Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Дүйнөдөгү эң кооз мечиттер

Автору: Кундуз Апышова / Сүрѳттѳр: интернет / Жарыяланды: 4 январь 2022

Аль-Харам мечити (Мекке)

%article_title%

Дүйнөдөгү эң чоң жана байыркы мечит. Аль-Харам мечити – мусулмандын кыбыласы жана ар бир мусулман үчүн ажыга баруу парз болгон жер. Бул мечитте Адам, Ибрагим, Исмаил жана Мухаммед ﷺ пайгамбарлар намаз окушкан. Мечит Каабадан, Макам аль-Ибрагимден жана Зам-зам булагынан турат. Жалпы аянты 400 миң чарчы метр. Анда 1,1 млн адам намаз окуса болот. Ажылык сапары учурунда бул мечитте намаз окугандардын саны 4 миллионго чейин жетет.

Ан-Набави мечити (Медина)

%article_title%

Пайгамбардын мечити Медина шаарында жайгашкан. 622-жылы Мухаммед пайгамбарыбыз ﷺ көзү тирүүсүндө салынган. Мечит кийинчерээк азирети Умар жана Усман тарабынан бир нече ирет оңдолуп, кеңейтилген. Мечиттин эски бөлүгүнүн үстүнө жашыл купол орнотулган. Аянты 235 миң чарчы метр жана 1 миллион адам бир убакта намаз окуса болот.

Аль-Акса мечити (Иерусалим)

%article_title%

Аль-Акса – мусулмандардын биринчи кыбыласы. Аллахтан кабар келгенге чейин мусулмандар 16-17 ай бою бул мечитти карай түздөнүп намаз окушкан. Аль-Акса мечитинде пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ миражга көтөрүлгөн. Ислам дүйнөсүндө Аль-Акса мечити – Аль-Харам жана Ан-Набави мечитинен кийинки ыйык, кымбат саналган жер.

Султан Ахмет мечити (Стамбул)

%article_title%

Мечит 1609-1616-жылдар аралыгында Aхмед Iнин буйругу менен курулган. Ошондуктан мечит учурда султандын ысымын алып жүрөт. Бирок кийин европалыктар тарабынан Көк мечит деген атка конгон. Анткени мечит жасалгаларында көк жана ак менен боёлгон изник керамикалары колдонулган. Стамбулдагы мечиттин жарым куполу жана чоң купол ичи да көк оймо-чиймелер менен кооздолгон. Бул деталдардын айкалышы жана 260 терезеден келген жарыктын таасири менен мечит интерьери көпкөк болуп көрүнөт.

Жума мечити (Нью-Дели)

%article_title%

Индиядагы бул мечиттин курулушуна легендарлуу Таж-Махалдын куруучусу Шах Жахан салым кошкон. Мечиттин курулушу 1644-жылы башталып, 1658-жылы аяктаган. Мечит үч аркалуу кире бериши, төрт бурчтук мунарасы жана кырк метрлик эки мунарасы менен айырмаланат. Имарат ак мрамор жана кызыл кум таштан жасалган. Жума мечити абдан чоң келип, ичине 25 миң адамды батыра алат.

Шейх Зайд мечити (Абу-Даби)

%article_title%

Мечит Бириккен Араб Эмирлигинин алгачкы жетекчиси Зайд ибн Султан Нахаяндын ысымынан аталган. Кээ бирлер Ак мечит деп да айтып жүрөт. Курулуш иштери 1996-жылы башталып, 12 жылга созулган. Мечитте 40 миң адам намаз окуй алат. Бул жайда салынган килемди миң киши бир жылда токуп бүткөн. Имараттын сырты мрамор менен кооздолуп, күндүзү ак жана алтын түстө болсо, кечинде башкача өңгө кубулуп турат. Жалпы аянты 22 миң чарчы метрди түзөт.

Кызгылт мечит (Филиппин)

%article_title%

Ачык түстөгү фасад жана дубалдар. Айланадан кызгылт түстөгү мечитти табуу оңой, анткени ал бардыгынан өзгөчөлөнүп турат. Мечит Исламдагы сүйүүнүн жана тынчтыктын символу катары кызгылт түскө боёлгон деп эсептелинет.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
16 май 2022г.
Багымдат
3:36
Күндүн чыгуу
5:37
Бешим
12:58
Аср
18:08
Шам
20:23
Куптан
21:57