Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ар түнү муктаждарга нан таркаткан 68 жаштагы марокколук мусулман

Автору: Кундуз Апышова / Сүрѳттѳр: интернет / Жарыяланды: 11 ноябрь 2021

Белгиянын борборунда жашаган 68 жаштагы марокколук Ахмад бин Абдуррахман өз унаасы менен муктаждарга түндө нан таркатат.

%article_title%

Ошондой эле мейманканасында үй-жайсыз жарандардын баш калкалоосун камсыздайт. 27 жылдан бери бул мусулман Брюсселдин борборундагы туристтик Гран-Плас аянтына кеткен көчөлөрдүн биринде мейманкана иштетип келет.

Шаардагылардын көбү Ахмадды шайыр, энергиялуу мүнөзү үчүн жана кайрымдуулук иштери боюнча жакшы тааныйт.

Марокколук мусулман журналисттер менен болгон маегинде ал Ислам талап кылган нерсени аткарып жаткандыгын айтып өткөн.

“Мен кыйынчылыкка кабылган адамдарга кандайдыр бир жардам көрсөтө алгандыгым үчүн сыймыктанам. Мен гуманистмин, мен мусулманмын”, - дейт Ахмад.

Ал кечинде наабайканаларга барып, нан сатып алат. Андан соң аларды муктаж болгондорго жеткирет. Ахмад бин Абдуррахман күнүмдүк кайрымдуулук иштер өзүнө да жардам берерин, 68 жашта болсо да өзүн бир топ жаш сезерин белгилеп өткөн.

Сизде ушундай жакшылыктарды жасоо ниети барбы?



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
19 январь 2022г.
Багымдат
06:48
Күндүн чыгуу
08:28
Бешим
13:12
Аср
16:15
Шам
18:02
Куптан
19:17
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов