Берилген мышыктын көңүл ооруткан окуясы социалдык тармактын колдонуучуларын жашытты. Бул мышык эки айдан бери кайтыш болгон кожоюнунун мүрзөсүнүн жанынан жылбай келет.
Хатикодон кем калбаган мышык Сербиянын мурдагы муфтийи Маумер Зукорличке таандык. Ал 2021-жылы, 6-ноябрда жүрөк оорусунан кайтыш болгон. Зукорлич Сербия жана Балкан өлкөлөрүндөгү мусулман коомчулугунда белгилүү инсан эле. Маркумдун жакындарынын айтымында, муфтий жаныбарларды абдан жакшы көргөн.
“Мышыкты үйгө алып кетүүгө аракет кылышкан, бирок ал кайрадан ээсинин көрүстөнүнө качып кетип жатат”, - деп жазылат маалыматта.
Башка макалалар