Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, бүгүнкүнүн Дүйшөнү Гапыр Мадаминов менен чоң форматта маек курдук. Анда айтылган асыл ойлорду тематикалык бөлүктөргө бөлүп чыгарып турабыз.
1- Сырткы келбетти операция, косметикалык жол менен оңдоп алса болот экен. Ал эми жан дүйнөнүн сулуулугун эмне кылабыз? Аны операция менен оңдоп болбойт. Ал жылдап чогултулган руханий байлык менен гана көркүнө чыгат.
2- Сулуулук чачтын желбирегендигинде эмес, сулуулук ыйман менен билимдин жаркырагандыгында.
3- Андыктан, ички маданияттын, адамгерчиликтин, ыйман менен адептин сулуулугун даңазалайлы.
4- Мүмкүн ошондо Кудай берген келбетти операция жолу менен өзгөртүүнү каалагандар бир аз ойлонуп калышаттыр.
5- Мисалы, Курманжан Датканы алалы. Карасаңыздар, Курманжан Датканын сүйлөгөнү, баскан-турганы, келбети, сүрү өзүнчө эле сулуулуктун үлгүсү эмеспи.
6- Ал эркектердеги сулуулукту алсак...
Мисалы, Исхак Разаков. Анын портреттерин карасаңар, кандай өң-түс, сымбат көрүнүп турат. Ал кишиде жан дүйнө менен интеллектин байлыгы сонун айкалышкан.
7- Илим менен ыймандын өзүнүн нуру болот. Ал – башкача сулуулук. Ага эч бир косметика, хирургия жолу менен жете албайсың.