Учурда Камерунда футбол боюнча Африка элдеринин кубогу өтүп жатат. Ал арада жергиликтүү бакшы сенегалдык капитан Садио Мане турнирге катышса, жүрөгү кармап өлөрү тууралуу маалыматтарды тараткан.
Бирок такыбаа мусулман Мане бардык тирүү жан Аллахка гана таандык экендигин айтып, турнирге катышууда.
“Мен өлүм бир гана Аллахтын колунда деген ишеним менен чоңойгом, албетте, матчка катыша берем”
, - деген Ливерпуль жылдызы.
“Эгер мен оюн талаасында жүрөгүм кармап, өлүп калсам, Аллахтын буйругуна жетүү үчүн сыйкырчы жөн гана каражат болуп берет. Анын коркутууларына алданбагыла”
, -дейт футболист.
Мане жетектеген “Терранга арстандары” дүйшөмбүдө Зимбабвени 1:0 эсебинде утуп, турнирди жеңиш менен баштады.
29 жаштагы Ливерпуль чабуулчусу Садио Мане чет элдик басылмаларга берген мурдагы интервьюларында буларга токтолгон:
“Мен эч качан спирт ичимдиктерине жакындабайм. Мен үчүн дин абдан маанилүү. Ислам өкүмдөрүнө сый-урмат менен мамиле жасайм, беш убак намаз окуйм”.
Мындан тышкары, мусулман футболчу муктаждарга материалдык жардам көрсөтүп келгендиги менен белгилүү.
Башка макалалар