Президент Садыр Жапаров быйылкы окуу жылынын жыйынтыгы менен окууда ийгилик жараткан 80 студентке президенттик стипендия тапшырган. Мына ошол “Үмүт” стипендиясына татыган алдыңкы студенттердин арасында жоолук салынган Ай-Данек, Гульчехра, Арууке аттуу үлгүлүү кыздар да бар.
1) Кулдашева Гульчехра Абдугапаровна – БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун англис тили адистигинин студенти;
2) Момунбекова Ай-Данек Момунбековна – Кыргыз улуттук университетинин Мамлекеттик жана башкаруу факультетинин студенти;
3) Тазабекова Арууке Тазабековна – Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин студенти;
“11-декабрда байланышка чыгып Президенттик “Үмүт” стипендиясынын ээси болгонумду айтышты. Аябай сүйүндүм. Себеби бул стипендияга татыктуу болуу үчүн 4 жылдан бери үзгүлтүксүз аракет кылдым. Стипендияны тапшыруу аземинде толкундануу, сыймыктануу сезимдери болду.
Жараткан берем десе бардыгын бир күндө берет экен. Бирок ал үчүн мээнет, тынбаган аракет, эмгек талап кыларын дал ушул “Үмүт” стипендиясы айгинеледи”, - дейт президенттик стипендиянын ээси Ай-Данек Момунбеков.