Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

67 жаштагы көзү азиз эне Куранды толук жаттап, хафиза болду

Автору: кыргызчалаган: Кундуз Апышова / Сүрѳттѳр: интернет / Жарыяланды: 6 декабрь 2021

Хатижа Жан майыптыгына карабастан, Куран жаттоо үчүн 13 жыл талыкпай эмгектенген. Бул тууралуу “islamnews.ru” сайты жазып чыкты.

%article_title%

Түркиянын Бурдур провинциясынын муфтийи Энвер Түркмен Хатижага экзаменден ийгиликтүү өткөндүгүн жана Куранды арабча жаттаганын тастыктаган “Хафиз” сертификатын тапшырды.

Жан бала кезиндеги оорудан улам көзү көрбөй калган. Ал Куран жаттоону чечип, Анталияда өткөн курстарда Брайль алфавитин (азиздердин жазуу жана окуусуна ылайыкталган шрифт) үйрөнгөн. 67 жаштагы апа теледен жана радиодон Куран укканды жакшы көрчү жана ушул сүйүү анын хафиза болушуна себеп болгон.

“Мен 2002-жылы хафиздик окуумду баштаганда 47 жашта болчумун. Илим алып жүргөн маалда ата-энемден, агамдан ажырадым. Окуу процесси үзгүлтүккө учурап калбашы үчүн агам алардын каза болгондугун кабарлаган жок. Мындан улам ата-энемди акыркы сапарга узатуу зыйнатына да бара албадым. Начар көрүүм мени эч качан капаланткан эмес. Куранга болгон сүйүүм бардык тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берди. Куран нуру – менин көзүм, менин көз карашым”
, - дейт мусулман эне.

Хатижа Жандын окуясы бизге эч бир кыйынчылыкка сынып, кол куушуруп отурбастан аракеттенүү керек экендигин далилдеди.



Намаз убактылары
21 сентябрь 2023г.
Багымдат
5:13
Күндүн чыгуу
6:48
Бешим
12:55
Аср
17:12
Шам
19:05
Куптан
20:37
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов