Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

40 жыл бою "Аль-Харам" мечитин тазалаган Ахмед Хан Кандалдын окуясы

Автору: кыргызчалаган: Кундуз Апышова / Сүрѳттѳр: интернет / Жарыяланды: 29 сентябрь 2021

1983-жылдын аягы. Ал кезде 23 жаштагы пакистандык Ахмед Хан Кандал өмүрүнүн кийинки 40 жылын Меккедеги “аль-Харам” мечитинде тазалык кызматкери болуп өткөрөрү оюна да келген эмес.

%article_title%

Башында Кандал ата-энесине жакын арада барып каларын айткан. Бирок Меккедеги кызматы аны ушунчалык шыктандыргандыктан, үйүнө кайтуудан баш тарткан. Жылдар көз ачып жумганча өтүп, ушул кезге чейин 61 жаштагы Кандал мечиттин тазалык иштерин жетектеп келет.

“Мындан 40 жыл мурун Сауд Арабиясына келгенден тарта, бул жерде өзүмдү үй-бүлөмдүн ичинде жүргөндөй сездим. “Аль-Харам" мечитине кызмат кылып, бул жерде намаз окуй алам. Өмүрүмдү Ыйык Каабанын жанында өткөрдүм. Мындай мүмкүнчүлүк Жараткан менен мамилеси өзгөчө болгон адамга берилет деп ойлойм. 40 жылдан бери ушул жумушту аркалап келе жатканыма бактылуумун”,
- дейт ал.

Ахмед Хан Кандал кийин сөөгү өмүрүнүн эң жакшы күндөрү өткөн Меккеде коюлушун кааларын баса белгилеп өттү.

“Улуу мечиттин бардык булуң-бурчунан сүйүүнү, бакытты, тынчтыкты, ырайымды, сабырды, ынтымакты табууга болот”,
- дейт ал.

Эске салсак, "аль-Харам" - жер жүзүнө биринчилерден болуп салынган мечит. "О, пайгамбарыбыз! Кайсы мечит жер жүзүндө биринчилерден болуп салынган?”, - деп сурашканда, ал: “Харам мечити (аль-Масжид аль-Харам)”, - деп жооп берген.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
5 декабрь 2021г.
Багымдат
06:35
Күндүн чыгуу
08:16
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48