирет уюштурулган, андан соң Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында, жакында эле Нарында өттү.

4- Китеп Той өткөрүү идеясы кандайча өттү? 2019-жылы түзүлгөн “Бир адамдан бир китеп долбоору” 2 жыл аралыгында Кыргызстан боюнча 200дөн ашуун китепкананы ыктыярчылардын талыкпаган аракетинин натыйжасында акысыз жаңылап, 2019-жылы эле өлкөгө 28 миллион 500 миң сомдук билим инвестициясын жасашкан. Бир жагынан китеп жетишсиздиги көйгөйү акырындан чечилип келе жатса, экинчи жагынан элдерди китеп окууга кызыктыруу тапшырмасы турган эле. Мындан улам, аталган долбоордун уюштуруучулары китеп окууну даңазалоо иретинде Китеп той өткөрүүнү чечишкен.

%article_title%

5- Китеп тойго кимдер келет? Уюштуруучулардын айтымында, мындай тойго 70 пайыз жаштар келет. “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун жетекчиси Эрлан Смайыл уулу билдиргендей, Китеп Тойго 500 дөн кем эмес киши келет. “Адатта чоң кафе, ресторандар 300-400 орундуу болот экен. Биз дагы ушул санга ылайыктап уюштурсак, каалоочулар өтө эле көп болуп кетип, 500 дөн кем эмес болуп, Кудайга шүгүр, аншлаг менен өтүп жатат. Ошто 650гө чейин келген адам болгон.

6- Китеп той эмнеге мынчалык популярдуу болуп кетти? Жарнама күчтүүбү? “Жок, андай чоң жарнама деле берген жерибиз жок. Болгону мындай иш-чараларга элибиз өтө муктаж экен. Облус, региондордо руханий, интеллектуалдык маалыматтарга суусаган эл көп экен. Ашказандан да башказан менен рухказан ачка болуп туруптур”,- Эрлан Смайыл уулу.

7- Китеп той кандай жерлерде өтөт? “Китеп тойду адатта ресторан жана кафелерде өткөргөнү аракет кылып жатабыз. Баштагы идеябыз ушундай болчу. Анткени элге китеп, илим-билимге байланыштуу маалыматтар анча жетпей калат экен. Анткени баары эле театр, музей сыяктуу жерлерге бара беришпейт. Ал эми баары тойго кафе, ресторандарга келишет. Биз окурмандарды ушул жерден таап, ушул жерден кармайлы дедик. Ошондой эле, тойлордун форматын агартуу жаатына да бурууну кааладык”,- Эрлан Смайыл уулу.

%article_title%

8-Канча чыгым жумшалат? 1 Китеп Тойдун баасы 100 миң сомдун айланасын чапчыйт. Бул сумманын ичине өткөрүлүүчү жерди ижарага алуу жана келгендерге чакан фуршет даярдоо кирет. Ал эми тойго келгендер 300 сом кошумча (билет баасы- 300сом) менен келип, чыгым жабылат.

9- Китеп Тойдун дагы кандай жөрөлгөлөрү бар? Тойго келгендер белек катары өздүк китепканасынан 1ден китеп ала келишет. Тойдон чогулган китептер кайрадан эле Кыргызстандын алыскы аймактарындагы китепканаларга бөлүштүрүп берилет. Ошондой эле, тойдо китеп жарманкеси да уюштурулуп, коноктор өздөрүнө “устукан” кылып китеп сатып алышса болот.

10- Адатта тойго ырчы, чоорчулар, маданият кызматкерлери чакырылат эмеспи. Ал эми Китеп Тоюна интеллигенция өкүлдөрү, акын, жазуучулар, манасчылар, илим-билимдин адамдары ардактуу конок болушат.

11- Китеп Той 3-5 саатка созулуп, анын программасын төкмө акындардын айтыштары, поэзия мүнөттөрү, насаат сабактары, сахналаштырылган көрүнүштөр түзөт.

%article_title%

12- Китеп Той- элдерди окууга, китепке кызыгууга үндөйт. Мындай иш-чаралардын аркасында облустарда китеп окуу боюнча рекорд койгон жаштар бар. Маселен, 1 жылда 200гө чукул китеп окуган сүйүүчүлөр бар.

13- Китеп Той – кыргыз тилинин, кыргыз адабиятынын, кыргыз тилиндеги китептердин даңазаланышына эң мыкты аянтча болуп келүүдө.

14- Китеп Той – Кыргызстандын чыгаан жаштарынын башын бириктирген, региондордун ортосундагы ынтымакты бекемдеген долбоор.

15- Кийинки Китеп Той 18-июнда Талас шаарында өтөт.

%article_title%



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43