Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Селсаяктыктан исламга чейинки жол. Динди кабыл алган Мусанын окуясы

Автору: Кундуз Апышова / Сүрѳттѳр: интернет / Жарыяланды: 1 ноябрь 2021

Англиядагы Питерборо шаарынын тургуну селсаяктык жашоодон кантип чыныгы мусулманга айлангандыгы жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу “islamnews.ru” сайты жазып чыкты.

%article_title%

Мусанын мурдагы аты – Майк Вуд болчу. Ал 5 жыл ичинде көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. 4 ай түрмөдө отуруп чыккандан кийин үйүнөн ажыраган. Төрт баланын атасы Вуд аялы менен ажырашып, көчөдө калган.

Эч нерсеси жок калган Вуд кыштын ызгаардуу ар бир түнү эртең ойгонбой калышы тууралуу ойлончу. Ал аракка берилип, баңгизатка көз каранды эле. Күндүз супермаркеттен кайыр сурачу, бирок көп өтпөй ал жактан да куулган. Кире бериштеги кайырчыдан кутулуу үчүн бир канча жолу полиция чакырышкан.

“Мен христиан болчумун. Бирок жашоомдо Исламды кабыл алдым”.

“Шаардын борборундагы мусулман айымдар мени тойгузушту, кийим-кече, акча беришти. Бул жамааттын адамдары абдан кең пейил жана мыкты инсандардан экен”, - дейт Вуд.

“Бул адамдар мени кайроо жашоого алып келишти. Алар мени менен жадагалса дин жөнүндө сүйлөшүшкөн жок. Болгону алардын иш-аракети, кылган жакшылыгы мени шыктандырды”.

“Тоңуп бараттым, өлөм го деп ойлодум. Жараткандан жардам сурадым. Ал мага жардам берди. Кайрымдуулук уюмунан мусулмандар келип, мени тойгузушту, жылуу кийим кийгизишти. Бул жакшылык менин жашоомду өзгөрттү. Ошол күнү мен Исламга алып барган нурду көрдүм”, - дейт ал.

Азыр Исламды кабыл алган 55 жаштагы Муса оор турмуштук кырдаалга кабылгандардын муниципалдык жатаканасында жашап жатат. Ичкиликсиз, баңгизатсыз жаңы жашоосун ишеним жана үмүт менен курууда.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
19 январь 2022г.
Багымдат
06:48
Күндүн чыгуу
08:28
Бешим
13:12
Аср
16:15
Шам
18:02
Куптан
19:17